Журнал Ден соолук+

Декабрь 2020-ж. 3-чыгарылыш.

2098

АКАДЕМИК АЛТЫМЫШЕВДИН 90 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА

Кыргыз бальзамынын автору академик Алтымышев

Медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Арстанбек Алтымышевдин (1930-2011-ж.) фармакология жаатында жасаган зор эмгеги ушул кезге чейин адамдардын ден соолугун чыңдоого салымын кошуп келе жатат.

Академик Арстанбек Алтымышев 1930-жылы Кемин районундагы Кара-Булак айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктаган соң илимий иштер менен алектенген. Табигый тектүүдагы, ошондой эле синтетикалык тектүү физиологиялык активдүүзаттарды биология, медицина жана химия илимдеринин айкалышуусунда, ошондой эле аларды теориялык негиздөө мененфармако-токсикологиялык изилдөөлөр жаатында ири адис болуп саналган. Ал биринчилерден болуп дарылык касиети бар, экологиялык жактан таза сырьедон өзгөчө тандоо жолу менен бөлүнүп алынган биологиялык активдүүзаттардын табигый комплекстеринен турган дарылоочу бальзамдарды теориялык жактан негиздеп жана СССРдин саламаттык сактоо жана эл чарбасынын тажрыйбасына жайылткан.

Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында өскөн дары чөптөрдүн негизинде иштелип чыккан, биостимулдаштыруучу таасирге ээ болгон «Арашан» бальзамы Познань, Дамасктагы эл аралык көргөзмөлөрдүн Ардак дипломдоруна, Лейпцигдеги, СССРдин ЭЧЖКда (ВДНХ) эл аралык жарманкеде алтын медалга татыктуу болгон, көптөгөн өлкөлөрдө патенттелип жана Кыргыз Республикасына жана Россия Федерациясына жайылтылган.

СЫЙЛЫКТАРЫ ЖАНА ЭМГЕКТЕРИ
Фармакологиянын өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн «За доблестный труд» медалы жана СССР Жогорку Советинин мааракелик медалдары, Кравков атындагы медаль, С.Л.Королев атындагы медаль, программага кошкон салымы үчүн «Интеркосмос», СЭВ өлкөлөрүнүн Координациялык комитетинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Орус, англис, немис, испан жана башка тилдерде басылып чыккан «Кыргызстандын дары чөптөрү», «Жаратылыштагы дары каражаттар», «Мумие жөнүндөгү очерктер», «Чай, кофе жана бальзамдар», «Уулар жана ууга каршы заттар», «Харуфот» (узак жашоо) аттуу китептердин автору. 500дөн ашуун илимий иш жана 15 монография жарыяланган, 40тан ашуун ойлоп табуунун автору.

НЕГИЗГИ ОЙЛОП ТАПКАНДАРЫ:
1.«Ликорин» дары ка ражаты. Авт., күб. №- 27017,1970.
2.Ачуу тундурма үчүн аралашма «Арашан» Кыргыз бальзамы. Авт., күб. № 3844 (2,1973.)
3.«Гипомин» тамак-аш биостимулятору. Авт., күб. № 133919.1987.
4.Микробго каршы активдүүлүккө ээ болгон натрий глутаминатынын сульфанаты. Авт., күб. № 1450334,1989.
5.Ачуу тундурма — «Арстан» бальзамы. Кыргыз Республикасынын алдын ала берилген патенти. Авт., күб. № 154,1997.

<< >>

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.