Журнал Ден соолук+

Декабрь 2020-ж. 3-чыгарылыш.

2098

Үмүткан Чокморова:

«ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДА ЖЫНЫСТЫК БАЙЛАНЫШТЫН ЭРТЕ БАШТАЛУУСУ ӨКҮНДҮРӨТ«

Адамдын иммундук жетишсиздик вирусунун (АИВ) жугуу жолдору жылдан жылга өзгөрүүдө, бирок жыныстык жол аркылуу таралуу жолу басымдуулук кылып жатат. Буга каршы күрөшүү жаатында медицина тармагында мүмкүн болушунча аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу Республикалык СПИД борборунун директору Үмүткан Чокморова баяндайт.

АИВ-ИНФЕКЦИЯСЫ БАРДЫКОБЛАСТТАРДА КАТТАЛЫП ЖАТАТ
АИВ-инфекциясы быйылкы жылга карата бардык областтарда катталды, анын ичинен эң көп катталганы Чүй областы биринчи орунда, жаңы катталгандардын 30%ын чүйлүктөр түзөт, себеби ички миграциянын негизинде калктын көбү ушул жерге топтолгон. Экинчи орунда Бишкек шаары турат, статусун билгенден кийин бардыгы орун которуп кетип калышат. Элдин баары билип койду деген ойдо, бейтаптар арасында өзүн өзү кодулоо басымдуу, ошол себептүү бардыгы Чүй, Бишкекке топтолуп жатышат. Ош областында 1565, андан кийин Талас 142, Нарын 192, Көлдө 312, Баткенде 248 оорулуу катталып, эпидемия жаңы башталган баскычта турат. Оорунун жугуу жолдору боюнча алсак, жыныстык жол аркылуу 49%, баңгизатын колдонуучулардын арасында парентералдык жол (ийне аркылуу) менен 43%, энеден балага вертикалдык жол менен 3%болсо, аныкталбаган себептер 5%ды түзөт. Жынысы боюнча алганда 64%ын эркектер түзсө, аялдар 36%. Жаш курагы боюнча 20 жаштан 39 жашка чейинкилер– 67%га жетет. Булар негизинен жыныстык жол аркылуу жуктуруп алгандар. АИВ-инфекциясы 694 баладан катталып, алардын ичинен 85 бала каза болду. Балдар арасындагы жугуу жолдору боюнча алсак парентералдык жол менен жуктуруп алгандар 395 (56%) баланы түзөт. Булардын ичинен Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорундагы ооруканалардын ичинде жуктуруп алган балдар 391, вертикалдык жугуу жолдору менен жабыркагандар -262, жыныстык жоларкылуу – 2, аныкталбаганы – 37.
АИВ МЕНЕН КАДИМКИДЕЙӨМҮР СҮРҮҮГӨ БОЛОТ Эң негизги көйгөй өспүрүмдөр жашы жетелекте эле жыныстык катнашка барып жатышат. Бизге капыстан болгон жыныстык катнаштан кийин өзүн жаман сезип келгендер болот. Текшере келгенде АИВ-инфекциясы чыгат, алар менен жакшылап түшүндүрүп сүйлөшүп, эми өмүр бою дары ичип жашоого туура келерин айтабыз. Албетте өзүнүн статусун билүү өтө оор, айрымдар өтө катуу депрессияга түшөт. Биз бейтаптын дарыланышына моралдык колдоо көрсөтөбүз. Себеби эгерде дайыма дарыларын үзгүлтүксүз ичип, сергек жашоо мүнөзүн карманып жашай турган болсо, АИВ менен кадимкидей узак өмүр сүрүүгө, үйлөнүп балалуу болууга болот. 2017-жылы БУУнун Башкы Ассемблеясынын кезектеги сессиясында декларация кабыл алынып, 2030-жылга чейин кургак учук, гепатит, безгек, АИВ жана башка тропикалык ооруларды жок кылуу үчүн ЮНЕЙДС эл аралык уюму «90-90-90 стратегиясы» деп аталган стратегияны иштеп чыккан. Биринчи 90 — 2021-жылга чейин АИВ-инфекциясын алып жүргөндөр өзүнүн статусун билиши керек, экинчи 90 — АИВ-инфекциясы аныкталгандар дарыланууга камтылышы керек, үчүнчү 90 – дарыланып жаткандардын вирустук жүктөмү азайтылышы керек. Мисалы биз АИВ-инфекциясы аныкталган бейтаптарды ошол замат антиретровирустук дары каражаттары менен дарылай баштайбыз, эгерде дарыларды өз учурунда иче турган болсо вирустардын саны азайып, иммунитет жогорулай баштайт. Ошондуктан 3 айда бир жолу кандын курамындагы вирустун өлчөмүн жана СD-4 клеткаларын текшерип турабыз. Азыр бир республиканын аймагындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору электрондук байкоо системасына камтылган, ал жакта катталган оорулуулар дарыларын ошол жерден эле алып көзөмөлдө болушат. Анда вирустук жүктөм байкоого алынат, дары ичпей жүргөн бейтаптардын иммундук клеткасы азайып калгандыктан ошол замат билип коюуга болот.
БЕЙТАПТАР ЭЛЕКТРОНДУК БАЙКООАРКЫЛУУ КӨЗӨМӨЛДӨНӨТ
Учурда 10 миңге жакын адам вирус инфекциясы менен жашайт, биз алардын 70%ын гана таптык. Анткени адамдын иммунитети жакшы болсо вирус менен 5-10 жылга чейин билинбей жашап жүрө берет. Эгерде башка оорулар менен ооруп жүргөн болсо үч айдан кийин эле АИВдин симптомдору билине баштайт. Себеби жөнөкөй эле грипптин татаалдашуусунан дагы каза табышат. Саламаттык сактоо системасында АИВге милдеттүү түрдө текшерилиши керек болгон бейтаптардын коддору бар, 100-код Кыргыз Республикасынын жарандары, 200-код чет өлкөлүк жарандар. 102, 105, 104 деген коддор бар. Мисалы, 102-код бул баңгизатын пайдаланган адамдар, ошондой эле тери венерикалык диспансерине көрүнүүгө келген венерикалык оорулуулар, кургак учук оорулуулар дагы текшерилет. Бизде ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү бар, эгер ооруканада жатып калган адамдардын бир айдан ашык ичи өтсө, дене табы жогору болуп түшпөй жатса, симптомдору байкалбастан эле бездери чоңоюп калса дарыгерлер сөзсүз түрдө АИВге текшерилүү керектигин билишет. Ошондой эле секс кызматкерлер менен иштеген бейөкмөт уюмдар аларды текшертип турушат. Дарыланып жатса дагы айыкпаган оорулар дагы АИВге текшерилет, ошондой эле онкологиялык оорулар дагы текшерилет. Кээ бирөөлөр оорусун билбеген себептен өтө кеч, СПИД болгон 4-баскычта кайрылышат, тилекке каршы, алар каза табышат. АИВ инфекциясын эрте аныктоо үчүн БӨУлардын базасында шилекейден жарым сааттын ичинде аныктоо ыкмасы кирди. Бул экспресс-тестирлөө секс-кызматкерлерге, баңгизатын пайдалангандарга, абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга жасалып турат. Мындай тестирлөө ыкмалары Наркология борборунда жана БӨУнун базасында бар. Экинчи ыкма төрөт үйлөрүндө жарым сааттын ичинде капиллярдык кан аркылуу аныктоо ыкмасы. Аталган ыкмалар Орто Азия боюнча биринчилерден болуп биздин өлкөдө киргизилди жана каттоого турбай жүрүп төрөй турган маалда келген кош бойлууларды СПИДке текшерүүдө эң ыңгайлуу ыкма болууда.

АИВ (ВИЧ)-инфекциясы деген эмне?
АИВ (ВИЧ) — адамдын иммундук жетишсиздик вирусу, ал организмге кирет жана анын иммундук системасын бузат. Ал АИВди пайда кылуучу жугуштуу өнөкөт оору.
ЖИКС (СПИД) – жуктурулган иммундук-жетишсиздик синдрому, АИВдин акыркы баскычы, ал иммундук жетишсиздик вирусу менен адамдын коргонуу системасы алсыраган учурда өөрчүйт.
АИВ жуктуруп алган адамдарды – АИВ менен жашаган адамдар — АЖА (ЛЖВ) деп аталат.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.