Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК плюс ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын №1 чыгарылышы

1595

БДСУ жардам көрсөтүүнү улантууда

Азыркы учурда Кыргызстандагы Бүткүлдүйнөлүк саламаттык сакто уюмунун өлкөлүккеңсеси стратегиялык өнөктөштөр,КР Саламаттыксактоо министрлиги, жана башкамамлекеттик башкаруу түзүмдөрү,өнүктүрүү боюнчаөнөктөштөр менентыгыз байланыштаиш жүргүзүүдө.

БДСУ улуттук өнөктөштөр жана өнүктүрүү Боюнча өнөктөштөр менен ишти координациялайт
• Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өлкөлүк кеңсесинин жалпы жетекчилиги менен Кыргыз Республикасында жакынкы 12 айга жалпы суммасы болжол менен 16 миллион акш долларына барабар COVID-19га даярдык жана чара көрүүнүн секторлор аралык ведомстволор аралык планы иштелип чыккан. аталган сумма кыргызстанда COVID-19 менен күрөшүү үчүн өлкөдөгү донорлук уюмдар тарабынан бөлүнүп берилген. Ушул даярдык жана чара көрүү планынын жалпы максаты — кыргызстанда COVID-19 илдетинин өөрчүп кетүүсүн төмөндөтүүчү натыйжалуу, өз убагында көрүлүүчү жана координацияланган жооптуу чараларды камсыз кылууда жана бул ишти жетектөөдө Өкмөткө жана саламаттык сактоо министрлигине колдоо көрсөтүү болуп эсептелет. БДСУ лабораториялык тесттерди жана жеке коргоонуу каражаттарын ташыпкелүүнү камсыз кылат
• Даярдыкты күчөтүүнүн алкагында жана оору чыгып кеткен учурда илдетти тез аныктоо жана чара көрүү үчүн өлкөгө февраль жана март айларында 2,600 тест алынып келинген. Ошондой эле, кыргызстан COVID-19 оорусу аныкталгандар жана ооруга шектүүлөр менен түздөн-түз байланышта болгон саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери үчүн жана ооруга шектелгендерден анализ алуучу лабораториялык кызматкерлер үчүн жеке коргонуу каражаттарынын партиясын алды.
• Февраль айынын башында, БДСУнун кыргызстандагы кеңсеси, саламаттыкты сактоо министрлигинин өтүнүчү менен, ооруга каршы күрөштүн алдыңкы орунда турган, жогорку коркунучу бар медициналык кызматкерлер үчүн антисептиктер (2000), беткаптар (5000) жана кол
каптарды (5000) сатып беришти.
• Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акшнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу 10 миң хирургиялык костюм, 10 миң кол кап, 200 коргоочу көз айнек жана 200 N95 респиратор тапшырды. Булар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Дубай шаарындагы атайын логистикалык борборуна жеткирилди.
БДСУ медициналык кызматкерлердин потенциалын жогорулатат жана лабораториялардын
ролун күчөтөт
• Апрель айынын ортусунда, COVID-19 коронавирус инфекциясын лабораториялык аныктоо боюнча 96 лабораториялык адисти аралыктан окутуу цикли аяктады. Бул аралыктан окутууга бүткүл өлкө боюнча полимераздык чынжырлуу реакция (ПЧР) техникасын билген адистер тартылды, анын ичинде Улуттук фтизиатрия борборунан, СПИД борборунан, Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунан, Бишкек шаарынын, Жалал-абад, Ош, ысыккөл облустарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунан жана жеке лабораториялардын адистери катышты. Тренингдердин негизги максаты лабораториялык адистерди лабораториялык шартта жана өзгөчө кооптуу материалдар менен иштөөдө биокоопсуздуктун негиздерине окутуу болуп эсептелет.
• Интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнөн, республикалык инфекциялык ооруканадан, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү борборлорунан жана 2 аскер госпиталынан 310дон ашуун медициналык кызматкер COVID-19 менен ооруган бейтаптарды клиникалык дарылоо боюнча эки күндүк адистештирилген окутуудан өтүштү.
• Шектүү учурларга эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү жана ооруну аныктоо үчүн, оору жуктурган адамдар менен байланышта болгондорду аныктоо жана иликтөө жүргүзүү боюнча ыкчам аракеттенүү топторун окутуу жана аларды атайын каражаттар менен жабдуу иштери жүргүзүлдү, клиникалык адистер үчүн дистанттык тренингдердин циклдери өткөрүлдү, саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн COVID-19 боюнча окуу материалдары жана программалар кайра каралып чыкты.
• «Манас» Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги, башка негизги министрликтер жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кызматташтыгы менен тейлөөчү кызматкердин COVID-19га туура чара көрүү көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн симуляциялык окутуулар өткөрүлдү. Бул окутуулар өзгөчө кырдаалга карата чара көрүү аракетине талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берди.
• БДСУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, БУУнун туруктуу координаторунун кеңсеси, USAID, CDC, Улуу Британия элчилиги, Франция элчилиги (ЕБ атынан) менен тыгыз кызматташтыкта улуттук мекемелердин азыркы мүмкүнчүлүктөрүн жана келип чыккан муктаждыктарын баалоо үчүн 2019-жылдагы коронавирусту башкарууда муктаждыктарды ыкчам баалоону жүргүздү.
• БДСУ Саламаттык сактоо министрлигин жана техникалык эксперттерди COVID-19 илдетинин алдын алуу, лабораториялык аныктоо жана дарылоо боюнча жаңыртылган далилдөөчү маалыматтар, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштары, жетекчилиги менен үзгүлтүксүз негизде камсыз кылып турат.
Коммуникациялык иш-чаралар
• БДСУ Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте тобокелдиктер тууралуу маалымдоо үчүн материалдарды ыңгайлаштырды жана бүткүл өлкө боюнча кеңири коомчулук үчүн материалдарын таркатты. Аэропорттогу санитардык-көзөмөлдөөчү өткөрмө пункттарына өзгөчө көңүл бурулду.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.