Журнал Ден соолук+

Декабрь 2020-ж. 3-чыгарылыш.

2084

Ботулизмден сактангыла

БОТУЛИЗМ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Ботулизм – тамак-ашка ботулизмдин козгогуч бактерияларынын уу заттарын (токсиндерин) камтыган азыктарды колдонгон учурда пайда болуучу өтө оор жана коркунучтуу илдет. Нерв системасын жабыркатуу менен мүнөздөлөт, оор болгон учурда шал болууга же өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Ботулизмдин козгогучтары табиятта кеңири таркаган. Алар жер кыртышынан, суудан, жаныбарлардын жана балыктардын организминен да табылат. Ботулизмдин бактериялары жер кыртышынан козу карындарга, жашылча- жемиштерге келип түшөт.

Бирок ботулизмдин козгогучу өзү коркунуч туудурбайт, анын кычкылтек жок шарттарда иштелип чыккан уу заты коркунуч жаратат. Азык заттарды консервалаган учурда дал ушундай ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Ботулизмдин уу заттары өтө күчтүү уулардын катарына кирет.

Бул уу зат 1000С жана андан жогорку температурада өлүп жок болот, ошол себептен заводдордо даярдалган гана консерваланган азыктарды колдонуу талапка ылайык.

ЖУГУУ ЖОЛДОРУ

Ботулизмди жугузуп алуу консерваланган азыктарды колдонгон учурда ишке ашат, айрыкча үй шартында даярдалган, санитардык нормалар, термикалык иштетүүнүн (кайнатып бышыруунун) технологиялары сакталбаган учурларда жугат.

Көпчүлүк учурда булар консерваланган козу карындар, жашылчалар (баклажан, бадыраң, помидор ж.б.), эт жана балык азыктары. Ботулизмге кабылуу мүмкүнчүлүгү ветчина (чочконун сүрсүтүлгөн сан эти), ышталган, сүрсүтүлгөн балыктарда жана колбаса азыктарында жогору. Ботулин бактериясы бар консерваланган азыктарды сапаты жакшы, таза азыктардан жыты жана түсү боюнча эч кандай айырмалоого болбойт.

БОТУЛИЗМДИН БЕЛГИЛЕРИ

Ботулизмдин белгилери демейде уу зат камтылган азыкты колдонгондон кийин 12-36 сааттын ичинде билинет, бирок айрым учурларда 4 сааттын ичинде эле билинсе, кай бирлеринде жуктуруп алгандан кийинки 8 күндүн ичинде дагы байкалышы мүмкүн.

Көпчүлүк учурда оору тез өнүгөт. Жалпы алсыроо, баш ооруу, кусуу, тез-тезден ич өтүү, ичтин оорушу байкалат. Дене температурасы нормалдуу болушу же бир аз жогорулашы ыктымал.

Оору башталгандан бир нече саат өткөндөн кийин көрүүнүн начарлашы билинет: көз алдында «туман» пайда болот же тунарат, кош көрүнөт, буюм-тайымдар бүдөмүк көрүнөт.

Андан кийин катуу жана суюк тамак-аштарды жуткан учурда кыйналуу, сүйлөшүүнүн бузулушу, тилдин так эместиги, киркирек үндүн пайда болушу байкалат.

Ботулизмдин эң коркунучтуу көрүнүшү дем алуунун жетишсиздигинин өөрчүшү. Оорулуунун деми кыстыга баштайт, энтигүү, тахикардия, аба жетпеген сыяктуу сезимдер пайда болот. Эгерде өз учурунда жардам көрсөтүлбөсө гипоксиядан, жүрөктүн токтоп калуусунан өлүмгө учурашы ыктымал.

Оорунун алгачкы белгилери пайда болоор замат (көрүүнүн начарлашы жана жутуунун кыйындашы) жакын жердеги медициналык мекемелерге кайрылуу же «тез жардам» чакыруу керек.

БОТУЛИЗМДИН АЛДЫН АЛУУ

Мамлекеттик стандартизациялык мекемелер тарабынан тастыкталган нормаларга ылайык заводдук шарттарда өндүрүлгөн, консерваланган тамак-аштарды гана колдонуңуздар.

Ботулизмдин алдын алуу үчүн тамак-аш азыктарын консервалоонун санитардык нормаларын, кайнатып бышыруунун технологияларын так сактоо талап кылынат.

Консерваланган тамак-аштарды пайдалануунун алдында 20-25 мүнөт кайнатуу зарыл.

Үй шартында консерваланган азыктарды көчөдөн же базарлардан, жеке адамдардан сатып албаңыздар!

ЛИМОН

Апрелдин аягы майдын башында гүлдөп, мөмөсү август айында бышат. Күнөсканаларда өстүрүлгөнү жайы-кышы жемиш берет. Лимондун жалбырагын көлөкө жайда кургатып, талкалап 1 аш кашыгын 1 л сууга кошуп чай сыяктуу демдеп, күнүгө 3 маал 30 гр 2 ай ичсе кант диабетине эм болот.

Анын ширесин сыгып алып бетке түшкөн кара так менен сепкилге жапса, кетирет. Ар күн сайын 50 гр 3 жолу үзгүлтүксүз 1 ай ичсе бөйрөктөгү таш менен кумду түшүрөт.

Кан басымы мезгил-мезгили менен көтөрүлүп кете турган адамдар лимонду чайга үзбөй кошуп ичип жүрсө кандын айлануусун жөнгө салат.


АШКАБАК

Данеги адамдын денесиндеги майда жараттарды жана кан соро турган курттарды сүрүп чыгарат.

Жаш балдарга эрте менен ачкарын куурулган ашкабактын данегинен 2 даана берсе, ашказандагы курттарды айдап чыгарат. Ошондой эле ошол данекти кайнак сууга эзип, ага бал кошуп ичирет.

Андан башка ашкабактын куурулган данеги кан аралаш заарага пайдасы зор.

Аялдардын төрөттөн кийин буту-колу шишип кетүү дартын айыктырууга өбөлгө түзөт.

САБИЗ

Клеткалардын өсүшүнө, ичегиге, ашказанга, жарага, көздүн жакшы көрүшүнө, кандын көбөйүшүнө жардам берет. 1 кичине сабизди 1 стакан кайнак сууга 15 мүнөт демдеп пайдаланат. Бул жаш балдарга 1 кашыктан, чоң адамга 1 стаканды 4 бөлүп ичсе болот.

ДҮЙШӨНБЕК ЧОМО УУЛУ
(«Табыпчылык — улуу сыр» китебинен алынды)

<< >>

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.