Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК плюс ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын №1 чыгарылышы

1595

Алима Сарыбаева:

«Коронавирус тазалыкка үйрөттү»

Кадамжай районундагы Айдаркен жалпы дарыгерлик тажрыйбалык борборунун Ден соолукту чыңдоо кабинетинин адиси Алима Сарыбаева

Дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салган коронавирус оорусу Кытай мамлекетинде катталгандан баштап эле ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистери бардык мамлекеттик ишкана мекемелердин кызматкерлерине, мектеп окуучуларына, аскер бөлүктөрүнө, милиция кызматкерлерине коронавирустун алдын алуу максатында маалымат бере баштадык. Кыргызстанда коронавирус катталгандан баштап өзгөчө кырдаал киргизилди. Ошол күндөн баштап, онлайн аркылуу маалымат берип жатабыз. Башында көпчүлүк эл анчалык маани берген жок. Кийинчерээк оору аябай олуттуу экенине ынанып, түшүнүү менен кабыл алышты. Бул оору жалаң гана жамандык алып келди дегенден алысмын. Себеби азыр эл колун самындап жууганды, кучакташпай көрүшүүнү адатка айлантты. Жөтөлүп, чүчкүргөндө сөзсүз бет аарчы менен жапканды үйрөнүштү. Өзгөчө кырдаал киргизилген күндөн тартып элди үйдө отурууга чакырдык. Бул чакырык кагаз түрүндө эмес, микрофон аркылуу болду. Автоунаалар менен ар бир айылдын көчөлөрүнө кирип, элдин үйдөн чыкпай, айтылган эрежелерди сактап отуруусун сурандык. Ошондой эле өзүмдүн жеке каражатымдан 200дөн ашуун маалымат баракчаларын чыгарып, ар бир мекеменин кире беришине илдирип чыктым.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.