Журнал Ден соолук+

Декабрь 2020-ж. 3-чыгарылыш.

2098

Жардам берүү жакшылыктын жарчысы

Пандемия убагында ар тараптан жардам кылган ыктыярчылар, азыр да ишин улантууда, муктаждарга бирдей жардам берүү үчүн бир канча фонддор, ыктыярчылар тобу биригишкен. Дарыгерлерге күн сайын тамак жасаган ыктыярчылар кылган иштери тууралуу буларды айтып беришти.

БЕК БЕКОВ:
Ыктыярчылыкты качан баштадыңыз?
Жеке ишкермин буга чейин эле жетим балдарга, карылар үйүнө бир жылда бир, эки жолудан кайрымдуулук иштерин кылчубуз. Ушул жылдын март айынан тарта пандемия башталганы дарыгерлерге да жардам бере баштадык. Башында шаар ичине карантин киргизилип, коомдук транспорттор токтоп турган учурда автоволонтерлук менен алектендик, дарыгерлерди үйүнөн жумушка, жумуштан кайра үйүнө жеткирип жүрдүк. Райондорду бөлүп алдык. Кийинчерээк дарыгерлерге тамак жетишпей посттордо турган дарыгерлерге, жаңы ачылган обсервациядагы дарыгерлерге тамак ташый баштадык. Ыктыярчылар улам кошулуп отуруп коомдук «Гильдия Добра» деп аталган бирикме түздүк.
— Азык-түлүккө каражатты кайдан алып жаттыңыздар?
Каражатты өзүбүздүн чөнтөгүбүздөн жана чет мамлекетте иштеп жүргөн жорожолдош, мекендештерибизден алып жаттык. Өзүм тааныган сыртта иштеп жүргөн досторума кайрылдым, алар жанындагы туугандарына, тааныштарына айтышты. Диаспоралар да четте калган жок. Чет мамлекетте иштеп жүргөн мекендештер акчалай эле эмес бул жакта жетишсиз болгон, жок болуп жаткан дары-дармектерди жөнөтүп турушту. Көп жардам ошолордон болду. Учурдан пайдаланып аларга ыраазычылык билдиребиз.
— Бүгүнкү күндө жалпысынан канча ыктыярчы бар?
Жалпы саны 600гө барат. Анын ичинде дарыгерлер, автоволонтер, ашпозчу, жөнөкөй ыктыярчылар жана башкалары бар. Учурда эки багыт менен иш алпарып жатабыз. Бири обсервациядагы дарыгерлерге тамак жеткирүү, экинчиси мобилдүү бригада. Мобилдүү бригадада 11 унаа бар, алар 4 адамдан турат. Бир дарыгер, бир мед жардамчы, айдоочу жана бирөө адамдарды көтөрүшүп жардам берет же концентратор менен жүрөт. Биз Дания Кадыркулова, Айжан Абакирова, Долкунжан Иллахунов төртөөбүз тамак жасоо багытындабыз. Бүгүн 100 адамга тамак даярдайбыз, күнүгө түшкү же кечки тамактарын жасап беребиз.
-Сиздерге эмне жагынан жардам керек?
— Бизге да азык-түлүк жагынан жардам берген жарандар бар. Алар бир кап картошка, бир кап пияз болсо да «жардам» деп берип кетишет. Эгер бизге жардам беребиз дешсе, акчалай жардам албайбыз, түгөнүп бараткан азык-түлүктү алып берүүнү сунуштайбыз. Азырынча баары жетиштүү. Пандемия учурунда бир күндө 500-600 порция тамак даярдачубуз, азыр 100-150 порция жасап калдык. Бир бригада тамак жасайт, экинчи бригада жеткирип берет. Мурдагыга караганда жумуш жеңилдеп калды.
Сиздер тамак жасап жаткан ашкананын ээси кантип уруксат берди? Үйбүлөңөргө кооптуу учурда кантип иштедиңер?
— Бул мекеменин ээси Долкунжан Иллахунов да 2012-жылдан бери кайрымдуулук кылып жүргөн адамдардын бири экен. «Дари добро» деген фонду бар. Бизге ашканасын өзү сунуштады. Пандемия убагында үйдөгү туугандарга ооруну жугузуп албайлы деп, үйгө барбай ушул жерге 4 бала жатып иштедик.


«Дари добро» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Долкунжан Иллахунов:

«КЫРГЫЗСТАНДА БИЛИНБЕГЕН МЕКЕНЧИЛ АДАМДАР КӨП ЭКЕН»

«Гильдия добра» кайрымдуулук бирикмеси 16 кайрымдуулук фонддон турат. Алгач ишибиз пандемияда автоволонтерлуктан башталды. Биринчилерден болуп Виктория Победа болду. Алар менен биригип ыктыярчыларды өзүбүзгө кошуп, шаар ичине коюлган постторго тамак жеткирип турдук. Андан тышкары карантинде көп иштер токтоп, иши жок калып үй-бүлөсүн тамак-аштан камсыз кылалбай калгандарга жардам кыла баштадык. Бизге атайын меценаттар азык-түлүк жагынан көмөк көрсөтүштү. Аларды баштыкчаларга бөлүштүрүп атайын түзүлгөн тизме менен берилген даректерге жеткирип турдук.

НЕГИЗГИ МИЛДЕТ ЖАРДАМ БЕРҮҮ
Буга чейин мен иштеткен фонд балдар үйүнө жардам берип келгенбиз. Биздин максат бир гана тамак-аш менен эмес ар тараптан жардам берүү. Мисалы балдарды цирк, театр, музейлерге алып келүү. Бир жолу кийим жагынан жардам берүүнү суранышканда, балдарды атайын «Бишкек парк» соода борборуна алып келдик, алар өздөрү тандап алышты. Алардын кубанганын көрүп биз да алардай кубанганбыз. Дагы айта кетчү нерсе региондордогу муктаж болгон үйбүлөлөргө жардам берели деп чечтик. Бизге окшогон жардам берген топтор жок эмес. Кыргызстанда билинбеген мекенчил адамдар көп экен. Өзгөчө жаштар эл үчүн дегенде көздөрү күйүп, жан дили менен берилгени билинип жатты. Ошондуктан пандемия учурунда жаштарды бириктирип атайын алар үчүн окууларды уюштурдук. Дарыгерлер Алексей Кварцов жана Султан Стамбекев, Рысбек Букарадинов «Өздөрүн жана жакындарын коронавирустан кантип сактануу керек» деген темада коопсуздук чаралары боюнча 48 ыктыярчыны окутуп беришти.
АЛДЫДАГЫ ПЛАНДАР
Учурда «1:1» студиясынын колдоосунда «Өзүбүздү кантип коргосок болот?», «Жардам деген эмне?» деген ролик тарттырып жатабыз. Кыргызстанда 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү бар болгондуктан, ал роликти эки гана тилде эмес бир канча тилге которуп чыгаралы деп жатабыз. Анткени пандемия учурунда дарыгерлерде бир окуя болду. Алар чакыруу менен бир айылга барганда атасынан башка үй-бүлө мүчөлөрү эки тилди тең билишпейт экен. Ошол учурда атасы башка жерде болгон, телефон байланышы да начардыгынан дарыгерлер сүйлөшө албай, атасын күткөнгө туура келген. Бул роликти башка мамлекеттерге да таркатабыз, анткени аларда да так эле биздикиндей маселе бар.
ӨКМӨТТӨН КОЛДОО КҮТӨБҮЗ
Дагы бир белгилей кетчү нерсе, өкмөт тараптан бизге жардам керек. Ал жардам Кыргызстандагы ыктыярчылардын баарын бириктирүү. Бизден башка бир топ ыктыярчылар пандемия учурунда чакырууларга концентраторлор, дары-дармектер менен барып жүрүштү. Булардын арасында өзүн көрсөткүсү келген, атын чыгаргысы келгендер, эл аралык уюмдар менен иштешкен фонддор болду, алардын максаты бир аз башка. Бардык фонд, ыктыярчылардын башын бириктирсе бир берилген жерге эки-үч жолу жардам берилип, такыр жардам алалбай калган учурлар катталмак эмес. Биздин негизги максатыбыз муктаж болгондордун баарына бирдей жардам берүү.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.