Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс №7 Апрель 2022-жыл

1663

Алымкадыр Бейшеналиев:

«Реформалар элдин кызыкчылыгы үчүн жасалууда»

Акыркы жылдарда республиканын саламаттык сактоо тармагы кыйроо абалына жеткени, эл үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгү төмөндөп кеткендиги коомчулукта чоң көйгөй жаратып келе жатат. Учурда бул тармакта башталган реформалар кызуу талкууга түшүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен маек курдук.

— Алымкадыр Савирдинович, учурда өлкөдө саламаттык сактоо тармагында көрүнүктүү реформалар башталып, карапа­йым эл бир жагынан кубанса, бир жагынан реформага каршы чыккан­дар да жок эмес. Ушул тууралуу сөз кылсаңыз.

— Советтер Союзунан бизге ка­тары менен бейтапкана, балдар бейтапканасы, айылдык пункттар жайгашкан аймактык ооруканалар­дын үзгүлтүксүздүгү өкүм сүргөн система калган. Булардын бардыгы бузулуп, кичинекей медициналык мекемелер ачылган. Бейтапканалар үй-бүлөлүк медицина борборлоруна айлантылып, ооруканаларда кой­ка-орундар азайтылган. Райондо үй-бүлөлүк беш дарыгер болсо дагы бейтап кайда бараарын билбей кал­ган. Дарыгер аймактык ооруканага ультра добуштуу изилдөөгө бейтап­ты жөнөтө алган эмес, анткени ал жерде аппарат болгон эмес. Ал эми тез жардам такыр эле башка жерде, өзүнчө болгон. Алыскы райондордо дарыгерлер жетишпейт, заманбап медициналык жабдуулар жок, мам­лекеттик лабораториялар дээрлик иштебейт. Материалдык каражат­тардын жоктугунан улам ар бир эле жаран сапаттуу медициналык тейлөө­гө ээ боло албайт. Жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыктары жакшы эле болуп жатат, Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы иштей баштады, президент 2011-жылдан бери токтоп калган Улуттук Госпиталдын оңдол­гон корпусун карап чыкты, мамлекет­тик ооруканалардын имараттарына ачылган менчик ооруканаларды ижара келишимдери токтотулуп кай­ра өзүбүзгө алдык, мисалы №2 Төрөт үйүнүн имараты кайтарылды, эми ал жерде төрөй турган аялдарды кабыл алууга орундар көбөйөт, «Алтын Ба­лалык» балдардын реабилитациялык борбору оңдолууда, ден соолукту чыңдоо боюнча иштер жүргүзүлүп жа­тат. Жасалып жаткан реформаларды биздин медицинанын корифейлери – Миталип Мамытов, Мамбет Мама­кеев жана башкалар колдоп жатышат. Ошондуктан мен реформаларды мындан ары дагы жүргүзө берем, биздин саламаттык сактоо система­бызды калыбына келтирем жана аны элдин кызыкчылыгы үчүн жүргүзөм деп айта кетким келет.

-Бишкек илимий-изилдөө трав­матология жана ортопедия борбо­рунун Шаардык медициналык тез жардам клиникалык ооруканасына кайра түзүлүүсү кыргыз медицина­сы үчүн кандай мааниге ээ?

— Бишкек шаарынын травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борбору 2015-жылдан бери мыйзам­сыз иштеп келе жаткан. Муну юри­сттер далилдешти. Буга чейин тез жардам кызматынын кызматкерлери диагноз коюу үчүн оорулууларды бүт шаардын ичин кыдырып алып жүрүшчү. Эми болсо бардык дарыгер­лер бир жерде болушат. Мен кыргыз элине сапаттуу саламаттык сактоону кайтарып берүү үчүн өмүрүмдү жана кадыр-баркымды тобокелге салып жатам. Акыры кимдир-бирөө попу­лярдуу болбогон бир чечим кабыл алышы керек да. Шаардык меди­циналык тез жардам клиникалык ооруканасы калкка курч кармаган ооруларда, жаракаттарда, кырсык­тарда, ууланууларда, ошондой эле массалык жабыркоолордо сутка боюу шашылыш медициналык жардам көрсөтүүчү көп профилдүү адистеш­тирилген мекеме болот.

— Медицина кызматкерлерин даярдоо өтө орчундуу мааниге ээ эмеспи. Ошол себептүү медици­налык билим берип жаткан окуу жайларына жүргүзүлүп жаткан реформалоо дагы коомчулуктун колдоосуна ээ болууда. Ушул жааттагы реформалар тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

— Кыргызстанда медициналык окуу мекемелеринде, билим берүүнүн сапаты начар. Бизди 10-15 жылдан кийин ким дарылай тургандыгы тууралуу ойлонууга тийишпиз. Окубаган жана ЖОЖду араң бүткөн дарыгерлер келечекте өлкөнүн гене­фондуна чоң зыян келтирет. Учурда клиникалык базасы жок медицина­лык окуу жайлардын лицензияларын алуу пландалууда же болбосо алар клиникалык базасынын жана тие­шелүү шарттарынын бар экендигин далилдеши керек. Жеке менчик ме­дициналык ЖОЖдордун клиникалык базаларына жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгында жеке 17 ЖОЖдун ичинен 8инде студенттердин ади­стиктер боюнча окутуудагы тажрый­балык көндүмдөрдү жана ыкмаларды өнүктүрүүнү калыптандыруу үчүн шарттары бар экен. Ал эми калган жеке 9 билим берүү уюмдарында же­тишсиз, калгандарында бул шарттар такыр эле жок. Жыйынтыктар боюнча төмөнкү ЖОЖдордун белгиленген үлгүдөгү 6-формасын чакыртып алуу чечими кабыл алынды: Ош эл аралык медициналык университети; Кыргыз медиициналык-стоматологиялык институту; «Роэль Метрополитен университети»; «Авиценна» Эл аралык медициналык институту; «АВС» Ака­демия; Бишкек эл аралык медицина­лык институту; Эл аралык медицина жана илим университети. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрли­гинин дарегине жогоруда белгилен­ген, мурда 6-форма албаган 7 ЖОЖ жана 2 ЖОЖ боюнча тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн билдирме жөнөтүл­дү, булар Бишкек финансылык-эко­номикалык академиясына караштуу «Адам» университети жана Эл аралык илим жана бизнес университети.

— Дагы бир жакшы жаңылык медицина кызматкерлерине үйлөр курулуп жатыптыр. Алар дары­герлерге кандай шарттар боюнча бөлүнүп берилет?

— Бүгүнкү күнгө чейин дарыгерлер үчүн эч качан үйлөр курулган эмес. Эми дарыгерлерди турак жай менен камсыз кылуу жагы колго алынды, Бишкек шаарынын Байтик Баатыр жана Суеркулов көчөлөрүнүн кесили­шинде биринчи этапта он эки кабат үй курулмакчы. Үй пайдаланууга бу­юрса 2023-жылдын апрель-май айла­рында берилет деп болжонуп жатат. Турак жайга муктаж болгон медицина кызматкерлерин комиссия аныктайт. Каржылоонун булактары аныкталган соң дагы бир үй куруу пландалууда.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.