Журнал Ден соолук+

Декабрь 2020-ж. 3-чыгарылыш.

2098

2020-ЖЫЛ МЕДАЙЫМ ЖАНА АКУШЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЭЛ АРАЛЫК ЖЫЛЫНА КАРАТА

Максат Белекова: «Төрөт үйү экинчи үйүм»

Жылдан жылга элдин дарыгерлерге болгон урмат-сыйы азайып бара жаткандай. Көпчүлүгү дарыгерлерге нааразы болуп, чатак чыгарып, кол көтөргөнгө чейин барышат. Мындай түмөн түйшүктүү иши тууралуу Бишкек шаарынын №2 төрөт үйүнүн акушери Максат Белекова баяндайт.

— Алгачкы иштеген жылдар менен азыркы учурдагы айырмачылыктарды айта кетсеңиз?

— Албетте мурдагы жылдар менен азыркы жылдардын айырмасы бар. Мурда жазма иштер аз болгон. Журналга ар бир нерсени каттоо деген жок эле. Азыр кылган жумушубуздан жазган жумушубуз көп. Ал эми медициналык жабдуулар жаңырды. Электрондук градусник, УДИ (ультра добуштуу изилдөө) аппараттары жакшы болуп калды. Баарынан да мени таң калтырган нерсе бул адамдардын бизге болгон мамилеси. Мен эмгек жолумду 21 жашымда баштадым. Ал кезде чоң эле эжелер, апалар «рахмат кызым» деп жакшы сөздөрүн айтып кетишчү. Азыр негедир нааразы болгондор көп. Эмнеге андай, эмнеге мындай, эмнеге силерде дарыңар жок деп эле турушат. Азыр атайын белгиленген акысыз берилүүчү дарылар бар, калган керектүү дарыларды өздөрү сатып алышы керек. Ошентип рахмат айтмак тургай коркутуп, арыз жазабыз деп, ал эмес кол көтөргөн учурларды деле билсеңиздер керек.

— Эмнеге өкүнөсүз?

— Беш бир туугандын экинчиси болом, менден башкасынын баары мугалим. 1995-98-жылдары КараБалтадагы медколледждин фельдшер-акушердик факультетин бүткөм. Ошол бүткөн жылдан баштап ушул экинчи төрөт үйүндө 24 жылдан бери иштеп келе жатам. Бир кыз, бир уулум бар. Жаш кезимде дарыгерликти окуп албай деп, дарыгер болуп калбаганыма өкүнөм. Ошол учурда 8-9 жыл окугуча картайып кетем, турмуш куруш керек, балалуу болуш керек деп ойлочумун.

Анын үстүнө өзүмдөн кийинки бир туугандарым да окусун, ата-энем кыйналып калбасын деп аларды аяп иштеп кеткем.
Бирок ата-энем каршы болгон эмес, кийин бизди күнөөлөбө деп да айтышкан. Бул менин гана чечимим болгон. Ошого өкүнүп кетем. Мектепте окуп жүргөндө эле апам тигип берген ак баштыгым бар эле, кызыл крестиги бар. Ошол баштыкка кайчы, бинт, синтомицин майын, йод салып берчи. Бирөө жыгылып кетсе сыйрылган жерин йод менен тазалап, майды сүйкөп берчүмүн. Ошол нерсеге эле өзүнчө бактылуу болуп, өзүмдү чоң иш кылгандай сезчүмүн.

— Каттоосу жок АИВ/ЖИКСке (ВИЧ/СПИД ред.) анализи жок кош бойлуу аялдар толгоо менен келген кооптуу учурларда эмне кыласыздар?

— Андай учурда алабыз, албай койгонго укугубуз жок, аларды кемсинтип бөлгөнгө болбойт. Келгенден кийин анализ алабыз, эки күндө чыгат.

Ошондуктан биз өзүбүздү сакташ үчүн дайым медициналык колкап киебиз. Бул оору адамдын сыртынан билинбейт жана кол алышуу, кучакташуу, өбүшүү жана буюм-тайымдар аркылуу жукпайт. Эгер анализинде тесттин жыйынтыгы оң болуп чыгып калса, биринчи эле жетекчиге айтылат, жашаган жерине жана атайын дарылоо борборуна гана маалымат берилет.

— Жумушуңуз сиз үчүн эмнеси менен кызык?

— Биздин бөлүмгө төрөгөндөр гана эмес, төрөгөндөн кийин, айына жетпей төрөгөндөр, кансырап келгендер ар түрдүү абалда келип жатышат. Аларга тамчылатма дары коюп, ден соолугуна кичине болсо да жардам берип жатканыбызга каниет кылып иштейбиз. Ошонусу менен кызык деп ойлойм. Кыйналып келип, биздин колубуздан жакшы болуп чыгап жатса аларды көрүп ичибиз жылыйт.

<< >>

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.