Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс №7 Апрель 2022-жыл

1656

Жакшы жакка өзгөрүүлөр бизди кубандырат

Каарманыбыз Шаршеева Рима Касеновна Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин (ДЧК) адиси болуп эмгектенип келет. Калк арасында ар кандай ооруларды алдын алуу багытында алгылыктуу иштерди алып барууда. Бүгүнкү күндөгү аткарган иштери тууралуу төмөнкүчө маек куруп берди.

Ысык-Көл Облустук ДЧКда 3 адис, райондук ДЧКда 13 адис эмгектенип келет. Жалпысынан Ысык-Көл облусу боюнча 168 айылда Айылдык ден соолук комитеттери, 5 райондук ден-соолук комитети жана 7 коомдук ден-соолук комитети иш алып барат. Ал эми аталган айылдык ден-соолук комитеттеринде 1008 мүчө бар.

«Бул жумушка иштегенге чейин мед айым болуп иштеп келгем, ал кызматтарымды дагы кынтыксыз, катасыз иштегенге болгон аракетимди жумшап келгем, бирок ден соолук чындоо кызматына салыштырмалуу бир тараптуу гана иштер жүрчү. Ден соолукту чыңдоо кызматы ар тараптан өнүгүүмө түрткү болду», — деп сөзүн баштады маектешибиз. «Бул ишимдин
артыкчылыгы азыркы учурдагы талапка ылайык мен өзүмдүн ой жүгүртүүм, көз карашым, мамилем, жүрүм-турумум өзгөрдү. Өзүм гана өзгөрбөстөн башка адамдардын жүрүм-турумун, аң-сезимин, ден соолукка болгон жоопкерчилигин өзгөрткөнгө үйрөндүм. Ар бир адамдын жоопкерчилигин жогорулатуу, көптөгөн оорулардын алдын алуу боюнча окуулар жүрүп турат,
анын ичинен жугуштуу (ВИЧ, кургак учук, грипп, КОВИД-19, кутурма, эхинококкоз, альвеококкоз, бруцеллез, курч кармаган ичеги карын оорулары гепатит) жана жугуштуу эмес ооруларды (жогорку артериалык кан басым,  кант диабети, онкологиялык оорулар, аз кандуулук, өпкөнүн өнөкөт оорулары) алдын алууда адам баласы таасир эте ала турган факторлорун жөнгө салууда жүрүм-турумун (тамеки, алкоголь, гигиена, туура тамактануу, физикалык активдүүлүк) өзгөртүүгө маалымат иштерин жүргүзөбүз.

Биздин семинардан кийин мисалы: мектеп окуучуларга тамекинин организмге тийгизген таасири тууралуу маалымат алгандан кийин Казбек деген окуучу бала чылым чеккен атасына тамеки зыян, өзү эле эмес үй-бүлө мүчөлөрүн да кошо ууландырып жатканын, жүрөк кан-тамыр, кант диабети, онкологиялык ооруларына чалдыгаарын айтып, атасын тамекини таштаткан. 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк ЖИКСке каршы күнүнө карата акция учурунда Каракол шаарынын мекеме ишканалардын кызматкерлерине АИВ алдын алуу боюнча маалыматтар берилгенден кийин өз ыктыярлары менен АИВке карата 260 адам изилдөөдөн өтүштү. Айылдарда COVID-19 каршы эмдөөгө болгон кооптонгон жана күмөн санаган жарандарга Кыргызстанга келген баардык вакциналар коопсуз, ооруну эмдөө менен гана токтото алаарыбыз тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мисалы Жыргалаң айылында жүргүзүлгөн изилдөө учурунда, COVID-19га каршы өтүлгөн сабактардан кийин 30 адам эмдөөдөн өткөнүн аныктадык. Бул биздин ишибиздин жакшы жыйынтыгы десек болот», — деп сыймыктанды Рима Шаршеева.

Учурда Ак-Суу, Түп райондорунун мектептеринде мектеп окуучуларынын арасында эхинококкоз оорусун аныктоо үчүн УДИ изилдөөлөрү өтүп жатат. «Бул изилдөөлөрдү ОАжМСЭКД адистери тарабынан түзүлгөн мобилдик бригада ишке ашырууда, ал эми социалдык мобилизацияны райондук ДЧК адистерибиз жүргүзүп жатат.

Азыркы учурдун талабына жараша, жер-жерлерде чыгып жаткан көйгөйлөргө каршы күрөшүүдө калк менен чогуу иш алып баруу көптөгөн жакшы жыйынтыктарды бере турганына күбө болдум. Айылдарда уюштурулуп жаткан акциялар, кампаниялар баардыгы элдин колдоосу менен өтөт», — деп сөзүн жыйынтыктады маектешибиз.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.