Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК плюс ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын №1 чыгарылышы

1614

Нурлан Галбаев:

“Коронавирус дарыгерлердин баркын көтөрдү”

Обсервациялардын уюштурулушу COVID-19 менен күрөшүүдө негизги орунда турду. Анда чет өлкөдөн кайткандарды обочо кармоо үчүн өлкө боюнча бир канча жайлар ачылып, оорунун жайылышына бөгөт коюуда алгылыктуу иштер жасалды. Саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси, обсервацияларды уюштуруу боюнча жооптуу кызматкер Нурлан Галбаев иштин жүрүшү тууралуу баяндайт.

Устүбүздөгү жылдын 28-январынан тарта министрликтин ыкчам штабы түзүлүп, медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынан медициналык дарылоо боюнча адис катары ыкчам штабдын мүчөлүгүнө бекитилдим. Кийин обсервация боюнча жооптуу болуп дайындалдым. Ошол күндөн бери кызмат өтөп жатабыз. Албетте өтө кыйын, иштөө режимибиз чектелген эмес, күнү-түнү уктабайбыз. Телефон номерлерибиз медициналык көзөмөлдөө пункттарында илингендиктен кайсы убакта болбосун чалууларга жооп берүүгө тийишпиз. Ар кандай маселелерди ыкчамдык менен чечүүгө аракеттенебиз. Түнкү саат 3төргө чейин иштеген күндөр да болот. Адам баласы бардык кыйынчылыктарга көнөт экен. Мындай
көрүнүштөр кадыресе эле күн тартибине кирип калды. Чет өлкөдөн келген жарандарды тосуп алууда ар кандай учурлар болот. Айрымдары ыраазы болуп биздин айтканды аткарып, үйлөрүнө 14 күндөн кийин чыгып кетишет. Кээ бири тескерисинче обсервация шарттарына нааразы олуп, жогорку деңгээлдеги шарттарды талап кылышат. Медициналык жардамдан тышкары түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзөбүз. Акыркы кездерде негизинен обсервацияларга чет өлкөдөн көп жарандар келип жатат. Министрлик тарабынан атайы иштелип чыккан алгоритм боюнча ылдам тосуп алып мейманкаларга жайгаштырылат. Жатаканалардын бардык шарттары бар. Ал эми анализ алып, медициналык текшерүү жүргүзүп жатканда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана транспорт жана жол министрлиги менен биргеликте иш алып барабыз. Өзүбүздүн, жакындарыбыздын саламаттыгы үчүн кооптонобуз. Ооруканаларга, обсервацияларга же жарандарды тосуп алган учурлар да сөзсүз беткап тагынып, жекече коргонуу кийимдерин киебиз, бирок жеринде иш алып барганда дарыгерлерге ыкчам көрсөтмөлөрдү бергенге да туура келет.

Обсервацияга жатпайбыз дегендер көп маселе жаратат
Коронавирус баарыбызга ден соолуктун баалуулугун билдирди, дарыгерлердин баркын көтөрдү деп ойлойм. Жумуш учурунда көйгөйлүү окуялар көп болот. Көбүнчө коронавирустун симптомсуз формасы менен ооругандар түйшүк жаратат. “Дарыгерлердин айтканын укпайбыз, обсервацияга жатпайбыз”,- деп чыр салгандар болот. “Эмне үчүн 14 күн жатышыбыз керек”-деп бизге нааразы болушат. алар менен түшүндүрүү иштерин такай жүргүзөбүз.  Мындай жагдайлар жумуш учурунда дайыма болуп турат. Ишибиздеги маанайды көтөргөн жагдайлар жарандар үйлөрүнө жеткирилген соң биздин дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирген учурлар. Алар соцтармактарда ыраазычылыктарын жазышат же болбосо телефон аркылуу айтышат. Ушундай учурларда биздин эмгегибиз бааланып жатат деп сүйүнүп калабыз.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.