Журнал Ден соолук+

Декабрь 2020-ж. 3-чыгарылыш.

2098

Хирургдардын атасы Мамбет Мамакеев

Медицина илимдеринин доктору Мамбет Мамакеев дүйнөдөгү эң узак убакыт иштеген жашы улуу хирург катары Гиннес рекорддор китебине кирген. Анын хирургия жаатында жасаган опол тоодой эмгеги кыргыз медицинасына зор салым кошту. Хирургдун эң эле узак эмгек жолу 67 жыл жана 181 күндү түзөт, бул көрсөткүчкө бишкектик (Кыргызстан) Мамакеев Мамбет Мамакеевич жетишти. Маалымат 2020-жылдын 29-февралында тастыкталган.

М.Мамакеевге ошондой эле медицинадагы жетишкендиктери үчүн Кыргызстандын ардактуу атуулу, Кыргыз Республикасынын Баатыры «Ак-Шумкар» наамы ыйгарылган.
Учурда атактуу хирург 92 жашта, ал ушул кезге чейин операция жасайт. 1927-жылы Ысык-Көл областынын Кереге-Таш айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна (КММИ) 1946-жылы окууга өткөн. Бешинчи курста Мамбет Мамакеевич биринчи жолу госпиталдык хирургия кафедрасына кирип, ошол боюнча ага өзүнүн өмүрүнүн эң сонун жылдарын арнаган. 1957-жылы аспирантураны аяктагандан кийин Мамбет Мамакеевич госпиталдык хирургия кафедрасындагы өзүнүн окутуучусу М.Е. Фридманга ассистент болуп орношот. Жаш адис клиникада бир нече сутка катары менен нөөмөттө туруп, жүздөгөн оорулууларды текшерет жана дарылайт, сансыз операцияларды жасап, студенттерге сабак берет, хирургия боюнча илимий иштерди окуйт, изилдөө иштери менен активдүү алектенет. Ушул жылдары Мамбет Мамакеевич студенттер менен республиканын ар кайсы аймактарына өндүрүштүк тажрыйбага барып турган. Кафедранын жаш ассистенти жергиликтүү хирургдарга активдүү түрдө тажрыйбалык жардам көрсөткөн. Абалы кыйла оор бейтаптарга өзү операция жасап жана консультация берген. Кесиптик жактан өсүү жолунда бара жаткан адистин мыкты окумуштуу жана хирург, уюштуруучу-педагог катары таланты дагы ачылат. Анын жетекчилиги астында бир катар прогрессивдүү реформалар жүргүзүлөт. 15 миңден ашык хирургиялык кийлигишүүлөрдү жасап, 100 миңден ашуун оор абалдагы бейтапка кеңеш берген. Илимий иштердин, ошондой эле дарылоо жана дарт аныктоо ыкмаларынын, усулдардын автору. Мамбет Мамакеев ич көңдөйгө лапароскопиялык жана лапаротомиялык хирургиялык кийлигишүүлөрдү күн сайын жасоо аркылуу өзүнүн дүйнөлүк рекордун жакшыртууну улантууда. «Хирургия, бул илим, ал коомдук өндүрүштүн эң эле рентабелдүү тармагы. Бүгүнкү күндө коомчулук ага муктаж, ал ага эртең дагы жана ар дайым муктаж боло бермекчи»-, деп ал өзүнүн «Улукмандык-узак жол» автобиографиялык китебине жазган. 

<< >>

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.