Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК + ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын октябрь айындагы №2 чыгарылышы

2319

Витаминдер инфекцияны тез жеңүүгө жардам берет

Организм COVID-19ду кийинки калыбына келтирүү мезгилинде көп витаминдерди талап кылат. Анткени алар инфекцияга каршы иммундук системаны иштеп чыгууга жардам берет. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун нутрициологу Марина Дүйшөнкулова менен маекти сунуштайбыз.

— Covid-19 оорусу менен ооруп айыккандарга кандай витаминдер зарыл?
— Негизи оорудан кийин организм көптөгөн витаминдерге муктаж, ошондуктан тамактануу жакшы жана ар түрдүү болушу зарыл. Коронавирус инфекциясынан кийинки абалды жакшыртуучу витамин Д витамини болуп саналат, ал ооруну тез жеңүүгө гана жардам бербестен, оорунун алдын алууда да чоң роль ойнойт. Организмде витаминдердин жетишсиздиги иммундук системанын начарлашына алып келет.
— Кайсы витаминдер маанилүү роль ойнойт?
— Майда эрий турган витамин катары Д витамини иммундук жооп кайтарууда негизги ролду ойнойт. Бул витамин балыкта жана майсыз сүт азыктарында көп. Эртең менен табигый Д витаминин алуу үчүн күнгө кактануу сунушталат. Д витамини кош бойлуу жана бала эмизген аялдар үчүн, ошондой эле 50 жаштан жогорку курактагы адамдарга өтө керектүү зат.
С витамининин антиоксиданттык касиети сезгенүүнү азайта алат. Ошондой эле фагоциттердин активдүүлүгүн жогорулатып, лимфоциттердин көбөйүшүнө шарт түзөт. С витамини вирустук инфекциянын өнүгүү ыктымалдыгын төмөндөтпөсө дагы, суук өтүшүн жеңилдетип, организмдин тез калыбына келүүсүнө жардам берет. С витаминин күндө 2000 мг кабыл алып туруу сунушталат.
А витамини мурун былжыр челинин жана дем алуу жолдорунун ооруларына туруктуулукту жогорулатып, клеткалык жана гуморалдык иммунитетти көтөрө тургандыгы далилденген. Чоң кишинин А витаминине болгон күнүмдүк керектөөсү 0,9 мг түзөт.
-Витаминдерди толук алуу үчүн кандай тамактануу керек?
-Табигый азыктар менен толук рационалдуу тамактануу башкача айтканда жашылча-жемиштерди ар кандай витаминдерди камтыган азыктарды колдонуу бул организмге пайдасы көп. Витаминдерди камтыган химиялык же биоактивдүү кошулмаларды ашыкча дозасы менен ичүүгө болбойт, анткени витаминдердин ашыкчасы организмге терс таасирин тийгизет. Эгерде адам жаныбардан алынган азыктардан баш тартса, анда А, D, E витаминдери жана биотин жетишсиздигине алып келет. Эгерде рациондо өсүмдүк тектүү азыктар жетишсиз болсо, анда С жана В тобундагы витаминдери жетишпей калат. Витаминдердин жетишсиздиги тырмакта чуңкурлардын, тилкелердин же тактардын пайда болушу аркылуу да көрүнөт. D витамини жетишпегенде маанай чөгүп, чоңдордо жана балдарда ашыкча тердөөгө алып келет. Ал үчүн күнүмдүк рационго балык майын, тооктун жумурткасынын сарысын, майлуу сырларды, эчкинин сүтүн колдонсо жакшы болот. Ал эми А витамининин (ретинол) жетишсиздиги мурундун бүтүшү, кургак териге, чачтын морттугуна, көздүн начар көрүүсүнө алып келет. А витамини сабиз, ашкабак, кызыл болгар калемпири, өрүк, сыр, май, быштак, сүттө бар.
Е витамининин (токоферол) жетишсиздиги алсыроо жана чарчоо, булчуңдардын алсыздыгына себепчи болот. Буудайдын майында, күн карамада, жер жаңгакта кездешет. В12 витамининин жетишсиздиги баш айланууну, булчуңдардын алсыздыгын, жүрөк айланууну, теринин кубаруусун, табиттин жоктугун пайда кылат. Бул витамин уйдун этинде, жумурткада бар. С витамини (аскорбин кычкылы) иммундук системаны жакшыртат. Ал: итмурун, чычырканак, болгар калемпири, киви, ашкөк чөптөрү, кара карагат, апельсинде көп.

❮❮❮ ❯❯❯

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19

2 replies »

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.