Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК плюс ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын №1 чыгарылышы

1615

Нурболот Усенбаев:

“COVID-19 пандемиясын биримдикте гана жеңе алабыз”

Коронавируска байланышкан көйгөй өлкөбүздү кыйгап өткөн жок. Аталган дартка каршы күрөштө элибиз дарыгерлер менен биргеликте активдүүлүгүн көрсөттү. Бул жаатта республикада жүргүзүлгөн иш-чаралар тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев баяндайт.


Буга чейин белгилүү болгон SARSCoV-2 белгисиз типтүү эмес (атипиялык) пандемиядан улам келип чыккан COVID-19 пандемиясы биринчи чыккан өлкөлөрдү гана эмес бүт дүйнө жүзүнүн шаштысын кетирип койду. Коронавирус инфекциясы 185 өлкөдө катталды, кыргыз республикасында бул инфекция 18-мартта биринчи жолу үч адамда табылып, дүйнөдөгү коронавирус чыккан 170 өлкөнүн ичине кирди. Бүгүнкү күндө чек арадагы көзөмөлдөп-өткөрүү пункттарында 13 санитардык-карантиндик пункт (СКП) бар, аларда күнү-түнү кезметчилик уюштурулган: «Манас» абамайданындагы СКП Бишкек шаарындагы мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун (МСЭКБ) кызматкерлери менен, ал эми түштүктөгү скплар – аймактык МСЭКБлардын кызматкерлери менен күчтөндүрүлгөн. Башка өлкөлөрдөн келген бардык жарандар обсервацияларга жаткырылууда, ал жакта COVID-19га ПЧР менен текшерилип медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө үч күн болушат. анализдери таза болсо, консультативдик-эксперттик комиссиянын (инфекционист, эпидемиолог дарыгер) чечими менен жашаган жерине 14 күнгө үй карантинине чыгарылып, баштапкы медициналык-санитардык жардам адистеринин (мобилдик топ) көзөмөлүндө болушат. инкубациялык мезгил өткөндөн кийин каттоодон чыгарылат. Эгерде оору бар экени ырасталса бейтап андан ары дарылоо үчүн стационарга жаткырылат.

Дарыгерлердин саламаттыгы Биринчи орунда
Патронажды камсыздоо максатында мобилдик бригадалар түзүлүп, аларга 922 үй-бүлөлүк медицина борборлорунун/үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун дарыгерлери, эпидемиологдор жана инфекционисттер, медайымдар, лаборанттар жана айдоочулар ишке тартылды. Республика боюнча бүгүнкү күндө бардыгы болуп 256 мобилдик бригадалар уюштурулган, анын ичинде Бишкек ш. — 40, Ош ш. – 12, Ош обл.- 42, Жалал- Абад обл.- 50, Баткен — 29, Нарын – 13, Ысык- Көл обл. — 25, Талас – 13, Чүй обл. -32. Оору очокторундагы, анын ичинен мобилдик бригадалардагы медицина кызматкерлеринин ооруга чалдыгуусу көбөйүп жатканын эске алуу менен, мобилдик бригадалар 14 күндүк вахталык иштөө ыкмасына өтүштү, андан кийин алар 14 күн обсервацияда болушмакчы. Медициналык кызматкерлерге психологиялык жардам көрсөтүү үчүн, россия Федерациясынын психологу менен өзүн өзү жөнгө салуу жана стресске туруштук берүү боюнча практикалык онлайн семинар уюштурулуп, 300дөн ашуун адам окутулду. мындан тышкары, КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен COVID–19 менен ооруганда психологиялык жардам көрсөтүү алгоритми иштелип чыкты. Аталган дартты биримдикте гана жеңе алабыз. Андыктан айтылган талаптарды аткарып, ар бир жаран өз ден соолугуна кам көрүш керек.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.