Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК + ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын октябрь айындагы №2 чыгарылышы

2320

Өмүр үчүн маанилүү протоколдор

Пандемия мезгилинде COVID-19дy дарылоо боюнча протоколдор өмүр үчүн өтө маанилүү болгондугун тажрыйба көрсөттү. Бул жаңы вируска каршы күрөштүн жүрүшүндө протоколдор дарылоо тажрыйбаларынын негизинде жакшыртылып, учурда 4-клиникалык протокол даярдалгандыгы тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкары консультант-инфекционисти Айнура Кутманова баяндайт.

БИРИНЧИ ПРОТОКОЛ ДҮЙНӨЛҮК ТАЖРЫЙБАЛАРДЫН НЕГИЗИНДЕ ДАЯРДАЛДЫ
COVID-19ду дарылоо боюнча 2020-жылдын 20-мартында бекитилген биринчи протокол методикалык сунуштар түрүндө чыгарылып, анда маанилүү сунуштар белгиленген эмес болчу. Биринчи версияга биз COVID-19ду дарылоо боюнча кытай колдонмолорунан жана европалык тажрыйбадан алынган вируска каршы дары каражаттарын кошконбуз. Андан кийин колдонмонун экинчи версиясы кайра каралып ушул эле жылдын 5-апрелинде бекитилди. Экинчи вариантта вируска каршы дары каражаттарынын артыкчылыктары, тобокелчиликтери бааланды, бирок бул колдонмо аталган ооруну аныктоо, дарылоо жана кароо боюнча мурдагы эле сунуштарды камтыды.
Андан соң протоколдун экинчи версиясы кайра каралып, үчүнчү версия боюнча чоң иштер жасалды, анткени бул убакытта маалыматтар көбүрөөк келе баштаган, башкача айтканда генетикалык механизм боюнча толук маалымат алынды. Ошол үчүнчү версияны даярдап жаткан учурда ички органдардын тромбоздору өнүгүп жаткандыгы жөнүндө маалыматтар пайда боло баштады, ошентип биз дарылоого карата мамилелерди кайра карап чыктык. Колдонмонун ичинен вируска каршы дары каражаттарын алып салдык, анткени Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДСУ), биз колдонуп жаткан дары-дармектер, анын ичинде Лопинавир жана Ритонавир натыйжасыз экендигин жарыялады, биз дагы аны протоколдон чыгардык. Бирок патогенетикалык терапия кошулду, башкача айтканда антикоагулянттык терапия дайындалды, андан тышкары үчүнчү вариант кеңейтилип, коштогон оорулар камтылып, эндокринология, жүрөк-кан тамыр патологиялары, бөйрөк оорулары боюнча өзүнчө бөлүмдөр кошулду.

ҮЧҮНЧҮ ПРОТОКОЛГО COVID-19ДУ АМБУЛАТОРДУК ДЕҢГЭЭЛДЕ КАРОО ЖАНА ДАРЫЛОО КИРДИ
Ошондой эле үчүнчү версияга пандемия учурунда ымыркайларга кам көрүү медицина кызматкерлерине психологиялык жардам көрсөтүү боюнча бөлүмдөр киргизилип, дем алуу гимнастикасын камтыган калыбына келтирүү маселелери дагы камтылган болчу. Чоң адамдардагы жана балдардагы COVID-19ду аныктоо, дарылоодон баштап, курч респиратордук дистресс-синдром (КРДС), сепсистик шок сыяктуу оордошуулар боюнча өзүнчө протоколду камтыган жалпы 7 протокол болду. Үчүнчү версияда амбулатордук деңгээл үчүн сунуштар аныкталган эмес, ошондуктан июндун аягында жана июлдун башында COVID-19ду жана пневмония боюнча ооруга чалдыгуулар байкала баштаганда, COVID-19ду амбулатордук деңгээлде кароо жана дарылоо боюнча алгоритм шашылыш түрдө иштелип чыкты.


ТӨРТҮНЧҮ ПРОТОКОЛ САПАТ ЖАГЫНАН ЖАКШЫРДЫ
Вируска каршы эксперименталдык дары-дармектерге далилдер алиге чейин жок болгондуктан төртүнчү клиникалык протоколго киргизилген жок. Ага курч респиратордук дистресс-синдромдун (КРДС) оор абалдарын Дексаметазондун аз өлчөмдөрү менен дарылоо киргизилди. Бул вариантта Дексаметазонду качан дайындоо керектиги боюнча көрсөтмөлөрдү берүүгө аракеттендик.
Мындан тышкары дарылоо боюнча Интерлейкин-6 ингибиторун (тоцилизумаб) бейтаптын өмүр көрсөткүчтөрүнүн алкактарында гана, башкача айтканда бейтапка бул дарыны дайындоодон болгон пайда үстөмдүк кылган учурда, дарыгерлердин консилиумунун чечиминин негизинде жана бейтапка маалымат берүү менен дайындоо үчүн калтырылды. Мындан тышкары төртүнчү версияга коронавирус лабораториядан аныкталбаган учурда диагнозду у 07.2 менен формулировкалоо киргизилди, б.а. «COVID-19 инфекциясы» диагнозун клиникалык жана эпидемиологиялык маалыматтардын негизинде коюуга болот.
Бул протоколго ошондой эле кош бойлууларды, АИВ-инфекциясы, онкологиялык оорулар менен жапа чеккен бейтаптарды дарылоо боюнча өзүнчө бөлүм киргизилди. Калыбына келтирүү маселелери боюнча кеңири сунуштар, COVID-19дан ооруп айыккандан кийинки синдром жана бул кырдаалдагы дарылоо тактикасы катары өзүнчө бөлүмгө киргизилди. Сунуштар барган сайын кеңейтилип, толукталып жана жаңы маалыматтардын пайда болушу менен албетте сапаты боюнча жакшы жагына өзгөрүүдө. Жыйынтыгында биздин клиникалык колдонмого Норвегиядагы клиникалык фармакологдон жалпысынан жакшы баа берилгендигин белгилей кетким келет.


ОРГАНИЗМДИН КОРГООЧУ МЕХАНИЗМДЕРИ ЖӨНҮНДӨ КЫЗЫКТУУЛАР

Биздин денебиз – көптөгөн биологиялык процесстердин жана системалардын айкалышы. Чынын айтсак, алардын айрымдары бизге түшүнүктүү эмес. Алардын көпчүлүгү коргоочу механизмдердин топтому чоң. Дене жогорку деңгээлдеги нымдуулук менен кездешкенде, чөйрөнү сыйгалак катары сезет. Ошондуктан манжа учтарынын териси сыйгалак нерселерди кармоого ыўгайлуу болушу үчүн ушундай түргө өтөт.

ЫКТЫТУУ
Биз тамакты тезден жеп, чоң бөлүктөр менен жутуп же жөн гана ашыгы менен
жеп алсак, бул ашказан жана диафрагма аркылуу өткөн мээден чыккан тентиме нервдерди дүүлүктүрөт. Натыйжада ыктытуу келип чыгат.

ДЕНЕДЕ БҮДҮРЛӨРДҮН ПАЙДА БОЛУШУ. Денедеги бүдүрлөрдүн негизги милдети — денедеги тешикчелер аркылуу чыккан жылуулуктун санын азайтуу. Тагыраагы, организм биздин жылышыбыз үчүн бардык нерсени жасайт.

ЭСТӨӨ Биз негизинен чарчаган мээни сергитүү үчүн эстейбиз. Айрым окумуштуулардын айтымында, адам чарчаганда же курсагы ачканда эстейт. Ошондой эле агрессия же зеригүүнү билдирген эстөө да болот.

КӨЗ ЖАШ
Көздүн чел кабыгын кор- гоодон тышкары, көз жаш эмоционалдык коргонуу каражаты катары да кызмат аткарат. Окумуштуулар стресстик жагдайларда биздин дене адамды сезип турган оорулардан алаксытуу үчүн чыңалуунун жаңы булагын пайда кылат деп эсептешет.

ЧҮЧКҮРҮҮ.
Демейде мурун каналдарында аллергендер, микробдор, чаңдар жана башка дүүлүктүрүүчү заттар өтө көп болуп кеткенде чүчкүрөбүз. Бул биздин денебиздин «таштандыдан» арылуу ыкмасы.

УЙКУГА КИРИП БАРА ЖАТКАНДА ЧОЧУП КЕТҮҮ. Айталы дегенибиз, кээде уктап бара жатканда, кулап бара жаткандай сезим келип, чочуп ойгонобуз. Ушул учурда бардык булчуңдар катуу түйүлүп калат. Бул феномен уйкуга кирип баштаганда, биздин дем алуубуз түшүп, пульс төмөндөп жана булчуңдар шалдая түшөрүнүн натыйжасы. Биздин мээбиз бул аракеттерди өлүм сыяктуу кабыл алып, куткаруу аракетинде булчуңдардын карышуусу менен чочутат.

КЕРИЛҮҮ.
Биз ойлонбостон эле, алдыда күн бою күтүп турган физикалык жүктөргө денебизди даярдоо үчүн керилип алабыз. Керилүү булчуңдарды ысытып, кан айлануусун жакшыртат жана таң эртеден маанайыңызды көтөрөт.

ТЕРИНИН БЫРЫШУУСУ. Манжа учтарынын терисинин бырышуусунун мааниси чоң. Дене жогорку деңгээлдеги нымдуулук менен кездешкенде, чөйрөнү сыйгалак катары сезет. Ошондуктан манжа учтарынын териси сыйгалак нерселерди кармоого ыңгайлуу болушу үчүн ушундай түргө өтөт.

WWW.KABAR.KG

❮❮❮_❯❯

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19

2 replies »

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.