Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс Апрель 2021 № 4

1484

Депрессия

Депрессия – бул адамдын ойлоруна, сезимдерине, жүрүм-турумуна таасирин тийгизүүчү маанайдын дайыма чөгүп турушу, ошондой эле ишке болгон жөндөмдүүлүктүн жана активдүүлүк деңгээлинин төмөндөшү менен мүнөздөлүүчү эмоционалдык бузулуу. Депрессия айларга, жылдарга созулуп, адамдын өзүн дагы, ошондой эле анын жакындарын дагы азап чектириши мүмкүн.

ДЕПРЕССИЯНЫН БЕЛГИЛЕРИ АРТҮРДҮҮ ЖАНА КӨП ЖАГЫНАН АДАМДЫН ЖАШООДОГУ КЫРДААЛДАРГА КАРАТА ЭМОЦИОНАЛДЫК ЖАКТАН СЕЗГИЧТИГИ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ДАРТТЫН ООРДУГУНАН КӨЗ КАРАНДЫ:
• кырдаалдан көз каранды болбогон узак убакытка созулган чөккөн маанай
• мурда кубаныч тартуулаган буюмдарга же аракеттерге кызыгуусун жоготуу же аларга канааттанбай калуу
• акыл-эс жана физикалык жактан ишке болгон жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү
• өтө зеригүү, алсыздык жана чарчоо
• өзүн күнөөкөр сезүү, өзүн айыптай берүү
• өзүн өзү төмөн баалоо жана өзүнө ишенбегендик сезими
• өзүнүн өмүр сүрүүсүнүн пайдасыздыгы жана келечеги жоктугу жөнүндө ойлор
• уйкунун бузулушу (уйкусуздук же өтө эле уйку басуу)
• табиттин жоголушу жана салмактын азайышы (акыркы бир айда 5%дан кем эмес)
• көңүл борборун бир жерге топтоонун бузулушу
• өлүм же өзүн өзү өлтүрүү жөнүндө ойлор

Депрессиянын пайда болуусуна бала кездеги психологиялык жаракат, физикалык зомбулук, мээримге тойбогондук жана камкордуктун жоктугу негиз болот.

Депрессия онкологиялык, жүрөк-кан тамыр, эндокриндик жана башка оор өнөкөт оорулары бар адамдарда пайда боло тургандыгы далилденген.

ДЕПРЕССИЯДАН САКТАНУУНУН ЖОЛДОРУ
• Сизде болгон нерсенин баарын: ден соолугуңузду, үйбүлөңүздү, досторуңузду, үйүңүздү, ишиңизди баалаңыз.
• Өмүрдүн ар бир учурунан, жагдайларынан бир баалуулукту табууну үйрөнүңүз: кооз нерселер, жакшы адамдар, пейзаждын ажайып кооз сүрөттөрү, баланын тили, достор менен жолугушуу.
• Оптимист болуңуз, оң маанайда ой жүгүртүңүз, кубана жана бактылуу боло билиңиз.
• Эсиңизде болсун депрессия – бул убактылуу абал, эртедир-кечтир бул өтүп кетет.
• «Убакыт дарылайт, бирок дарыгер андан тез дарылайт» – дешет.
• Ошондуктан маанайыңыз чөгүп сиздин толук баалуу жашооңузга тоскоол кылып жаткан абал боюнча дарыгерлерге кайрылуудан коркпоңуз.
• Азыркы учурдагы адамдардын өзүнүн психикалык абалына кам көрүүсү жашоонун нормасы болуп калды.
• Мында эч кандай таң калаарлык жана ал тургай уяла турган нерсе жок.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.