Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК плюс ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын №1 чыгарылышы

1615

«Кыргызстанда COVID-19 жаңы инфекциясы боюнча окутуулар жүрдү«

С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медицина институтунун (КМКДжКЖМИ) ректору, м.и.д., профессор Р. Курмановдун айтымында, аталган окуу жайы Кыргызстанда COVID-19 жаңы инфекциясын алдын алуу жана күрөшүү боюнча ченемдик актыларды даярдоо жана жайылтууга активдүү катышты. Анын адистери Кыргызстандагы БДСУнун эксперттери менен биргеликте COVID-19 маселелери боюнча эки күндүк окуу программасы иштелип чыкты. Медицина кызматкерлерин окутуу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Алгачкы баскычта окутууга Бишкек шаарынын, Чүй областынын (РКИО, Аскер госпиталы, Уг, ЭжБКУБ, ҮМБ, ЭМБ ж.б.) адистери камтылган. Ошондой эле окуу программасы, окуу модулдары даярдалып жана лабораториялык изилдөөгө биоматериал тандоо процессине катышуучу адистер (медайымдар, лаборанттар, дарыгер-лаборанттар ж.б.) үчүн эки күндүк тренингдер өткөрүлдү. Ушул мезгилден тарта жума сайын республиканын бардык медицина кызматкерлери үчүн COVID-19дун алдын алуу, биокоопсуздук, аныктоо жана дарылоо маселелери боюнча аралыктан окутуу курстары башталды. Мындан тышкары квалификацияны жогорулатуунун бардык курстарында адистер үчүн COVID-19 маселелери боюнча лекциялар киргизилди. Ал эми институттун окуу жана дарылоо иштери боюнча проректору, м.и.к., В. Адылбаеванын айтымында, окуу жайга COVID-19 маселелери боюнча окуу программаларын даярдоо жана окутуу учурунда донорлор тараптан чоң колдоо көрсөтүлгөн. крдагы БДСУнун Өлкө кеңсесинин жана «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көмөгү астында Баштапкы медициналык санитардык жардам көрсөтүү адистерине окутуунун каскаддык ыкмасы жүргүзүлгөн. “С.Данияров атындагы КМКДжКЖМи үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын аймактык филиалдарынын тренерлери окутулуп, ар бир райондогу ҮМБ, ЖДТБ, “Тез жардам” кызматы жана ОАжСЭКБ, аймактык ооруканаларда COVID-19 боюнча сабактарды өтүштү”.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.