Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс №7 Апрель 2022-жыл

1656

Асел Орозалиева:

«Аймактардагы адистердин билими да, тажрыйбасы дагы жакшы»

Эненин аман- эсен көз жарып, баланын жарык дүйнөгө келишине көмөктөшкөн киндик энелер кыргыз элинде чоң урмат- сыйга ээ. Мындай адистерди кесиптик жактан даярдоо, аларды колдоо менен алектенип жаткан Кыргыз акушерлер альянсынын төрайымы Асел Орозалиева уюмдун иши тууралуу маалымат берди.

Кыргыз акушерлер альян­сы умай энелерди кесиптик жагынан өнүктүрүү, билимин жогорулатуу, аларга колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн. Медицина кызматкерлеринин иш тажрыйбасында кээде көйгөй пайда болгондо аларга колдоо керек болуп калат. Аталган коомдук уюмдун мак­саты ошол медицина кызмат­керлерине колдоо көрсөтүү. «Биз түзүлгөн 2011-жылдан бери республикадагы эл ара­лык уюмдар жана Саламаттык сактоо министрлиги менен тыгыз байланышта иш алып баруу менен эне жана ымыркайдын саламаттыгына кам көрүп келебиз. Энелердин, ымыркайлардын жана бүтүндөй үй-бүлөнүн саламаттыгына кам көрүүнү, үй-бүлөнүн кызыкчы­лыгын чогуу алып кеткенге аракет кылуудабыз. Бүгүнкү күндө БУУнун балдар бөлүмү, БДСУ, GIZ эл аралык уюмдары менен биргеликте прак­тикалык иштерди жакшыртуу үчүн супервайзердик визиттер, монито­ринг жана баалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Учурда кош бойлуу мезгилде, төрөткө чейин, төрөт учурунда жана төрөттөн кийин аялдарга жана бал­дарга жардам берүү дүйнөлүк прак­тикага жана өзүбүздүн нормативдик укуктук актыларга канчалык туура келерин, канчалык сапаттуу жүргү­зүлүп жаткандыгын баалоо боюнча иш-чаралар жасалууда. Жогоруда аталган иштердин жыйын­тыгы жаман эмес, 2014-жылы дүйнөлүк деңгээлде балдар­дын неонаталдык өлүм көр­сөткүчүндө балдардын өлүмүн азайткан 5 өлкөнүн ичине киргенбиз»,-дейт А.Орозалие­ва.

«АКУШЕРЛЕРДИН КОМПЕТЕНЦИЯСЫ» БОЮНЧА ИШ ЖҮРҮП ЖАТАТ

Ассоциация алдына 3 та­раптуу план койгон, ал өзүнүн өкүлдөрүнө нормативдик актыларды чыгаруу, апроба­циядан өткөн документтердин негизинде республиканын ал­кагында шартка жараша ап­робация жүргүзүү боюнча иш жүргүзөт. Экинчи планда би­лим берүү турат, бул диплом­дук жана дипломдон кийинки билим берүү иш-чараларын камтыйт. Үчүнчүдөн ассоциа­циянын иштеген иши, ээлеген ордун жакшыртуу боюнча иш жүрүп жатат. «2015-жылдан бери эл аралык акушерлер уюму менен тыгыз иштейбиз, анын өкүлү болуп эсептелебиз, алардын эң жогорку деңгээл­деги иш кагаздары бар, өзү­бүздүн ишибизди ошонун негизинде жөнгө салууга аракеттенип жатабыз. Алардын документтерин, иш кагазда­рын карап чыгып өзүбүзгө тууралап, кандай шартта колдоно алабыз деп ылайыкташтырабыз. Ошол уюмдун эң жакшы документтеринин бири «акушерлердин компетенциясы» деп аталат, аны 2018-жылы карап чыгып, биздин шартка ылайыкташтырдык.  

Биринчи, экинчи, үчүнчү деңгээлге бөлүп, ар бир баскыч боюнча ошол жерде иштеген умай энелер, жетек­чилер менен иш жүргүздүк. Был­тыркы жылы GIZ эл аралык уюму 2018-2019-жылдары ушул документти ишке киргизүү боюнча Нарын об­лустук төрөт үйүндө жана Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда апробация жүргүздүк. Натыйжада өтө жакшы эмес, орточо жыйын­тык алдык. Бул Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу болгондон кийин бүт республиканын аймагына жайылтууга аракет кылуудабыз. Бул жаатта төрөт үйлөрүнүн жетекчилери менен жолугушууларды ж.б. иш-чара­ларды аткардык»,-дейт төрайым.

МУЛЬТИДИСЦИПЛИ- НАРДЫК КОМАНДА ДЕГЕН ЭМНЕ?

Билим жагынан умай энелердин эле билимин жакшыртууга басым жа­салбайт. БДСУнун сунуштары боюнча эне-балага жардам берүүдө акушер- гинеколог, неонатолог, анестезио­лог-реаниматолог адистерден турган мультидисциплинардык команда түзүү зарыл. Бүгүнкү күндө ушундай командалар түзүлүп командалык иш жүргүзүлүүдө.

Ымыркайга алгачкы жардам көр­сөтүү, энеден кан кетсе ага ыкчам жардам берүү, кан басымы жогору­лаганда көрсөтүлүүчү жардамдар боюнча чакан алгоритмдер, Стан­дарттык операциялык процедуралар (СОП) иштелип чыгууда. Ошондой эле акушерлерге ара төрөлгөн, өз учурунда төрөлгөн жана аз салмак менен төрөлгөн ымыркайларга жардам көрсөтүү боюнча көндүмдөр үйрөтүлүүдө. Пандемияга байланыш­туу акыркы жылдары онлайн окуулар өткөрүлүп жатат.

Асел Орозалиева ийгиликтер менен катар эле айлык маянанын аздыгы жакшы адистерди даярдап чыгарып, төрөт үйлөрүнүн ишин алдыга жылдырууга тоскоолдук кылып жатканына токтоло кетти: «Бир аз көйгөйлөргө токтоло турган болсок, айлык маянанын аздыгынан көп адистер окутулуп даярдалгандан кийин ишин таштап тышкы мигра­цияга кетүүгө мажбур болуп жатышат. Окутуу жаатында дипломго чейинки даярдыктар боюнча да маселелер бар, талаптарга шайкеш келген окуу пландар менен даярдалса да иш жү­зүндө тажрыйбада көйгөйлөр чыгат экен. Биз төрөт үйлөрүнүн жетекчи­лери менен кайтарым байланышка чыгып сүйлөшө келгенде, даярда­лып келген адистин дагы андан ары кошумча окутууга муктаждыгы бар экенин айтууда, бирок бизде да каражаттар чектелүү. ССМнын билим берүү бөлүмү менен да иштеп жата­быз, ченемдик документтер даярда­лып жатканда өкүлдөрдү да кошуу үчүн коллеждер менен иштеп, окуу пландарына киргизсеңер деп сунуш кылабыз, өзүбүз да окутабыз. Андан сырткары мотивация механизмдери иштеген жеринде көбүрөөк болсо медицина кызматкерлери көбүрөөк кызыкдар болот беле деп ойлойм».

А.Орозалиеванын айтымында, акушерлерди окутуп даярдоо боюнча адистердин жетишпестиги аймак­тарда өтө чоң көйгөй. «Бишкек, Ош сыяктуу чоң шаарларда гана адистер менен толук камсыз болбосо, аймак­тарда абал кыйын. Төрөткө жардам берүүдө көпчүлүк учурда умай энелер чакырууну кабыл алып же болбосо алгачкы жардамды көрсөткөндөн кийин, транспорт даярдап чоңураак төрөт үйлөрүнө жөнөтөт. Аймактар­да бул протоколдор жакшы иштейт, билим жагынан дагы, тажрыйбасы жагынан дагы көрсөткүчтөрү жакшы. Ал эми чоң-чоң шаарларды алып караганда, кайсы жерде адис болсо дагы ошол жерде тажрыйба болбосо, теориялык билим азыраак көрсөт­күч берет. «Аймактарда өзүнчө, чоң шаарларда иштегендер үчүн өзүнчө супервайзердик сапарларда жетек­чилер менен көбүрөөк жолугуп, умай энелерге кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзө аласыздар деп алар менен да пландаштырып иш алып барабыз», — дейт төрайым.

Маектешкен Аймира Мендеева

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.