Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК + ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын октябрь айындагы №2 чыгарылышы

2255

Сагынбек Уезбаев:

«Ден соолук байлык, жараткандын аманаты»

Жай күз мезгилине алмашкан учурда адамдын организми агы ага ылайыкташууга аракеттенет жана кошумча витаминдерди, кыймыл-аракетти, жакшы эс алууну талап кылат. Күз мезгилинде адам өзүнө кантип кам керүү керектиги женүнде Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык комуникация борборунун ден соолукту чыңдоо адиси Сагынбек Уезбаев пайдалуу кеңештерди берет.

«ӨМҮР БЕРҮҮЧҮ ЗАТТАР» Витамин латынчадан которгондо «өмүр берүүчү заттар» дегенди түшүндүрөт. Алар зат алмашууну жакшыртып, ар кандай оорулардын келип чыуусунун алдын алат. Адамдын организми жыл бою ар кандай витаминдерге муктаж. Айрыкча күз мезгилинде аба ырайы сууктап, күн кыскара баштагандыктан, күндү азыраак көрүп калабыз. Ошондуктан витаминге бай тамак-аштарга басым жасаган туура. Негизинен өзүбүздө өскөн жер-жемиш, мөмө-жемиштерди көп-көп жегиле.

ТУУРА ТАМАКТАНУУ
Ден соолук чың болушу үчүн тамак-ашыбыз маанилүү роль ойнойт. Жеген тамактарыбыз туура даядалган жана туура сакталган болушу керек. Күнүнө үч ирет тамактанып, эки жолу шам-шум этүү керек.
Күнүмдүк тамактанууда азыктын үчтөн бири белокко бай болушу зарыл. Дагы үчтөн бирин ун жана дан азыктары (нан, макарон, күрүч, гречка), дагы үчтөн бир бөлүгү жер-жемиш, мөмө-жемиштер болушу шарт. Куурулган тамактан оолагыраак болсок. Сууга, бууга, мешке, тандырга бышырылганы пайдалуу. Мындан тышкары, организмге керектүү, тамакты сиңирүүчү, ичегибизге керектүү микрофлораны пайда кылуучу клетчатка деген зат бар. Клетчатка — бул углевод, ал өзү аш болбойт. Ал ичегибизге бизге керектүү микробдордун көбөйүшүнө көмөктөшүп, ичегини тазалайт.

КЫЙМЫЛ-АРАКЕТ
Адам кыймылдаганда эндорфин аттуу гормон иштелип чыгат. Ал кишиге күч берип, иммунитетти чыңдоочу гормон. Андан тышкары күз, кыш мезгилинде күн аз тийгендиктен серотонин — бактылуулук гормону азайып, стресс болушубуз ыктымал. Андыктан кыймыл-аракетти күчөтүү керек. Иш күндөрү таза абада 30-40 мүнөт, дем алыш күндөрү төрт саатка чейин сыртта жүрүү пайдалуу.

УЙКУ
Уйку — бул эс алуу. Эң жакшы уктаганың — түш көрбөй уктоо. Организмди чарчатпай, иммунитетти түшүрбөө үчүн адам жетишерлик ченемде уктоосу зарыл. Орто эсеп менен жети-сегиз саат уктаган туура. Жумушу көптөр чак түштө бир куш уйку салып алса, өтө пайдалуу. Жакшы уктоо үчүн бөлмөнү желдетип, жуунуп-тазаланып алсак жакшы болот.

СТРЕСС
Стресс дагы иммунитетти төмөн- дөтөт, тез карытат, жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кылат. Адреналин бөлүнүп чыкканда организмге күч келет. Стресс болбош үчүн эң биринчи ошонун алдын алуу керек. Эгер болуп калса, сабырдуулук менен мамиле жасоо зарыл. Аны артка кайтаруу мүмкүн эмес, ошол абалдан чыгууну ойлонуштурушубуз керек.

❮❮❮_❯❯

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19

2 replies »

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.