Журнал Ден соолук+

Декабрь 2020-ж. 3-чыгарылыш.

2098

ТИШТЕРДИН ОРГАНИЗМГЕ ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ ӨТӨ ЧОҢ

Бүгүнкү күндө жылмаюу жана аппак тиштер адамдын ден соолугу жөнүндө айтып турат. Ал эми тиштин саламаттыгы бүт организмдин абалына түздөн-түз байланыштуу.

Бул тууралуу И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик академиясынын ортопедиялык стоматология кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Куштара Чойбекова баяндайт.


ООЗ КӨҢДӨЙҮНҮН ИНФЕКЦИЯСЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Тиштин морт болушу — бул жөн гана эстетикалык кемчилик болбостон, айрым оорулардан дагы кабар берет.

Тиш дарыгерге жарым жылда бир жолу текшерүүгө баруу керек. Анткени, тиш оорулары бир катар дарттарды козгошу мүмкүн, алар бир караганда ооз көңдөйүнө эч кандай тиешеси жок. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин инфекциянын тиш очоктору көптөгөн системаларга жана органдарга түздөн-түз таасирин тийгизип жаткандыгында шек жок. Ооз көңдөйүндөгү инфекция процесси эреже боюнча өзүнөн-өзү өтүп кетпейт.

Жугуштуу оорунун себептери:

Одонтогендик инфекциялардын (же тиш ооруларынын) козгогучтары бактериялар, ооз көңдөйүнүн туруктуу микрофлорасынын өкүлдөрү. Ооздо алар үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт:
оптималдуу температура, жогорку нымдуулук жана ар кандай азык заттар. Демек ооз көңдөйүнүн микрофлорасы көп жана ар түрдуү, көбүнчө бул стрептококк, стафилококк, актиномицет, грибоктор.

Ооз көңдөйүнөн инфекциянын жайылышына иммунитеттин төмөндөшү, организмдин алсырашы. жаак сөөк ткандарынын сезгенишине шарт түзүлөт. Микроорганизмдердин жайылышы кан жана лимфа тамырлары аркылуу жүрөт, натыйжада инфекциянын экинчи фокусу лайда болот. Жакын турган органдар — моюн, ЛОР органдары (кулак, мурун, тамак) жабыркайт. Ошондой эле патогендик микробдор муундарда, мээде, жүрөктө. бөйрөктө, ашказанда, ичегилерде жана башка органдарда жайгашып. көптөгөн ооруларды лайда кылат. Тиш инфекциясы андан башка интоксикацияга, аллергияга алып келет. Организм алсырап, ар түрдүү терс факторлорго сезгич болуп калат.

ТИШКЕ КАНЧА ЖАШТАН БАШТАП КАМ КӨРҮҮ КЕРЕК?

Балдардагы тиш ооруларынын себептери көп, оорунун ылдамдыгы да ар башка. Тиштердин тез эле бузулушун шарттаган бир катар факторлор бар: ооздун гигиенасынын начардыгы же жоктугу, тукум куучулук, туура эмес тамактануу, эмалдын тубаса кемтиктери, ичеги-карын оорулары, иммунитеттин төмөндөшү, балдардагы соматикалык жана жугуштуу оорулар, шилекейдин жетишсиздиги, ата-энедеги өнөкөт оорулар, упчу колдонуу, жагымсыз экология.
Кандай себеп болбосун балдардын тиш оорусу өз убагында дарыланышы керек.
Алгачкы тиштер 6 айдан 9 айга чейинки ымыркай мезгилде өсөт.
Ушул курактагы ооздун гигиенасы өтө маанилүү — жаңы чыккан сүт тиштери дагы кариеске жакын. Атаэнесинен жана башкалардан балага шилекей аркылуу жугушу мүмкүн. Баланын ооз көңдөйүнө кам көрүү үзгүлтүксүз болушу керек — бир тишке баарына бирдей көңүл буруу талап кылынат. Баланын тиштерин күн сайын суу же атайын каражаттар менен сүртүү сунушталат — мисалы, ымыркайлар үчүн жасалган тиш жуучу паста, нымдалган даки же салфетка колдонулат.
Бала бир жашка чыкканда, аны биринчи жолу тиш дарыгерге көрсөтүү керек. Эки жаштан баштап балдарды тишти жууганга үйрөтө баштоо керек.
3 жашка чейинки балага арналган тиш пастасы жумшак түзүлүшкө ээ, гипоаллергендүү, минималдуу абразивдүү жана курамында фтор болбошу керек. Жаш балдар тиш пастасын жутушу мүмкүн, андыктан ал зыянсыз болушу керек.
5 жаштан 7 жашка чейин биринчи туруктуу тиштер жарылат. Сүт тиштерин туруктуу тишке алмаштыруу процесси 12-13 жашка чейин аяктайт.
Ушул мезгилдеги ооз гигиенасы өзгөчө мааниге ээ. Ата-энелер баланын эртең менен жана кечинде тиш жууганга кеминде 3 мүнөт убакыт бөлүшүн камсыздашы керек. Мындан тышкары, 6 жылдан кийин балага тиш жиптерин кантип колдонууну үйрөнө турган мезгил келди — бул үчүн ылайыктуу тиш жиптерди колдонуп, тиш аралыктарын тазалап, бактерия жана кариес менен күрөшүүгө жардам берет.

ТИШТЕРДИН БУЗУЛУУ СЕБЕПТЕРИ

Тиштердин бузулуу коркунучуна кош бойлуу аялдар, менопауза мезгилиндеги аялдар, кары-картаңдар, тамак-аш жетишсиздиги бар адамдар дуушар болот.
Организмдеги витаминдердин, минералдардын жетишсиздиги чоң роль ойнойт. Кальцийдин, фосфордун, D витамининин жетишсиздиги начар тамактанууга байланыштуу. Ошондой эле зат алмашуу процесстеринин бузулуусу. Ичеги-карын жолдорунун, эндокриндик системанын кээ бир оорулары менен азыктын сиңиши бузулат, андан кийин минералдарды кадимкидей кабыл алуу менен, дагы деле болсо жетишсиздик пайда болот.
Гормоналдык дисфункциялар, ооздун гигиенасын бузулушу, туруктуу бактериялардын көбөйүшүнө жана тиштин чиришине шарт түзөт. Тамеки чегүү, алкоголь ичимдиктерин ичүү дагы негизги себептердин бири.

ТИШТИ ПРОТЕЗДӨӨ ҮЧҮН МАТЕРИАЛДАР

Адамдар илгертен бери жоголгон тиштерди ордуна келтирүүгө аракет кылышкан. Бул үчүн ар кандай материалдар колдонулган. Бүгүнкү күндө ортопедиялык стоматологиянын арсеналында тиш протезин жасоого керектүү материалдардын түрлөрү бар. Алар мүнөздөмөлөрү жана наркы боюнча айырмаланып, сырткы көрүнүшү жана иштеши боюнча жоголгон тиштерге толук окшоштук табууга мүмкүндүк берет.
Стоматологиялык практикада колдонулган материалдардын түрлөрү ар дайым жаңыланып турат. Тиш протездөө үчүн негизги материалдар: композиттер, керамика (фарфор); металл эритмелери, пластмасса (акриль) жана айкалыштырылган түрү колдонулат. Материал көптөгөн факторлорго байланыштуу тандалат. Биринчиден, клиникалык көрүнүшкө, тиштин кабышуусуна, чайноочу булчуңдардын парафункциясы, аллергиялык статусу жана башкаларга жараша тандалып, акыры бейтаптын тандоосу менен ишке ашат.

ТИШТИ ТАЗА, БЕКЕМ САКТОО ҮЧҮН ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР:

• Тишти эки маал: эртең менен жана кечинде тазалап туруу сунушталат.
Тиштен башка ооздун ичин бүт тазалаш керек. Анткени бактериялар жаакка жана тилге активдүү топтолот, ошондуктан тазалоо тиш менен эле чектелбейт. Ар бир жолу тамак жегенден кийин оозду жакшылап
чайкап коюу абзел;

• Тиш щетканы алмаштырып туруу. Бир эле пастанын ингредиенттерине көндүрө бербестен, тишти ар кандай пасталар менен тазалоо.

• Тиш тазалай турган атайын жип колдонуу керек. Тиш жиптери айрыкча кыйын жерлерге жетүү жана тамак-аш калдыктарын кетирүү үчүн колдонулат.

• Тиш дарыгерине баруу. Тиште көйгөй болбосо дагы,
дарыгерге кайрылуу керек: ал алдын ала текшерүү жүргүзүп, ооздо пайда болуучу оорулардын алдын алат.

• Кычкыл азыктарды жана таттууларды азыраак пайдалангыла. Ошондой эле газдалган суусундуктар тиш үчүн кооптуу келет.

• Тиштер таза болушу үчүн туура тамактануу зарыл.

<< >>

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.