Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК + ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын октябрь айындагы №2 чыгарылышы

2255

Тоо койнундагы айыл, катаал кыш, сазда төрөгөн келин

Кандай кырдаал болбосун өз милдетин так аткарып, жарыбаган айлык акыга шүгүр кылып, алыскы айылда калктын саламаттыгына кам көргөн мээрман айымдар жергиликтүү элдин сүймөнчүлүгүнө ээ. Алардын бири болгон Чаткал районундагы Чакмак-Суу айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун жетекчиси Асира Осмонбекова өзүнүн түйшүктүү иши тууралуу баяндайт.

ЧАКМАК-СУУ АЙЫЛЫ ЧАТКАЛДАГЫ КЛИМАТЫ СУУК, ТОО КОЙНУНДА ЖАЙГАШКАН АКЫРКЫ АЙЫЛ
1999-жылы Майлуу-Суу шаарындагы медициналык окуу жайын бүтүрүп, медайым кесибине ээ болгон соң, алгачкы иш тажрыйбамды Чаткал районунун борборундагы ооруканада лаборант болуп иштөөдөн баштадым. Андан кийин үй-бүлө күтүп Жаңы-Базар айылындагы №2 үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеп калдым. Иштегениме быйыл 21 жыл болуп калды. Акыркы 5 жылда ушул Чакмак-Суу айылына которулуп ФАП жетекчиси болуп эмгектенип жатам. Айыл борбордон 40 чакырым алыстыкта жайгашкан. Чакмак-Суу Чаткал районунун климаты суук, тоо койнунда жайгашкан акыркы айылы болуп эсептелет. Мындан ары Талас ашуусу башталат. Кышында үч күн, үч түн кар жаап, электр жарыгы өчүп, жолдор жабылып оор абалга туш болобуз. Кыш келе жатканда эле медицина кызматкерлери өзүбүздү даярдай баштайбыз, анткени кош бойлуу келиндерибиз бар да, аларга кам көрүп, унааңарды камдагыла, даяр тургула деп үйлөрүнө чейин барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз.
Жылдан жылга тажрыйба топтоп жатып, такшалган медицина кызматкери болдук. Айылдык ден соолук комитетинин мүчөсү болгондуктан көптөгөн семинарларга катышып жаңы нерселерди үйрөнө алдык. Мектептерге атайын барып ар кандай оорулардан кантип сактануу керектиги жөнүндө сабактарды өтүп турабыз.
Ал үчүн Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору чыгарып берген плакат, баракчаларды пайдаланабыз.

ИШ КҮНҮБҮЗ 6 КҮН БОЛГОН МЕНЕН…
— Иш күндөр алты күн болгондуктан, эс алууга бир күн болсо ал күн дагы иш күн болуп калат. Айылда жаш балдар же улгайган адамдар ооруп ийне алып жаткан болсо, үзгүлтүккө учуратпайын деп барып сайып беребиз. Беш баланын энесимин, үй түйшүгү андан бетер көп, үй-бүлөмө көңүл буралбай калдым деп өкүнгөн күндөр болот. Айлык акы чындыгында аз болгондуктан мугалимдикин эле окуп албай, дем алыш күнү үйдө отурмакмын деген ойлор келет. Бирок тууган-туушканга, элге жардамым тийип, ооругандар айыгып, ыраазычылыктарын айтса кайра сүйүнүп, кесибиме ыраазы болуп калам.
Бул жактын аба ырайы катаал, кышында бороон-чапкын көп болот. Электр жарыгы тез-тез өчөт. Адамдардын оорусу да түштөн кийин же кечинде башталып, дене табы жогорулап ооругандарга чакыруулар келе баштайт. Жарыктын бар жогуна карабай кол чырактын жардамы менен барып, ошонун жарыгы менен ийне сайып келем. Калың карда калып, кийип жүргөн көлөчүмдү таппай калган күндөр да болгон. Тоо этегинде сарай бар, кырдаалга жараша ал жакка аптечканы көтөрүп алып ат менен барып ийне сайып келем.
Ошондой эле кош бойлуулар, оорусу өтө оор бейтаптар, улгайган адамдар үйлөрүнө чакырышат, аларды үйүнө барып көргөнгө туура келет.

УНААСЫ САЗГА ТЫГЫЛГАН КЕЛИН ӨЗҮ ТӨРӨП, ТОНУ ДА ТҮШҮП КАЛЫПТЫР
Чакмак-Суу айылына жаңы иштеп келген жылдарда мени бир чети таң калтырган, бир чети жүрөгүмдүн үшүн алган окуя болгон. Көлмө деген жайлоодо чабандар жашайт. Ошол жакта кош бойлуу келин айынан адашып, айылга түшпөй жүрө берген экен. Толгоосу башталып калып жолдо келе жатса, унаасы сазга тыгылып ара жолдо эки саат турушат.
Бизге келгенче келин өзү эле төрөп, тону да түшүп калган экен. Биз киндигин гана кесип баланы жуунтуп, эмдөө үчүн борборго жеткирип барган элек. Жолдо катар анын окуясын угуп бир чети күлсөк, бир чети санаа тартып инфекция чыкпаса экен деп кооптондук. Кудай жалгап баары жакшы болуп эмдөөсүн алды, азыр ал бала чоңойуп калды. Мындай төрөттөр жол алыс болгондуктан бизде көп болот.

❮❮❮_❯❯

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19

2 replies »

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.