Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК плюс ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын №1 чыгарылышы

1613

ТИГИНЕН:
1. Жүрөккө алгачкы операция жасаган кыргыз дарыгер
2. Тамырдын кагуу ыргагы (орусча)
3. Көз дарыгери
4. Коргонуу үчүн бетке тагынат
5. Дарыгерлер берчү ант
6. Организмге эң керектүү дары-дармек эмес заттар

ТУУРАСЫНАН:
1. Адамдын дене түзүлүшү боюнча илим
2. …… дүйнөнү сактап турат
3. Тазалык жөнүндөгү илим
4. Медицинанын символу болгон жаныбар
5. Гиннес китебине кирген кыргыз дарыгер
6. Грипп болгондо көп колдонулуучу цитрус өсүмдүгү
7. Өмүр сакчысы
8. Оорунун белгисинин медициналык тилде аталышы

Вирус

Вирус келип элиме
Эң кооз кыргыз жериме
Көп нерсени үйрөттү
Ден соолук деп сүйлөттү
Бетке беткап тактырды
Дүкөндөрдү жаптырды

Ачып жаткан кампада
Ундарды элге саттырды
Кары дебей жаш дебей
Кол жууганды үйрөттү
Кучактатып, өптүрбөй
Салам сөзүн сүйлөттү.

Кадамжай районундагы Айдаркен жалпы дарыгерлик тажрыйбалык борборунун адиси Алима Сарыбаева


Дүйнө жүзүн каптаган жаңы коронавирус биздин өлкөнү да кыйгап өткөн жок. Ушундай кыйчалыш учурда медицина кызматкерлерин ар тараптан колдоп, жылуу сөздөрүн айтып, жардам берип, элибиздин саламаттыгына кайдыгер карабаган баардык демөөрчүлөргө жана өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдиребиз.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги


Коомдук транспортто коронавирус инфекциясынын жайылуусуна бөгөт коюу чаралары

Урматтуу жүргүнчүлөр! Коомдук транспортто СИЗДЕР үчүн максималдуу коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлгөн:

  • Күн сайын ар бир каттамдан кийин салонго дезинфекция жасалып турат.
  • Салонду желдетүү эрежеси сакталат (аба ырайы жакшы болгон шарттарда терезелердин ачык болушу, кун суук убактарда акыркы аялдамаларда өтмө желдетүү).
  • Жүргүнчүлөр үчун транспорттун салонунун кире беришинде санитайзерлер жана байланышсыз төлөм жүргүзүү үчүн автоматтар орнотулган.
  • Жүргүнчүлөргө отуруучу орундардын 60-70%на гана отурууга уруксат берилет.
  • Айдоочу 1метр физикалык аралыкты сактоону эске алуу менен жүргүнчүлөрдү салуу жана түшүрүү үчүн жетишерлик убакыт бөлөт.

СИЗДЕР коронавирус инфекциясынын жугуусуна бөгөт коюу чараларын сактоого жана төмөндөгү сунуштарды аткарууга тийишсиздер:

  • Коомдук транспортто беткаптарды тагынгыла (кийүү, тагынып жүрүү жана чечүү эрежелерин сактагыла, ошондо гана беткап пайдалануу эффективдүү болот).
  • Жарым-жартылай толгон транспортко отургула.
  • Эгерде айдоочу кийинки транспортту күтө турууну өтүнсө, түшүнүү менен мамиле кылгыла.
  • Транспортко кирүүнүн алдында жүргүнчүлөрдүн ортосунда 1метр аралыкты сактагыла.
  • Колуңарды автобус же троллейбустун кире беришине орнотулган санитайзердеги антисептика менен тазалагыла.
  • Жүргүнчү орундарына башка жүргүнчүлөрдөн физикалык аралыкты сактоо менен, б.а. шахматтык тартипте отургула.
  • Төлөмдү байланышсыз («Тулпар» карточка системасы) жол менен төлөгүлө, андай жок болгон учурда төлөмдү кайтарымсыз жүргүзүү үчүн майда тыйындарды мүмкүн болушунча көбүрөөк камдап алгыла.

КР ССМдин Эксперттик кеңеши тарабынан 2020-жылдын 30-апрелинде бекитилди

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.