Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс №7 Апрель 2022-жыл

1653

Анархан Киизбаева:

«Биз кетсек ордубузга
иштегенге киши жок»

Айыл калкынын саламаттыгын сактоо өлкө үчүн маанилүү багыттардын бири. Ошентсе дагы кадр жетишсиздиги бул тармакта көйгөйлөрдү жаратууда. Бул тууралуу Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Дмитриевка Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна (ҮДТ) караштуу Доктурбек Курманалиев атындагы айылынын фельдшер-акушери Анархан Киизбаева баяндайт.

«Айылыбыздын калкынын саны 927 адам, алардын ичинен 587си 14 жашка чейинки балдар. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 21 адам болсо, алардын үчөө 18 жашка чейинкилер. Айылыбыз чакан болгондуктан ар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн баарын тааныйм, шашылыш жардам керек болуп кайрылган учурда ар дайым жардам көрсөтүүгө аракет кыламын. Пандемия учурунда көбүнчөсүн телефон менен онлайн консультация берип турдум,»- деп сөзүн баштады Анархан эже.

БАЛАНЫ ЭМИЗИП БАГУУГА КЕЛИНДЕР КЫЗЫКДАР БОЛО БАШТАДЫ
Жетилген курактагылардын ара- сында артериялык кан басым оорусу, балдар арасында аз кандуулук, акыркы мезгилдерде кант диабети оорусу дагы көбүрөөк кездеше баштаган. «Жаш балдардын арасында анемия көп кездешкендиктен ата-энелер менен иш алып барып, туура тамактанууга талап коюп, дарылап, канын кайра ордуна келтиребиз. Жалаң эне сүтү менен багууга көп көңүл бурабыз, келиндерге ымыркайды алты айга чейин эне сүтү менен багып андан кийин талаптагыдай кошумча тамак берүүсүн түшүндүрүп турам. Жаш келиндердин арасында өнөкөт аз кандуулук болгон беш аял бар, аларга медикаментоздук жардам көрсөтүлүп, дайыма туура тамактануусу керек экендигин тынбай айтып турабыз. 2019-жылы Эне сүтү менен багуу долбоору менен иштей баштаганбыз, өзүбүз борбордон барып окуп келдик. Балдарды профилактикалык кароого алып келген күндөрдө энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларга китепчелерди, плакаттарды таркаттык. Кошумча тамак киргизүү тууралуу толук маалымат берип келиндерге, кайненелерине да айтып түшүндүрүп турабыз. Келиндерибиз өздөрү да кызыкдар, «апа, мындай болуп жатат эмне кылсам болот?» дешип акыл сурап турушат. Айылда сүт азыктары, жашылча жемиштердин түрлөрү жеткиликтүү эле, огородго тигип алышат, болбосо базарда, айылдын дүкөндөрүндө да сатылат. Каалаган учурда алып түрлөп салат жасап жегенге мүмкүнчүлүк бар. Санитария гигиенага да басым жасайбыз, акыркы кездери айылыбызда үйүнө суу киргизип, ыңгайлуу шарттарды түзүп алып жатышат, болбосо илгери айылда бышма кудуктан суу колдонуп келгенбиз. Ал эми бул ФАПыбыздын авариялык абалга келген имаратынын ордуна 2014-жылы ноябрь айында Германиялык долбоор аркылуу АРИС тарабынан курулуп берди. Ичи талапка ылайык, жылуу, электр кубаты менен жылытылат.»- деп жагдайды түшүндүрдү А.Киизбаева.

АЙЛЫК АЗДЫГЫНАН ЖАШТАР КЫЗЫКПАЙ ЖАТАТ
Борборго жакын айыл болсо да, айлыктын аздыгынан келип иштегенге жаштар көп кызыкпаганына токтолуп кетти Анаркан эже. Анын айтымында, ФАП карамагында турган Дмитриевка ҮДТсында эки дарыгер иштеш керек болсо, учурда бир гана врач иштейт, ҮДТнын жетекчиси Людмила Трофимовна Больных деген апа бар, ал өзү 80 жаштан ашып калса да, врач жетишпегендигине байланыштуу иштеп жатат. «Людмила Трофимовна өтө тажрыйбалуу дарыгер, биз фельдшерлер андан көп нерсени үйрөнүп калууга аракет кылабыз. Ошону менен бирге ҮДТнын улуу медайымыбыз Салтанат Карабаева эжебиздин да 30 жылдан ашуун тажрыйбасы бар, биздин Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда үч жылдан бери эмгектенет. Азыр Жээк айылында фельдшер жок болгонуна байланыштуу ал жакка да, Кычан Жакыпов орто мектебин да карап, барып иштеп турам. Эми айылга биздин ордубузга иштейм деген киши табылбайт, буюрса каалагандар болсо үйрөтүп, тажрыйбабызды бөлүшүп кетсек жакшы болмок» – деп сөзүн жыйынтыктады Анаркан Киизбаева.

Маектешкен Гүлбайра Абдраимова

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.