Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК + ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын октябрь айындагы №2 чыгарылышы

2317

Мурат Алиаскаров:

«Ооруканалар COVID-19 оорусунун экинчи толкунуна даяр»

COVID-19 илдети күчөгөн мезгилинде дарыгерлерге муктаж болгон, алыскы Нарын областында учурда абал туруктуу. Бул тууралуу Нарын облусунун саламаттык сактоо координатору Мурат Алиаскаров билдирди.

— Нарын областында жалпы абал кандай болуп калды?
Бүгүнкү күндө Нарын областында COVID-19 оорусу боюнча абал туруктуу. Учурда область боюнча жети бейтап бар, абалдары орто. «Кызыл зона» деп белгиленген Жумгал жана Нарын областтык бириккен ооруканасы гана сакталууда. Калган ооруканалар кадимки штаттык режимде иш алып барууда. Бардык ооруканалар дары-дармек жана сактануучу каражаттар менен камсыз болгон.
Алдын алуу иштери жер-жерлерде семинар түрүндө жана ар бир айыл өкмөттөрдө түзүлгөн Айылдык ден соолук комитетинин (АДК) жардамы аркылуу оорунун алдын алууда кандай эрежелерди сактоо керек, ооруган учурда кимден, кантип, каякка кайрылуу керектиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүрдү, ошондой эле массалык маалымат каражаттары аркылуу да жайылтылды. Мындан тышкары башка бөлүмдөрдө иштеген дарыгерлер жана амбулатордук дарылангандарга түшүндүрүү иштеринде чоң салымдарын кошушту.

— Пандемия учурунда кандай көйгөйлөр болду?
Нарын областындагы саламаттык сактоо мекемелеринин бардык кызматкерлери COVID-19 илдети күчөгөн учурда өз ордуларында иштешти. Аларга өз учурунда өкмөт, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан белгиленген кошумча айлык акы толук берилген. Эки жүз миң сом ала турган кызматкерлердин аты-жөнү жөнөтүлгөн, аларды учурда Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы карап жатат. Эпиде- мия башталганы биринчи көйгөй кадр маселеси болду. Биздин областка 125 дарыгер жетишпейт. Ошондуктан биз саламаттык сактоо министрлигинен адис жетишпестигин айтып жардам сурайбыз. Бишкектен эпидемия учурунда 40 дарыгер келип жардам көрсөтүштү. Аларга ыраазычылык билдиребиз.

— Пандемиянын экинчи толкунуна кандай даярдык көрүлүп жатат
Оорунун экинчи толкуну болот деген божомолдорду эске алып, бардык алдын алуу иш-чараларын көрүп жатабыз. Кычкылтек консентраторлор эн, негизги каражат экен. Бул маселени элдин, министрликтин жардамы менен чечип жатабыз. Элибиз учурда бул оору олуттуу экенине ынанып калды, бирок ошого карабай арасында коопсуздук эрежелерди сактабагандар жок эмес. Мисалы кафе, ресторандарда адамдын саны ашыкча, шахмат түрүндө отуруу эске алынбай, коомдук мекемелердин ичинде беткап тагынуу сыяктуу эрежелер сакталбай жатат. Алар менен укук коргоо органдары жана айыл өкмөт тарабынан да түшундү- рүү иштери уланууда.

❮❮❮ ❯❯

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19

2 replies »

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.