Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс Апрель 2021 № 4

1484

Тамак ооруганда эмне кылуу керек?

Көпчүлүк адамдар өзгөчө жылдын суук мезгилинде жана мезгилдер алмашып жаткан учурда тамак ооруга кабылат. Тамак оорунун себептери абдан көп, алардын көпчүлүгү жогорку дем алуу жолдорунун сезгенүүсүнөн келип чыкканинфекцияга байланыштуу. Бул көйгөйдөн кантип арылууга болот?

ДИЕТА
Тамак ооруну азайтуу үчүн жеңил диета сунушталат, мында рационго жашылча жана жемиштерди көбүрөөк кошуу керек. Тамактын былжыр челин дүүлүктүрүүчү ачуу, куурулган жана башка тамактардан баш тартуу, анын ичинде тамеки чегүү, алкоголь ичимдиктери жана кофе пайдалануудан кармануу зарыл. Бул оорунун өнүгүүсүнө бөгөт коюу үчүн зарыл. Эмгек жана эс алууну рационалдуу бөлүштүрүү гана ден соолуктун тез арада калыбына келишине жардам берет. Тамагы ооруган адам төмөндөгү азыктарга көңүл буруусу керек.


ЧАЙКОО
Тамакты туз кошулган суу менен чайкоо керек. Туздуу суу ооз көңдөйүндөгү микробдорду жок кылат, тамакты нымдайт, сезгенүүгө каршы таасирин тийгизет, бактериялык инфекциянын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн азайтып, тамактын оорусун айыктырууга жардам берет.


АЛМУРУТ
Алмурут шилекейдин бөлүнүп чыгуусуна түрткү берет жана суусунду кандырат, өпкөнүн нымдалышына жана жөтөлдүн жумшаруусуна жардам берет. Алмурут абдан ширелүү келет, анда С витамини көп. Бул жемиш тамактын кургашын, үндүн киркирөөсүн жана кургак жөтөлдү тез эле кетирет. Мындан тышкары алмурут калийге бай, бул кан басымдын төмөндөөсүнө жардам берет.


БАЛ
Бал биздин күнүмдүк жашообузда эң эле белгилүү болгон аш болумдуу азыктардын бири болуп саналат, ал адамдын ден соолугуна жагымдуу таасирин тийгизет. Башка тамак-аш азыктары менен туура айкалыштырууда бал дары-дармектердин да ролун аткарат. Мисалы, алмурутту кайнатып жана ага эки кашык бал кошуу керек. Бул өпкө үчүн пайдалуу болуп, тамактын кургашын жөнгө салат.


ДАРЫЛООЧУ КОМПРЕСС
Бул тамактын оорусун басаңдатуучу жөнөкөй ыкма. Алгач дарыкана ромашкасын кайнатылган сууга демдеңиз, 5 мүнөттөн кийин гүл салынган сууга кичине сүлгүнү суулап, бир аз сыгып алып тамагыңызга сүлгү муздап калгыча коёсуз. Муну бир канча жолу кайталаңыз. Мындай компресс тамактын айланасындагы оору жана сезгенүүнү азайтуу үчүн дарылоочу, кан айланууга түрткү берүүчү натыйжага ээ. Айтмакчы, бөлмөдөгү аба кургак болсо, абаны нымдоочу жабдууларды колдонуу сунушталат, бул абанын кургактыгынан улам келип чыккан тамак ооруну азайтууга жардам берет.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.