Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК + ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын октябрь айындагы №2 чыгарылышы

2315

АСЫЛ ИСМАИЛОВА:

Урматтуу айымдар ден соолугуңарга жоопкерчиликтүү мамиле жасагыла демекмин. Анткени дени сак аялдан дени сак бала төрөлөт.


Кош бойлууларга арналган «Мамина книжка» деп аталган китепченин түзүүчүсү, жогорку категориядагы дарыгер, гинеколог-эндокринолог Исмаилова Асыл Кожоналиевна менен аялдар арасында кездешчү оорулар женүнде маек курдук. Каарманыбыз пандемия мезгилинде Ат-Башыда, Чаткалда, Токтогулда «кызыл зонада» иштеп, кош бойлууларды карап, төрөт кабыл алган.

— Азыркы учурда аялдар арасында кайсы оору көп кездешет?
— Аялдар арасында аз кандуулук жана жатын моюнчасынын рагы көп кездешет. Учурда кош бойлуу аялдардын көбү аз кандуулук менен жапа чегет, бул көйгөй тууралуу көп жазылып, айтылып келе жатат. Ал эми жатын моюнчасынын рагы аялдар арасында көп кездешип, өтө олуттуу көйгөйгө айланууда. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бүткүл дүйнөлүк рак оорусуна каршы күрөшүү күнүндө аялдарды жатын моюнчасынын рагына текшерүү жүргүзүлүп, бир канча аялга кеп-кеңештер берилди.
Дүйнөлүк медицинада жасалып жаткан изилдөөлөр жатын моюнчасынын рагына организмде бардык онкологиялык типтеги 15 вирустун, адамдын папиллома вирустарынын узак убакытка чейин болушу себепчи болору аныкталды. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДСУ) сунуштары боюнча ар бир аял 2-3 жылда бир жолу сүртүндүнү (мазок) текшертип турушу керек. Өзгөчө жыныс өнөктөшүн алмаштырган аялзаты сөзсүз түрдө бул анализдерди тапшыруусу зарыл. Анткени мындай учурда онкотиптеги вирустарды жуктуруп алуу коркунучу бир кыйла жогорулайт.

-Жатын моюнчасынын рагы тууралуу айтып бериңизчи?

-Жатын моюнчасынын рагына дуушар болгон аялдардын жаш курагы боюнча белгилей кетсек, биринчи ооруга чалдыгуу баскычы 40-45, экинчи баскычы 60-64 жашты түзөт. Албетте эрте аныкталган учурларды дарылоонун натыйжасы ийгиликтүү болот. Эл аралык стандартка жана БДСУнун сунуштарына ылайык биздин аялдар үчүн жатын моюнчасынын рагынын алдын алууга ылайыкталган текшерүүнүн атайын планын иштеп чыктык. Ага ылайык жыныстык жашоо башталгандан кийин 3 жылдан кийин цитологияга сүртүндү тапшырылат. Айыз келерге 7-8 күн калганда флорага сүртүндү тапшырышат. Анткени дал ушул убакта лейкоциттин көрсөткүчү жогору болот. Бул кадыресе эле көрүнүш башкача айтканда физиология. Андан кийин онковирустардын бардык түрүнө анализ тапшырылат.

— Бул оорунун симптомдору кандай?

— Тилекке каршы, бул оорунун симптомдору билинбейт. Айыз келген учурдагыдай болуп кан аралаш суюктук келет. Көпчүлүк аялдар буга маани бербей жүрө берип, рак клеткаларын өөрчүтүп жиберет. Ошондуктан ар бир аял жылына бир жолу анализ тапшырып туруусу зарыл. Өнүккөн өлкөлөрдө аталган ооруга каршы атайын программанын негизинде 9 жаштан 26 жашка чейинки кыздарга вакцина жасашат. Ал эми бизде каражаттын жетишсиздигинен улам мындай прог- рамма жок. Эгерде аталган оору бар деп табылса, биз аны БДСУнун суну шуна ылайык дарылайбыз. Адегенде байкоо жүргүзөбүз. Негизи эле эрте аныкталган ооруну жеңип чыгуу оңой.

— Пандемия мезгилинде бойго бүтүүдөн сактануу керекпи?

— Негизи эле балалуу болууну пландоонун алдында бир сыйра текшерүүдөн өтүп, керектүү анализдерди тапшыруу керек. Сасык тумоого каршы вакцина сайдырып алдын алган туура. Ал эми COVID-19 жөнүндө айта турган болсом бул вирус толук изилденип бүтө электигине байланыштуу энеден балага жугары жөнүндө так маалымат жок.

— «Мамина книжка» китепчеси жөнүндө да айта кетсеңиз.

— Бул китепче бойго бүткөндүн алгачкы күнүнөн тарта энеге байкоо жүргүзүүгө арналган. Кош бойлуулардын күнүмдүк тамактануу пирамидасы, канча жумалыкта кайсы анализдерди тапшыруу керектиги, толгоонун фразалары, төрөт учурундагы кыймыларакет, наристеге керектүү нерселер, баланы туура эмизүү жана баланын өсүүсүнүн этаптары сыяктуу пайдалуу кеңештердин баары камтылган.

— Акырында аялдарга кандай кеп кеңеш айтат элеңиз?

— Ар бир аял ден соолугуна өзү жооптуу. Жылына бир жолу гинекологго барып медициналык текшерүүдөн өтүп, керектүү анализдерди өз убагында тапшырып туруу керек. Мындан сырткары негизги 3 органды кичи жамбаш чарасын, калкан безин жана сүт бездерин ультра добуштуу изилдөөдөн (УДИ) өткөрүү зарыл.

Маектешкен
АЙША КУРБАНОВА

❮❮❮ ❯❯

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19

2 replies »

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.