Журнал Ден соолук+

Декабрь 2020-ж. 3-чыгарылыш.

2084

Замира Орунбаева:

«Бизде абал туруктуу«

Ушул тапта биринчи пандемия учурундагыдай кооптонуу азыраак болгондуктан адамдар той-аштарга барып жатышат. Беткап тагынуу, эл көп топтошкон жерлерге барбоо тууралуу эрежелерди көпчүлүгү унута башташты. Аларга бөгөт коюу боюнча кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы тууралуу Жалал-Абад областынын Саламаттык сактоо координатору Замира Орунбаева айтып берди.

— Жалал-Абад областында учурдагы пандемия боюнча абал кандай?
— Биздеги акыркы маалымат боюнча Жалал-Абад областында 9920 жаран коронавирус оорусуна чалдыккан. Анын ичинен 4442 бейтап лабораториялык жол менен, 5478 бейтап клиникалык жол менен тастыкталган. Област боюнча 14 стационарда бейтаптар дарыланып жатат. Андагы керебеттердин саны 645. Андан сырткары күндүзгү 18 дарылануу стационары ачылган. Ал жакта орто оор жана жеңил формадагы бейтаптар каралууда. Дарыланып жаткандардын саны 366. Жаңы табылгандардын ичинен 30 адам амбулатордук түрдө, 199 адам стационарда дарыланууда. Айыгып чыккандардын жалпы саны 93879ду түздү.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу элди кантип дарылап жатат?
— Учурда област боюнча 17 мобилдик топ иштеп жатат. Ар бир топко бир дарыгер, анын жардамчысы жана бир айдоочу бар. Алар COVID-19 инфекциясына күмөн болгон бейтаптарды үйүндө көрүп стационардык же амбулатордук дарылоого жолдомо беришет. Үйдөгү байланышта болгон адамдардан ПЧР анализге сүртүндү алып, лаборатордук текшерүү үчүн Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборуна жеткиришет.
Санитардык эрежелерди сактоо боюнча элдин арасында маалыматтын жеткиликтүүлүгү, түшүндүрүү иштери кандай болууда?
— Эл арасында санитардык эрежелерди сактоо боюнча медицина кызматкерлери, Ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистери, айылдык ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Стационардык дарылоо мекемелеринде өпкөнү жасалма дем алдыруу жабдуулары, кычкылтек концентраторлору жетиштүү түрдө камсыздалган. Азыркы учурда суюк кычкылтек системалары орнотулууда. Күндүзгү дарылоо стационарларында кычкылтек концентраторлору жетиштүү түрдө колдонулуп жатат.
— Медайым, дарыгерлер жетиштүү элеби?
Жалал-Абад областы боюнча 184 дарыгер жетишпейт. Бул жаңы бүткөн дарыгерлер айлык акынын аздыгынан ишке орношууга келбей жаткандыгына байланыштуу болууда. Орто медицина кызматкерлеринин саны жетиштүү. Дарыгерлердин жетишсиздиги боюнча маселе чечилсе ооруканаларда дагы натыйжалуу жыйынтыктар болмок деп эсептейм. Буга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу керек, бул учурдун көйгөйү.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.