Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК + ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын октябрь айындагы №2 чыгарылышы

2255

Надира Сооронбаева:

«Дарыгерлерди инфекциялык көзөмөл боюнча окутуу жүрүп жатат»

Оорулардын алдын алуу жана анын жайылышына бөгөт коюуда инфекциялык көзөмөл орчундуу мааниге ээ. Бул тууралуу «Профилактикалык медицина» илимий өндүрүштүк бирикмесине караштуу Республикалык илимий-тажрыйбалык борбордун башкы илимий кызматкери, м.и.к., Надира Сооронбаева баяндайт.

ИНФЕКЦИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Борбордун милдети инфекциялык көзөмөлдү уюштуруу жана аны республиканын саламаттык сактоо уюмдарына жайылтуу, ошондой эле медициналык жардам көрсөтүү менен байланышкан инфекцияларга, оорукана ичиндеги инфекцияларга, микроорганизмдердин дарыга туруктуулугуна жана медициналык калдыктарды башкарууга эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү системасын жакшыртуу.
Инфекциялык көзөмөл саламаттык сактоо уюмдарында жугуштуу оорулардын пайда болушун жана жайылуусун алдын алууга багытталган эффективдүү уюштуруу, алдын алуу жана эпидемияга каршы чаралардын
чоң системасы.

Ал ошондой эле медициналык жардам көрсөтүүнүн сапат стандарттарынын бири жана бейтап үчүн дагы, медициналык кызматкерлер үчүн дагы коопсуздук жана жыргалчылыктын ажырагыс бөлүгү. Бүгүнкү күндө инфекциялык көзөмөлдөө борбору бир канча иш-чараларды аткарып жатат. Саламаттык сактоо уюмдарындагы бардык медициналык калдыктар классификацияга ылайык жеринде сорттолот.

COVID-19 ПАНДЕМИЯСЫ УЧУРУНДА БОРБОРДУН АТКАРГАН ИШТЕРИ

Биздин борбор ооруканаларды жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алууга жана бөгөт коюуга активдүү катышты. Борбордун
кызматкерлери Республикалык штабда жана КР ССМдин ыкчам штабында иштедик, COVID-19 пандемиясы учурунда жаңы коронавирус инфекциясынын алдын алуу боюнча ченемдик документтерди иштеп чыгуу боюнча жумушчу топторго түздөн-түз катыштык. Эксперттердин тобу менен биргеликте COVID-19 боюнча бир катар документтер иштелип чыкты, алардын бири пандемия мезгилинде республиканын ооруканалары үчүн стандарттык операциялык процедураларды (СОП) иштеп чыгуу болду. Жер-жерлердеги саламаттык сактоо уюмдарына COVID-19га шектелген жана диагнозу тастыкталган бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн стационарларды кайра түзүү боюнча тажрыйбалык жардам көрсөттүк. Эл аралык уюмдар жана Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медицина институту менен биргеликте медициналык процедураларды аткаруунун коопсуздугуна инфекциялык көзөмөл жүргүзүү боюнча онлайн түрүндө дагы, ошондой эле мүмкүнчүлүккө жараша жер-жерлерде окутуучу тренингдерди өткөрдүк жана азыр дагы улантылып жатат. Окутууда медицина кызматкерлеринин колунун гигиенасына, жеке коргонуу каражаттарын рационалдуу пайдаланууга, дезинфекциялоо жана стерилдөө, медициналык калдыктарды башкарууга басым жасалууда.

ОКУРМАНДАРГА КААЛООЛОР
Эпидемиолог жана оорулардын алдын алуучу адис катары бардыгына ден соолук каалап кетким келет, анткени биз үчүн абдан узакка созулган ушул кыска убакыттын ичинде биз көп нерсени башыбыздан өткөрдүк, кубанычтан жана кайгыдан көз жаш төктүк. Биз ынтымакта болуп бири-бирибизди колдоого тийишпиз. Эпидемиологиялык кызматка көңүл буруу, потенциалды күчөтүү жана жогорулатуу зарыл, анткени биз дайыма көлөкөдө кала беребиз, тилекке каршы биз азбыз.

Жаштар бул кызматка келбей жатышат, аларды дагы түшүнсө болот, анткени бүгүнкү күндө стимул бере турган нерсе жок, айлык акы өтө аз. Биздин инфекциялык көзөмөлдөө борборубуздун адистери саламаттык сактоо уюмдарында аябагандай чоң иштерди жасап жатышат, алардан көп нерселер көз каранды, алар жетекчилердин дээрлик оң колу болуп эсептелет.
Баардыгыңыздарга чың ден соолук жана жакшы маанай каалайм, өзүңөрдү жана жакындарыңарды сактагыла!

❮❮❮ ❯❯

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19

2 replies »

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.