Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК плюс ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын №1 чыгарылышы

1595

Баиева Канышай:

“Үйүнөн түртүп кууп чыгаргандар да болду”

Жалал-Абад шаары дагы COVID-19 пандемиясы учурунда оорулуулар көбүрөөк аныкталган аймактарга кирди. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан (ҮДТ) түзүлгөн мобилдик бригадалар өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу экенине карабастан оорунун очокторуна барып, бейтаптардын өмүрү үчүн күрөшүп жатышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарындагы №5 ҮДТнын үй-бүлөлүк клиникалык жетекчиси жана үй-бүлөлүк дарыгери Баиева Канышай айтып берди.

Биздин мобилдик бригада ушул жылдын 24-мартынан баштап уюшулду. Ага чейин ишти кандай жүргүзүү керектиги, аракеттер алгоритми боюнча иштөө, жеке коргонуу каражаттарын туура кийип чечүү боюнча окуп даярдыктан өттүк. Негизги милдетибиз коронавирус инфекциясынын алдын алуу жана жайылтпоо болду. Дене табы жогорулап, жөтөлү күчөп, дем алуусу начарланган адамдарды өтө дыкат көзөмөлгө алдык. Алгачкы күндөрү кичи ажылыктан келгендерди текшерип жаттык, андан кийин коңшу өлкөлөрдөн, Россиядан, Африкадан дагы жарандарыбыз келе баштады. Алгач мектеп, бала бакчаларга түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштадык. Аларга өздүк гигиенаны сактоо, беткап кийүү эрежелери окутулду.
Башында калк эле эмес, өзүбүз деле бул илдетти олуттуу кабыл алган эмеспиз. Оору катталып, бейтаптар көбөйө баштаганда гана оорунун олуттуулугуна ынандык, ошондой эле жашоочулардын дагы көз караштары өзгөрө баштады. Мобилдик бригада очокторго баруу менен эле чектелбестен, өзүбүзгө тиешелүү участокторго барып маалымат берип жаттык. Участкадагы элдерди чогулта албасак дагы тайпаларды түзүп  маалымат берип турдук.

Жеке коргонуу костюмдарын кийип жүрүү оор болду
Башында кыйынчылыктар болчу, жеке коргонуу каражаттары, беткаптар жетишсиз болуп жатты, көп жолу колдонулуучу каражаттарды колдонууга туура келди. Беткап, көз айнек менен жүрүү, аларды кийип-чечүү дагы кыйын болду. Кийин бир жолу колдонулуучу костюмдар берилди, алар жеңил экен, бирок аны кийгенде тердеп, дем алуубуз кыйын болуп, ыңгайсыз абалга дуушар болдук. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу үч бөлүккө бөлүнүп үч подьездге жайгашкан, бул биз үчүн ыңгайлуу болду. Ошентип алардын ар бирин өз-өзүнчө бөлдүк, бирөөсүндө кийинсек, экинчисинде чечиндик. Көч бара-бара түзөлөт дегендей, акырындап көнүп ыңгайлаша баштадык. Кийинки алган көз айнектерибиздин сапаты жакшы болгондуктан, тунук көрсөтүп, тердебей калды. Жеке коргонуу костюмдарыбыз да кыймылдоого жеңил боло баштады. Дагы бир кыйынчылык эл бул ооруну олуттуу кабыл албагандыктан, өздүк гигиенаны сактагыла, беткап тагынгыла деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда мындай инфекция жок, жөн эле айтып жатасыңар деп каршы чыккандар болду. Оорулуу менен байланышта болгондорду аныктоо үчүн бейтаптын кошуналарына, тыгыз катташтарына, бирге иштегендерине, ажы тойго баргандарга барганда өтө каршылык менен кабыл алып, үйлөрүнөн түртүп кууп чыккандар болду. Обсервацияга жаткырып жаткан учурда анализибиз таза силерди сотко беребиз дегендер болду.

Үй-бүлөмдү туугандарга кетирип жалгыз жашадым
Өзүм үчүн эле эмес, үйбүлөм, жамаатым үчүн кооптондум. Оорулуулар менен жакын байланышта болгондуктан, бардык эрежелерди так аткарып жаткандыгыма ынанып жатсам дагы кооптондум. Өзүмдүн ден соолугума анчалык тынчсызданган жокмун. Уй-бүлөмдү жакын туугандарымдыкына кетирип бир ай жалгыз жашадым. Коронавирус жоопкерчиликтүү болууга, жашоого башкача өңүттө кароого үйрөттү. Медицина кызматкерлери өтө жоопкерчиликтүү экендигин көрдүм. Ар бирибиз туура тамактанып, сергек жашоо мүнөзүн алып жүрүшү керектигин түшүндүм. Уй-бүлөмдүн, бир туугандарымдын, кесиптештеримдин баркын билдим. Жамаатыбыздан бир дарыгер, эки медайым карантинге кеткен учурда абдан кабатыр болдум, аларды өзүмдүн үйбүлөмдөн дагы жакын экендигин сездим. Күн сайын чалып сурап турдум. Коронавирус ынтымакты чыңдады.

Башында калк эле эмес, өзүбүз деле бул илдетти олуттуу кабыл алган эмеспиз. Оору катталып, бейтаптар көбөйө баштаганда гана оорунун олуттуулугуна ынандык, ошондой эле жашоочулардын дагы көз караштары өзгөрө баштады.

Коронавирус жоопкерчиликтүү болууга, жашоого башкача өңүттө кароого үйрөттү. Медицина кызматкерлери өтө жоопкерчиликтүү экендигин көрдүм. Ар бирибиз туура тамактанып, сергек жашоо мүнөзүн алып жүрүшү керектигин түшүндүм.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.