Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК плюс ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын №1 чыгарылышы

1614

Айнура Узакбаева:

«Дарыгерлер үч айдан бери ооруканада»

Коронавирус менен күрөштө каармандык менен эмгектенип жаткан дарыгерлердин аракеттери мактоого, алкыш айтууга арзыган зор эмгек. Өз саламаттыгын, өмүрүн тобокелге салган өмүр сакчылары 3 айдан бери ооруканадан чыкпай иштеп келишет.

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дары геринин орун басары Айнура Узакбаеванын айтымында, ооруканада медициналык жабдуулар жетиштүү, бардыгы болуп өпкөнү жасалма дем алдыруучу 14 аппарат бар. Орто эсеп менен аталган ооруканада 250 медицина кызматкери эмгектенет, алардын ичинен 42си дарыгер болсо, 208и орто жана кенже медициналык кызматкерлер.

Үч айдан бери үйүн көрбөгөн дарыгерлер
Башкы дарыгердин орун басарынын айтымында, дарыгерлердин психологиялык абалы тууралуу айтуу кыйын, коомчулукка белгилүү болгондой алар үч айдан бери казармадагыдай абалда жашап жатышат. Албетте, үй-бүлөсүнөн, балдарынан обочо болуу жана көнүмүш жашоодон алыстоо психологиялык абалды ого бетер оорлотот. Муну сөз менен айтып берүү өтө кыйын. Орто жана кенже медициналык кызматкерлер дарыгерлердин оң колу. Аларсыз оорукананы элестетүү мүмкүн эмес.
Эл дагы эле вирустун барэкенине ишенишпейт…
Дарыгерлерди кубандырган эң жакшы учур, бул бейтаптын сакайып чыгышы. Алар дарыгерлерге ушундай корку нучтуу оорудан айыгууга жардам бергендери үчүн өздөрүнүн ыраазычылыгын айтып, кубануу менен үйлөрүнө кайтышат. Ал эми өкүндүргөнү ушул кезге чейин эл коронавирустун бар экендигине ишенбей жаткандыгы. “Көпчүлүк адамдар мындай вирус жок, бул ойдон чыгарылган нерсе деп эсептешет, дайыма ушундай эле суроону кайталап бере беришет, биз мындай суроолорго албетте ачуубуз келет. Бул бизди өтө кооптондурат”, -дейт А.Узакбаева. Ооруканада чумага каршы коргонуучу костюмдарды 6 саат катары менен кийип иштөө абдан кыйын, күн ысый баштаган дан бери бул абал ого бетер оорлогон. “Аба жетишпегендей сезимдер пайда болот, көпчүлүк дарыгерлерде байланыш дерматити, аллергия пайда болду. Ар бир нөөмөттөн кийин таза зонага баруунун алдында душка жуунуу керек, мындай учурларда көпчүлүк кызматкерлер суук тийип ооруп калып жатышты”,-дейт дарыгердин орун басары.

Дарыгерлерди кубандырган эң жакшы учур, бул бейтаптын сакайып чыгышы

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.