Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс №5

1311

Кундуз Бекбоева:

«Түнкүсүн өчүрүлбөгөн телефон мээни 24 саат бою иштөөгө мажбурлайт»

Технологиялардын тынымсыз өнүгүүсү аркылуу адамзат алдыга карай өсүү жолунда бара жатат. Адам эмгеги жеңилдеп, маалымат алмашуу өтө тездикте жүрүүдө. Бирок муну менен катар эле дарыгерлер адамдардын ден соолугуна, өзгөчө көздүн көрүүсүнө, нервине чоң зыян келип жатат деп тынчсызданышууда. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын №2 көздүн микрохирургиясы бөлүмүнүн жогорку даражадагы офтальмохирургу Кундуз Бекбоева баяндайт.

Маалымат кылымы болгондуктан ар бир экинчи жаран көзүнөн жабыркап жатат. Мурда көз оорулары тубаса же тукум куучулуктан улам болсо, азыр кабылданган оорулар көбөйдү. Учурда алысты көрбөө — миопия дарты басымдуулук кылат. Бул статистика боюнча глобалдуу көйгөй катары таанылып, 50-жылга карата ар бир жаран көз оорусу менен жабыркашы, көздөн жаш агуу, жарыкты карай албоо сыяктуу дарттарга дуушар болушу мүмкүн экендиги болжолдонууда. Мисалы, алысты, жакынды көрбөгөндөн тышкары башка көптөгөн оорулар кездешүүдө. Мен да ушул жаатта диссертация жактап жатам. Учурда бардыгын камтыганга адистер жетишпей жатат, себеби бейтаптар өтө көп. Анткени көпчүлүгү өз учурунда кайрылышпайт, алар муну көз оору деп эсептебестен «ушундай болушу керек, норма экен» деп жүрө беришет.

БАЛАНЫН ТЕЛЕФОН КӨРҮП ОТУРУШУ КАДЫРЕСЕ КӨРҮНҮШКӨ АЙЛАНДЫ

Көпчүлүк адамдар түнкүсүн дагы вай-файды өчүрбөстөн жатышат, бул мээни 24 саат бою тыкылдап тынымсыз иштөөгө мажбүр кылат. Түнкү үйку учурунда мээ эс алуу керек, бул ден соолук үчүн өтө маанилүү. Адам уйкусу бөлүнбөстөн 6-8 саат толук укташы керек. Телефон кармаганга жарап калган балдар 1 жаштан баштап эле аны менен чоңдор аркылуу таанышып жатышат. Ата-энелер жанынын тынчына карап балдарга телефон берип алаксытышат. Балдар телефондон мультфильм жана башка оюндарды тынымсыз көрүп отурушат. Мындай көрүнүш адатка айлан-ды, мисалы коомдук унаада бала бакчага бара жаткан, келе жаткан кичинекей балдар жол бою телефон көрүп барышат. Апалары атайы коюп берип келе беришет, муну көпчүлүк кадыресе көрүнүш катары кабыл алып калдык. Бала анын зыяндуу экендигин түшүнбөйт, эгерде ата-эне өздөрү кайдыгер болуп жатса эмне деп айтууга болот? Биз муну менен баланын келечектеги психикасына, ден соолугуна балта чаап жатабыз. 6 жашка чейинки балдар кадимкидей эле оюнчуктар менен ойноп, балалыгы балдардыкындай өтушү керек. Үйдө мүмкүн болушунча вай-файды, компьютерлерди өчүрүп койгонубуз туура. Муну азыртадан түшүндүрүп, калкка жеткирүү зарыл.

ОН-ЛАЙН ОКУУ БАЛДАР ҮЧҮН 3 СААТТАН АШПООГО ТИЙИШ

Пандемияга байланыштуу мектеп окуучуларынын он-лайн окууга өтүшү дагы көйгөйдү терең детти. Көпчүлүк балдар жатып алып окушат, бул туура эмес. Көз менен телефондун ортосундагы аралык 33-35 см болуп, жарык сол жактан тийиши керек. Мисалы жарык төбөдөн тушкөндө көлөкө болот, ал эми оң жактан тийген жарык туура эмес болот. Жатып алып окуу балакатка жете элек балдар үчүн өтө зыяндуу, себеби ал көздүн булчуңдарынын туура эмес калыптануусуна алып келет, көздүн кыйшайып кетүүсү, көздүн кылый оорусу өөрчүйт.

Он-лайн окуу учурунда көздүн талыганы сезилгенде 2-3 мүнөт болсо дагы көзүн ирмеп алышы керек же болбосо терезеге барып жарыкты, жашыл түстөрдү карап, анан кайрадан окууну улантса болот. Дайыма эле телефонду тиктештин кажети жок, айрым сабактарды угуу аркылуу өздөштүрүүгө болот. Ошентип көзгө күч келтирбей турган альтернативаларды издөө керек, бир күндө телефондо окуу орто эсеп менен 3 сааттан ашпоого тийиш. Анын ортосунда жогоруда айтып кеткендей көздү эс алдырып туруу зарыл, анткени маалымат көз аркылуу түз эле мээге келет. Ошондуктан көздү экинчи мээ деп коёбуз.

Сыналгы көрүү балдар үчүн 1,5 сааттан, чондор үчүн 2,5-3 сааттан ашпашы керек. Ал эми улгайган адамдардын организми жаш бала-ныкындай болуп калат, ошондуктан аларга дагы 1,5 сааттан ашык көрүүгө болбойт. Кайсы гана болбосун аппараттын гигабайты канчалык күчтүү болсо ошончолук зыяндуу болот. Ушуга көңүл буруу керек. Мисалы биз көтөрүп жүргөн гаджеттер өтө зыян-дуу, аны заряддалып жаткан учурда, заряды аз калганда дагы көрүүгө болбойт. Ошол учурда андан зыяндуу нурлануу тарайт.


МӨМӨ-ЖЕМИШ ЖАНА ЖАШЫЛЧАЛАРДЫ КӨБҮРӨӨК ПАЙДАЛАНУУ КЕРЕК

Көздүн көрүүсүн жакшыртуу үчүн биринчиден мөмө-жемиш, жашыл-чаларды пайдалануу керек. Мөмө-жемиштерди жаңы боюнча же кыям түрүндө колдонуу сунушталат, кайнатпастан жасалган кыямда ви-таминдер жакшы сакталат. Ошондой эле жашылчалардан сабиз, шпинат, брокколи, кызыл түстөгү жашылчалар, алма, калемпир витаминдердин булагы болуп саналат. Негизи эле адам эмнени кааласа ошону жеши керек, андан кийин оорусуна жараша жер-жемиштер сунушталат. Кара мөмө (черника), брусника, дан куурай, кулпунай, карагат, ит мурунда С витамини көп. Көбүнчө тоодо өскөн түрлөрүндө витаминдер көп сакталган. Ар бир мөмө-жемишти экологиялык жактан таза аймакта өскөндүгүнө жараша тандоо керек.

Маектешкен Аймира МЕНДЕЕВА

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18

2 replies »

  1. Баракелде, Темирлан Ажыбекович! патриот сезимдериңиз менен акыл оюңуздун дал келген күчтүү демиңизге дем кошулсун, ден соолукта болуңуз! Элибиздеги ар бир жүрөктү түйшөлтүп келген негизги маселени бир чаппып … Калемиңиз курчуй берсин!

  2. Ааламды багындыра алган вирусту
    Ааламга жете берген ой сезимиң менен
    Дүйнө элинин ички дүйнөсүндөгү
    ой сезимин таба билген ,
    Курч калемин менен болсо да
    Дүйнөнү багындырган вирусту
    Багынта алдың.
    Биз сени менен сыймыктанабыз
    Акылманым.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.