Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК + ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын октябрь айындагы №2 чыгарылышы

2315
Акбай Сарыбаев

«Гипертония менен жапа чеккен адамда коронавирустун татаалдашуусу эки эсеге жогорулайт»

Көпчүлүк учурда билинбей етүүчү кан басымдын жогору болушу олуттуу ооруларга жана оордошууларга алып келүүчү илдет. Анын коронавирус менен айкалышуусу дагы бейтаптар үчүн кооптуу болууда. Бул тууралуу Академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акбай Сарыбаев баяндайт.

ГИПЕРТОНИЯ ӨМҮР ҮЧҮН МААНИЛҮҮ ОРГАНДАРДЫ ЖАБЫРКАТАТ

Гипертония жогорку артериялык кан басым дегенди билдирет. Кан басым 140/90 жана андан жогору болгон учурда адамдын курагына карабас- тан жогорку кан басым деп эсептелет. Кыргызстанда 20 жаштан жогорку курактагы адамдардын 46%ы жогорку артериялык кан басым менен жабыр- кашат. Бул элдин дээрлик жарымына жакыны гипертония менен жапа чегет дегенди билдирет. Гипертония өмүр үчүн маанилүү болгон органдардын жабыркашына алып келет. Аларды бута органдары деп атап коёбуз. Бул жүрөк, баш мээ, бөйрөк, боор, ал инсульт, инфаркттын өнүгүүсүнө, бөйрөк жетишсиздигине алып келет. Ошондой эле көптөгөн органдардын (бут, аорта) кан тамырларын жабыркатат. Артериялык кан басымы нормалдуу болгон адамдарга салыштырганда эгерде адамда гипертония бар болсо инсульт, инфаркттын өнүгүү коркунучу үч эсе жогору. Жогорку кан басым кан тамырларга таасирин тийгизе тургандыгын жана атеросклероздун өнүгүүсүнө алып келерин белгилей кетүү керек. Кан тамырдын атеросклерозуна алып келүүчү эки чоң тобокелчилик фактору бар: бул тамеки чегүү жана липиддик зат алмашуунун бузулушу (кандагы холестериндин жана анын курамдык бөлүктөрүнүн көп болушу). Тамеки чегүү, липиддик зат алмашуунун бузулушу жана жогорку кан басым айкалышкан учурда инсульт, инфаркт, бөйрөк жетишсиздигин өнүгүү коркунучу 13-14 эсе көбөйөт. Атеросклероз бул кан тамырлардын, артериялык кан тамырлардын жабыркашы, сезгенүүсү. Ал кан тамырларды тарытып, айрым учурда толук бүтөлүп калуусуна алып келет.

ГИПЕРТОНИЯ ЖАНА COVID-19

Коронавирус жаңы жана коркунучтуу инфекция, изилдөөлөр эгерде адамда гипертония эле бар болсо анда коронавирустун оор түрүнүн өнүгүү тобокелчилиги жана өлүмгө дуушар болуу коркунучу дени сак адамга салыштырмалуу эки эсе жогору боло- рун көрсөттү. Гипертония бар болгон учурда коронавирус менен ооруган адамдардын өлүмгө дуушар болуусу болжол менен 4%ды түзөт. Эгерде бей- тапта кайсы гана болбосун жүрөк-кан тамыр ооруларынын бири болсо, анда коронавирустан болгон өлүм 13,2%ды түзүп, жалпы популяцияда өлүм 1%ды түзөт. Эгерде бейтапта гипертония дарты бар болсо, ал адамда коронавирустун оор түрүнүн өнүгүүсү жана өлүмгө дуушар болуу коркунучу кескин түрдө жогорулайт. Муну бардык гипертония менен жапа чеккен адамдар эсинен чыгарбашы керек. Эгерде гипертония менен ооруган адам коронавируска чалдыгып калса ал дарыгерге кайрылып, анын дайындоосуна ылайык дарыланууга тийиш. COVID-19 жалпы протокол боюнча дарыланат, бейтап гипертонияга каршы дарыгер жазган дарылардын бардыгын ичиши керек.

ГИПЕРТОНИЯ КАНДАЙ ДАРЫЛАНАТ?

Гипертония оорусун сөзсүз дарылоо керек. Аны дары-дармек аркылуу жана дары-дармексиз дарылоо ыкмалары бар. Дары-дармексиз дарылоого тең салмакталган рационалдуу тамактануу, рационго витаминдүү жашылча-жемиштерди кошуу, сөзсүз түрдө тузду суткасына 2-3 граммга чейин азайтуу, физикалык активдүүлүк менен алектенүү кирет. Тузу кем жана тузсуз диета кармоонун өзү эле кан басымды төмөндөтө алат. Адекваттуу физикалык жүк: күнүнө 40 мүнөттөн кем эмес жөө басуу, сууда сүзүү, суткасына 8-10 миң кадам же 5 чакырымга басышы керек. Ошондой эле стресске алдырбоо, башкача айтканда турмушта болуп жаткан окуяларга карата оптимисттик көз карашта болуу. 80-жылдарда жүргүзүлгөн изилдөөлөр күнүнө классикалык музыка угуу дагы кан басымды төмөндөтө ала тургандыгын далилдеген.

Клиникалык абалына жараша бейтаптар дары каражаттарын ичип турушу керек. Арыкчырай келген бейтаптардын жүрөгү тез-тезден согот. Толук, шишип кетүүгө жакын келген бейтаптар дагы болот, аларга заара айдоочу таасир бере турган дары каражаттары дайындалат. Мүмкүн болушунча кан басымды төмөндөтүү керек. Эң эле оптималдуу кан басым 120/80 болуп саналат.

Бардык бейтаптар эгерде жогоруда саналып өткөн дары-дармексиз жол менен дарылануу жардам бербесе, гипертензияга каршы дары каражаттарын дээрлик өмүр бою ичүү керектигин билүүгө тийиш. Кээ бир адамдар өмүр бою өзүнүн кан басымы жогору экендигин билбеши мүмкүн. Алар дарыгерге барганда гана гипертония дарты аныкталат.

АР БИР БЕЙТАПТЫН ТОНОМЕТРИ БОЛУУСУ КЕРЕК

30-35 жаштан жогорку курактагы адамдар жылына бир жолу дарыгерге көрүнүп турушу, кан басымын, кандагы канттын, холестериндин деңгээлин, салмагын, боюн, белинин айланасын ченетип, анын нормага туура келерин аныктап турушу керек. Эгерде нормада болбосо көрсөткүчтөр нормалдашканга чейин дарыгерге тез-тезден көрүнүп турууга тийиш.
Ар бир бейтаптын өзүнүн тонометри болушу керек, эртең менен кечинде өлчөө зарыл. Айрым бейтаптарда кечинде нормалдуу болуп, ал эми түн ичинде жана таңга жуук жогорулайт. Андыктан ар бир бейтап өзүн көзөмөлдөп турууга тийиш. Бул инсульттун өнүгүү жаатында өтө коркунучтуу. Дени сак кайсы гана адам болбосун жогорку кан басымдын өзгөчөлөнгөн симптомдору жоктугун билүүгө тийиш. Бирок кан басымдын кескин жогорулашы, баш оору, баштын лукулдатып оорушу, жүрөктүн тез-тез кагышы, беттин кызарышы, терчилдик, алсыздык сыяктуу симптомдор байкалганда дарыгерге токтоосуз кайрылуу зарыл.

АЙМИРА МЕНДЕЕВА

❮❮❮_❯❯

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19

2 replies »

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.