Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК + ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын октябрь айындагы №2 чыгарылышы

2314

Туура тамактануу ден соолуктун башаты

COVID-19 айыккандан кийин да организмди кайра калыбына келтирүүдө бир топ көйгөйлөрдү пайда кылып жаткандыгын адистер айтууда. Бат сакайып, адам кайра калыбына келүүсү үчүн туура тамактануунун мааниси зор. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, профессор Турсун Мамырбаева баяндайт.

ТАМАКТЫ ТҮРЛӨП ИЧҮҮ
Оорудан кийинки калыбына келтирүүдө туура тамактануу чоң мааниге ээ. Туура тамактануунун негизги жоболорунун бири бул: өз убагы менен тамактануу, башкача айтканда, эртең менен, түштө жана кечинде тамактануу, мындан тышкары 2 жолу шам-шум этүү. Ошондо күнүнө 5 жолу тамактануу керек.
Экинчи жобо – бул тамакты түрлөп ичүү. Биз бардык азыктарды 5 топко бөлөбүз. Биринчи топто дан азыктары жана картошка, экинчи топто – жер-жемиштер менен мөмө-жемиштер, үчүнчү топто – сүт жана сүттөн жасалган азыктар, төртүнчү топто – эттин бардык түрлөрү, буурчак, фасоль, чечевица, жаңгактар, бешинчи топто – кант жана кант кошулган башка таттуулар, бал менен майлар.
Тамакты түрлөп ичүүдө күнүмдүк тамак негизинен 4 топтогу тамактарды сөзсүз камтыш керек. Бешинчи топтогу тамактарды (кант, бал, майлар) колдон келишинче аз жеген туура. Ал эми жер-жемиштер менен мөмө-жемиштер өтө пайдалуу, себеби алар эң керектүү витаминдер менен микроэлементтерге бай. Буларды күнүнө 400-500 граммдан кем эмес жеген шартка ылайык.
Туура тамактануунун үчүнчү жобосу – бул тамакты туура даярдоо. Тамакты даярдоонун эң үнөмдүү жана пайдалуу түрү болуп бууга бышыруу эсептелет.
Мындан тышкары, туздуу тамактарды, газдалган суусундуктарды жана башка «зыяндуу» тамактарды чектөө жана башка жоболор бар. Бул тамактарды COVID-19 оорусунан кийин колдонууга тыюу салуу талапка ылайык.
Суу жана суюктуктарды көп ичүү керек. Өзүбүздүн улуттук суусундуктарыбызды ичүү өтө пайдалуу.

ӨТӨ МАЙЛУУ ЭТ ЖЕГЕНГЕ БОЛБОЙТ
COVID-19 оорусунан айыгып, өз калыбына келгенге аракет жасап жаткан жарандар жумасына 3-4 жолу эт, 1-2 жолу балык жесе пайдалуу. Кандай эт жеш керек деген суроону дагы көп беришет. Колдо бар этти жана кандай этке табити тартса, ошол этти жеш керек. Эң башкысы өтө майлуу этти жегенге болбойт. Колдон келсе «кара эти толук» жаш малдын этин жегенге аракет жасаган жакшы.
Мындай эт ашказан, ичеги, өт жана боорго күч келтирбейт. Жумуртканын белогу да, сарысы да көп пайдалуу заттарды камтыйт.
Жер-жемиштер менен мөмө-жемиштер өтө пайдалуу, себеби алар эң керектүү витаминдер менен микроэлементтерге бай. Ошол эле убакта биз тамакка колдонгон өсүмдүктөрдүн өң-түсү жана даамы ар кандай, демек алардын курамы да ар кандай. Күнүнө 400-500 граммдан кем эмес жер-жемиш жана мөмө-жемиштерди жеген шартка ылайык. Ушул 400-500 грамм үч түрдүү түстөгү жемиштер менен мөмө-жемиштерден туруш керек. Мисалы бүгүн кызыл (помидор), жашыл (бадыраң) жана сары (сабиз), эртең башка түрдөгү жемиштер: кызыл (клубника), жашыл (ашкөк) жана сары (ашкабак).

COVID-19ДАН КИЙИН ТАМАКТЫ КҮЧТӨП ИЧҮҮ КЕРЕКПИ?
Пандемия башталгандан кийин кандайдыр бир тамактарды жеп, же болбосо витаминдерди же башка дарыларды ичип иммунитетти көтөрүүгө мүмкүн эмес.
COVID-19 башка курч вирустук оорулардай эле жеңил, орточо жана оор түрүндө өтө турган оору. Оорунун орточо жана оор түрүндө көбүрөөк ар кандай көйгөйлөр болду. Мисалы, тамакка табити тартпай, тамактын даамын, жытын сезбей, көпчүлүк оорулар тамак жебей алсызданып кетишкен. Ошондуктан, бул оорудан айыгып, мурдагы калыбына келүүгө аракет жасап жаткан мезгилде чындап эле тамакты бир аз күчтөп ичүү абзел. Мисалы, 3 маал тамак ичип 2 жолу шам-шумга кошумча дагы бир жолу тамак ичүүнү кошуш керек. Эгерде тамак ичкенге табити тартпай турса бөлүпбөлүп, аз-аздан 5-6 же 6-7 маал ичсе да болот.

КОШ БОЙЛУУЛАРДЫН ТАМАКТАНУУСУ
Негизинен кош бойлуу айымдардын тамактануусу жогоруда айтылган жоболорго туура келиш керек. Өзгөчөлүгү кош бойлууларда экинчи жана үчүнчү триместрде тамактын баалуулугу 350 калорияга көбүрөөк болушу зарыл. 350 калория – бул, мисалы: бышырылган 2 жумуртка (310 калорий), же бир кесим сыр жана май сүйкөлгөн нан (310 калорий), же күрүчтөн жасалган 1 чыны ботко (200 грамм) – 260 калорий + 1 жумуртка (155 калорий).
Эстен чыгарбай турган нерсе – бул, кош бойлуу айымдар канчалык түрлөп жесе да, өзүнүн жана түйүлдүктүн темирге жана фолий кычкылына болгон муктаждыктарын канааттандыра алышпайт. Ошондуктан темир жана фолий кычкылын дарыканадан алып ичиши керек.

ЖАШ БАЛДАРДЫН ТАМАКТАНУУСУ
6 айга чейинки ымыркайларга энесинин сүтүнөн башка эч кандай кошумча тамак же суусундуктарды бериштин кереги жок. Эгерде энеси COVID-19 менен ооруп айыккан болсо, анын денесинде иштелип чыккан антителолор (вируска каршы күрөшө турган заттар) эне сүтү менен балага өтүп аны оорудан сактайт.

❮❮❮ ❯❯

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19

2 replies »

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.