Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК плюс ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын №1 чыгарылышы

1613

Ысык тамак, беткап, маанилүү маалыматтар таркатылды

Ош областынын Ден соолукту чыңдоо кабинеттери COVID-19 пандемиясынын алкагында калкка маалымат берүүдө орчундуу иштерди аткарышты.

Коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында Ош областынын ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин (ДЧК) адистери калкка аталган вирус тууралуу маалымат берүү жаатында бир кыйла иштерди аткарышты. Коронавирус оорусун алдын алуу боюнча үй-бүлөлүк медицина борборлорунун (ҮМБ) жана Жалпы дарыгерлердин тажрыйбалык борборунун (ЖДТБ) медицина кызматкерлери инфекционист дарыгер менен биргеликте жер жерлерде калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул иш-чаранын алкагында райондун борборундагы ишканаларга, мектеп, бала бакчаларга, орто окуу жайларына маалыматтар берилип, баракчалар таркатылды. Ошондой эле маалымат менен камсыздоо иштерине шаарлар жана кичи райондор дагы камтылды. Ал эми COVID-19 расмий түрдө пандемия деп жарыялангандан кийин жумуш ордунда КВДОну, анын ичинде COVID-19 тарабынан пайда болгон оорулардын алдын алуу боюнча ишканаларга колду жуу жана иш ордундагы оорунун алдын алуу эрежелери үйрөтүлдү. Райондук ДЧК адистери айылдык ден соолук комитеттери (АДК) менен биргеликте АДКнын өз каражаттарына беткаптарды тигип калкка таркатышты. Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери (КАДК) тарабынан каржыланган ДЧК адистери обсервацияда жаткандарга ысык тамак уюштуруп турушту. Ошондой эле блок-посттордо тургандарды дагы ысык тамак менен камсыздоо иштери колго алынды. Өлкөгө карантин киргизилгенден баштап АДКлар менен биргеликте жашоочуларга беткап тигип таркатылып, ҮМБга келген бейтаптарга COVID-19дун алдын алуу боюнча маалымат берилди. Ошол эле мезгилде тез жардам унаасы менен көчө кыдырып үн күчөткүчтөр аркылуу этият болуу, үйдө болуу, беткап тагынуу, антисептик колдонуу ж.б. эрежелер тууралуу маалыматтар айтылды.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.