Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК плюс ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын №1 чыгарылышы

1613

Улуттук кызыл ай коому татыктуу өнөктөш

2020-жылдын февраль айынан тарта Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай коому (КР УКАК) КР Өкмөтүнө жана муктаж болгон калкка COVID-19 пандемиясы мезгилинде ар кандай жардам көрсөтүп келе жатат.

КР саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору жана Бишкек шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДСУ) кеңсеси менен биргеликте коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча маалыматтык материалдар иштелип жатат. Январь айынан бери Кызыл Ай коомунун ыктыярчылары бүткүл өлкө боюнча калк арасында сактык чараларын жана жеке гигиена эрежелерин аткаруу тууралуу маалыматтык-агартуу иштерин жүргүзүүдө.

Февраль айынын ичинде Кызыл Ай коому кытайдан келип жаткан бардык адамдарды каттоо процессине көмөктөшүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине кытай жана англис тилдерин билген ыктыярчыларды мобилдештирүү менен шашылыш жардам (котормо кызматтары) көрсөттү. Ыктыярчылар ошондой эле байкоо жүргүзүү жана карантиндик зоналарда дагы жардам беришти. Белгиленген мөөнөт учурунда КР Укак ыктыярчылары 300дөн ашуун адамга жардам көрсөтүштү.

Мамлекеттик структуралар, министрликтер жана ведомстволордун башкармалыктары, коргоо жана сактоо кызматтары, обсервациялык пункттар, медициналык мекемелер үчүн Кызыл Ай коому тарабынан жеке коргонуу каражаттары, дезинфекциялоочу каражаттар жана гигиеналык топтомдор менен камсыздалып жатат.

 Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте COVID-19 боюнча өзгөчө тобокелчиликте турган топтор – жалгыз бой адамдар, майыптыгы бар адамдар, кургак учук жана АИВ менен жапа чеккен бейтаптар, аз камсыздалган жана муктаж болгон үй-бүлөлөр үчүн азыктүлүк топтомдорун даректүү жеткирүүдө.

Жеке коргонуу каражаттары (ЖКК), дезинфекциялоочу каражаттар, гигиеналык жана азык-түлүк топтомдору түрүндөгү колдоодо тышкары Кызыл Ай коому мобилдүү бригадаларга күйүүчү-майлоочу майларды берүү менен колдоп келет. Эскерилген жардамдан тышкары Кызыл Ай коому ошондой эле КР ССМге караштуу РДЧжМКБга калк үчүн маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу жана басып чыгарууда колдон келген көмөгүн көрсөтүүдө.

Психосоциалдык колдоо катары Кызыл Ай коому медицина кызматкерлеринин балдары үчүн “жакшылык баштыкчасын” таратышты. Бардыгы болуп 120 балага берилди. КР Укак жалпы кырдаалга байкоо жүргүзүүнү жана Өкмөткө, эң эле аялуу жарандарга көмөктөшүүнү улантат. 2020-жылдын 1-мартынан тарта 10-июнуна чейин көрсөтүлгөн жардамдын жалпы статистикасы.

379 300 даана маалыматтык материал иштелип чыгып жана КР ССМге караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборуна (РДЧжМКБ) берилди

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.