Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс №5

1311

«ЭМДӨӨ ООРУНУ ЧАКЫРБАИТ, ТЕСКЕРИСИНЧЕ КОРГОЙТ»

Кыргызстанда 2021 -жылы 29-мартта коронавирус инфекциясына каршы эмдөө башталган. Бүгүнкү күнгө чейин (маалымат 15-июнга карата алынган) 90 миңден ашуун адам вакцина алган. Вируска каршы вакцина алуу канчалык маанилүү деген суроого жооп алуу үчүн Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Асыкбекова Бурул Шарипжановнага кайрылдык.

Бурул Шарипжановна жалпы Вакцина тууралуу айтыпберсеңиз

─ Вакцинанын түрлөрү көп. Ал кайсы ооруга карата даярдалса, ошого жараша организмде иммунитет, антителолор пайда болот, бирок ал үчүн убакыт керек. Мисалы, азыр коронавируска каршы эмдөө жүрүп жатат. Иммунитеттин пайда болуусу үчүн эки дозаны тен, алуу зарыл.

Тарыхка кайрылсак Вакцина Вируспган коргойтдеп качан такталды эле?

─ Алгач 1959-жылдары чечек оорусуна каршы вакцина алына баштаган. Кыргызстанды алсак, 1997-жылдан бери кептөөр оорусу каттала элек, 2002-жылы Кыргызстан шал оорусунан (полиомиелит) эркин өлкө деген тастыктама алган. Сенек оорусу 25 жылдан бери каттала элек. Мына ушунун баары эмдөөгө байланыштуу деп айтууга негиз бар. Демек, эмдөө көптөгөн оорудан коргойт. Бир эле мисал, 1998-жылы тепки (паротит) оорусуна каршы вакцина албай калган балдар арасында 2005-жылы оору аябай көбөйүп кеткен. Ошол эле кызамык оорусун дагы айтууга болот.

Эмне үчүн эмдөөдөн кийин оорунун белгилери пайда болушу мүмкүн?

─ Адамдын организмине жараша болот. Эмдөө алгандан кийин оорунун белгилери пайда болгондугу нормалдуу көрүнүш. Бул күтүлгөн реакция, башкача айтканда, инфекцияга каршы организмдин реакциясы болуп эсептелет. Тилекке каршы, эл арасында туура эмес маалыматтардан негатив жана коркуулар болду. Эмдөөнүн биринчи же экинчи дозасын алгандан кийин, ПЧР — тест оң чыкты, вакцина менен мага вирусту жугузушту дегендер бар. Туура түшүнүш керек, эмдөө башталган учурда оору дале эл арасында тарап жаткан. Мындан улам, айрымдар инкубациялык мезгил убагында вакцина алып, ооруп
калышкан.

─ Дүйнөлүк сапаматтыкты сактоо уюмунун маалыматында COVID-19га каршы 200дөн ашуун Вакцина өндүрүлүп жатат…

─ Коронавируска каршы 200дөн көп вакцина өндүрүлүп жатканы менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аларды изилдеп, тажрыйбада колдонуп, андан уруксат алгандан кийин гана колдонулат. Жугуштуу оорулардын дагы бактериялык жана вирустук түрү болот. Илимпоздор алардын түрүнө жараша иш алып барышат.

Эмдөөнүн улуттук календары тууралуу түшүндүрүп берсеңиз.

─ Бизде атайын эмдөөнүн Улуттук календары бекитилген. Ал календарга ылайык, бала төрөлгөндөн баштап 56 жашка чейин 12 ооруга каршы эмдөөдөн өтүшү зарыл. Тилекке каршы, эл арасында эмдөөдөн баш тарткандар бар. Мындан улам, алардын арасында оору күчөп кетиши мүмкүн. Эгерде эмдөөдөн баш тарткандар көбөйүп кетсе, жамааттык иммунитет жок болуп, оору тез тарап, күчөп кетет.

Эмне үчүн адамдар эмдөөдөн баш тартып жатышат?

Тилекке каршы, коронавирус түрүн алмаштыра турган оору болуп жатат, башкача айтканда мутация болуп, өзгөрүүдө. Ошондуктан, эмдөө абдан маанилүү. Адамдар терс маалыматтарды окуп алып эле баш тартышат. Эл толук окубайт, тарыхты карап вакцина менен кандай оорулар-ды жеңдик, алдыда кандай болот деп ойлонбойт. Баласына эмдөө жасатпай жаткан ата-энелер деле кичинекей кезинде эмдөөдөн өтүшкөн.
Ар бир вакцина тууралуу так жана туура маалымат алуу зарыл. Вакцина алуу ооруну чакырбайт, тескерисинче адамды коргойт.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18

2 replies »

  1. Баракелде, Темирлан Ажыбекович! патриот сезимдериңиз менен акыл оюңуздун дал келген күчтүү демиңизге дем кошулсун, ден соолукта болуңуз! Элибиздеги ар бир жүрөктү түйшөлтүп келген негизги маселени бир чаппып … Калемиңиз курчуй берсин!

  2. Ааламды багындыра алган вирусту
    Ааламга жете берген ой сезимиң менен
    Дүйнө элинин ички дүйнөсүндөгү
    ой сезимин таба билген ,
    Курч калемин менен болсо да
    Дүйнөнү багындырган вирусту
    Багынта алдың.
    Биз сени менен сыймыктанабыз
    Акылманым.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.