Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК + ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын октябрь айындагы №2 чыгарылышы

2315

«Июль айы көп көйгөйдү ачыкка чыгарды»

Айнура Акматова:

Республика калкынын грипп жана КДВО менен ооруу деңгээлинин жогорулашы декабрь айынан тарта башталып, кийинки жылдын январь, февраль айларында күчөйт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин
Коомдук саламаттык сактоо
башкармалыгынын башчысы
Айнура Акматова бизге берген
маегинде билдирди.

ООРУНУН КҮЧӨШҮ МЕЗГИЛДИК ГРИППКЕ БАЙЛАНЫШТУУ

Болжолдонуп жаткан оорунун көбөйүүсү курч дем вирустук оорулары
(КДВО), мезгилдик гриппке байланыштуу болоорун жана мындан ары
да коронавирус инфекциясы менен ооругандар каттала бере тургандыгын белгилеп коюу керек. Бул жагдайлар саламаттык сактоо уюмдарынын аталган ооруларга каршы даярдыкка өзгөчө көңүл буруусун талап кылат.
Өмүр үчүн маанилүү жана коронавирус инфекциясына керектүү дарыларды жана медициналык буюмдардын тартыш болуусуна жол бербөөгө чараларды көрүү үчүн, өндүрүүчү өлкөнүн каттоо күбөлүгү, сапатынын шайкештиги болгон шарттарда дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды каттоосуз алып келүүгө уруксат берилет.
Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан КДВО, күз-кыш мезгилиндеги гриппке жана коронавирус инфекциясына даярдануу, калк арасында ооруну жана өлүмдү азайтуу, ошондой эле массалык түрдө оорунун көбөйүүсүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иш жүктөмдөрүн турукташтыруу максатында олуттуу даярдыктар көрүлүп жатат. Мыкты тажрыйбаларды, алынган сабактарды пайдалануу менен учурдагы көйгөйлөрдү анализдөөнүн негизинде саламаттык сактоонун бардык деңгээлинде клиникалык медициналык жардам көрсөтүүнүн эффективдүү системасы түзүлдү. Тобокел топторунда мезгилдик грипп жана пневмококк инфекциясына каршы эмдөө аркылуу алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү колго алынды. COVID-19 менен катар башка вирустук инфекциялардын жана грипптин жайылуусун алдын алуу максатында КР ССМ тарабынан тобокелчилик топтор аныкталып, гриппке каршы жана пневмококк вакцинасынын суроо-талабы эсептелди.
Республика калкынын грипп жана КДВО менен ооруу деңгээлинин жогорулашы декабрь айынан тарта башталып, кийинки жылдын январь, февраль айларында күчөйт. Алдыда келе жаткан 2020-2021-ж., эпидемиялык мезгилде грипптин жаңы түрлөрүнүн этиологиялык түзүмүн жана жаңы түрлөрүн, ошондой эле дем алуу органдарынын башка вирустук инфекцияларын аныктоо үчүн реактивдерди жана тест-системаларды (1000 бирдикке) сатып алууга билдирме берилди. Бул максатта 119 643 миң даана гриппке каршы вакцина сатылып
алынып тобокел топтордун (медициналык кызматкерлерге, өпкө, жүрөк боор, бөйрөк өнөкөт оорусу барларга, көп ооруган балдарга, балдар үйлөрүнүн, жатак-мектептин балдарына, кош бойлуу аялдарга, кант диабетинен жабыркагандарга, 65 жаштан жогоркуларга ж.б.) арасында эмдөө жүргүзүлдү, ага кошумча тобокел топторуна дагы кошумча вакцина алууга билдирмелер берилди.

КОШУМЧА ООРУКАНАЛАР ДАЯРДАЛУУДА

— Андан сырткары, 1000ден ашуун орундуу «Семетей» госпиталы инфекциялык ооруканага өзгөртүлүп, Бишкек, Ош, Нарын шаарларында инфекциялык ооруканалар курулуп жатат,

аймактардагы 9 объектиге капиталдык оңдоо жасалып жана иш багытын өзгөртүү тууралуу көрсөтмөлөр берилди. Саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттары, өздүк коргонуу каражаттары, дезинфекциялык каражаттар, антисептиктердин 3 айлык запасын түзүү, мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын базасында коронавирус инфекциясын аныктоо боюнча лабораториялык кызматтарды өнүктүрүү жаатында иштер жүрүп жатат. Республикада 16 ПЧР аппараты бар 13 вирусологиялык лаборатория тарабынан COVID-19 лабораториялык тартипте ырасталууда, булардын ичинен Баткен, Чүй, Жалал-Абад облустарында 3 экспресс диагностикалык мобилдик автолаборатория орнотулган.

Ошондой эле COVID-19 лаборатордук изилдөөнү жүргүзүүдө келишимдик негизде жеке лаборатория жардам берүүдө.

КАРГАШАЛУУ ИЮЛЬ АЙЫ КӨП КӨЙГӨЙДҮ АЛЫП ЧЫКТЫ

Июль айындагы эпидемиологиялык абал бейтаптар массалык түрдө кайрылганда медициналык кызматкерлер жетишпей кала турганын көрсөтүп койду, буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги биринчи кезекте кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо ишин активдүү улантууда. COVID-19 инфекциясынын алдын алуу, аныктоо, дарылоо, коопсуздук чараларын көрүү жана инфекциялык көзөмөл кылуу маселелери боюнча медициналык кызматкерлер аралыктан окутулууда, ошондой эле жеринде барып окутуу иштери жүргүзүлүүдө. 2020-жылдын ферваль айынан 30-сентябрга чейинки мезгилде 18 702ден ашуун медкызматкер окутулду. Бишкек медколледжинин бюджеттик негизде окуган 70тей бүтүрүүчүсү Бишкек ш., саламаттык сактоо уюмдарына бөлүшүтүрүлүп, жөнөтүлдү.

КР ССМнын «Коронавирус боюнча өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал мезгилинде 4-6-курстардын студенттерин практикалык ишмердикке тартуу жөнүндө» буйругун аткаруунун алкагында И.Ахунбаев ат. КММА менен биргеликте ординаторлордун реестри (600 киши) түзүлүүдө, булардын ичинен 300ү иш тажрыйбага ээ жана 400 студенттин 250сүнүн иш тажрыйбалары бар. Булар медайым/медмырза жана дарыгер катары иштей алышмакчы.

Ошондой эле, ыктыярчы кыймылдар, КР Улуттук Кызыл Жарым ай коому менен биргеликте кызыкдар тараптардын коронавирус инфекциясы менен күрөшүү жаатындагы билимдерди, көндүмдөрдүн дараметин жогорулатуу боюнча иштер пландаштырылды.

Дарыгерлерди жер-жерлерге бекитүү үчүн турак-жай берүү боюнча дагы иштер жүрүп жатат. Өлкөдөгү COVID-19 боюнча түзүлгөн кырдаалга байланыштуу саламаттык сактоо системасы айрым адистиктер боюнча чоң суроо-талапка ээ экендиги белгилүү болду. Буга байланыштуу И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында «Медициналык-алдын алуу иши» адистиги боюнча гранттык 60 орун бөлүндү.

❮❮❮ ❯❯

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19

2 replies »

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.