Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс №5

1311

Акназаров Темирлан Ажыбекович

1986-жылы Талас областына караштуу Кара-Буура районунун Кара-Суу айылында туулган.
2009-жылы Талас мамлекеттик университетинин Тарых факультетин аяктаган.
Кесиби боюнча туулуп өскөн Кара-Суу айылынын Айтпаев орто мектебинде бир нече жыл мугалим болуп эмгектенген.
Учурда Республикалык ден соолукту чындоо борборунун ден соолукту чыңдоо боюнча адиси болуп эмгектенет.

Жуккан вирус эмнелерди жактырат?

Ылаң каптап, оору менен күрөшкөн,
Адамзаттын тарыхында миң өткөн.
Ошентсе да кайталанып ар доордо.
Далайларды канча ирет жүдөткөн.
Көп үй-бүлө ылаң менен алышып,
Биздедагы көп түйшүктүү күн өткөн.

Оңой жеңип кеткиң келсе ооруну,
Эсиңе түй иммунитет түшпөсүн.
Табит тартпай калса дагы баш ийбей,
Ар бир бейтап тамак-ашты күчтөсүн.

Күчтүү тамак менен бирге бир сунуш,
Сабыр кылса, маанай төмөн түшпөсүн.
Шылтоо кылып сунушташат айрымдар,
Шыпаа болбойт, эч ким арак ичпесин.

Жүзүн буруп, колун улам чапкылап,
Жуккан оору көңүл бурат жакшылап.
Чалынбастан жыгылганың жетиштүү,
Жуккан вирус дал ошону жактырат.

Жуккан кезде белек кылып акырын,
Жалкоолукту белек кылып тапшырат.
Жеңе албасаң жалкоолукту тез эле,
Жеңден алып, жабыштырып жаткырат.

Кайрат топтоп эс алган соң кыймылда,
Эмгек менен кайтып келгин кыймылга.
Оорудум деп жатып алып төшөккө,
Дарман төгүп, дарт жабышса сый кылба.

Накыл сөз бар, эске сала кетейин,
Туура эс алат — иштей билген жумушту.
Тамактан да көп учурда маанилүү,
Таттуу нерсе күчтөндүрөт вирусту.

Вирус жетсе жаш-карыбы баары бир,
Тандап келбейт кимге, кантип жугушту.
Эске түйүп ага амал кылалы, Унутпастан адис айткан сунушту.

Адистерден бир топ акыл кеп угам,
Айткандарын удаа-удаа көп угам.
Камыр тамак азыктарга бай эмес,
Кеч аш болуп, зыян берет деп угам.

Вирус жукса коркуу сезим болбосун.
Корккон сайын вирус күчтөйт ордосун.
Иммунитет паникадан төмөндөйт,
Ар бир бейтап ошол жагын оңдосун.

Вирус менен күрөшкөндөр буйдалып,
Татаал вирус жукса дагы коркпосун,
Табит тартпай жатса дагы кыйналып,
Ичүү керек эттин ысык шорпосун.

Иммунитет алсыз болгон учурда,
Оору келсе айыгуулар кечендейт.
Ар күн сайын күчтүү иммунитетги,
Мөмө-жемиш, жашылчалар бекемдейт.

Жашоо жана жакшы сөз

Жашоодо кызык кездер көп,
Жашоодо ойдуң, түздөр көп.
Жашоону сүйүп жашайлы,
Жашоодо айтчу сөздөр көп.

Жүрөктөр таза жашайбы?
Жакшы сөз элде азайды.
Жылуу сөз айтып замандаш,
Жылмайып гана жашайлы.

Түбөлүк жашоо бар, анык,
А белгисиз бирок аралык.
Жалганда жакшы жашоого,
Жакшы сөз, бизге жан азык.

Жетсем деп ичтен самашып,
Жүз жашка көптүн баары ашык.
Жаштыкты сактап жашоого,
Жаш, карыга шаң азык.

Жаман сөз айтпай жашасак,
Жакшылык ишти талашып.
Жүрөктөр таза сакталмак,
Жаңылбайт элек адашып.

«Кадырлуу» кепти тыңдайлы,
Коомчулукта сынбайлы.
Колдон келсе тазартып,
Аң-сезимди чыңдайлы.

Биртке калчап акылды,
Чала күмөн курбайлы.
Эптеп жеткен акылды,
Көрүнгөн жакка бурбайлы.

Асыла бербей ар кимге,
Өзүбүздү оңдойлу.
Жакшы ишти сүйөт жүрөктөр,
Биз, мерездик менен тоңбойлу.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18

2 replies »

  1. Баракелде, Темирлан Ажыбекович! патриот сезимдериңиз менен акыл оюңуздун дал келген күчтүү демиңизге дем кошулсун, ден соолукта болуңуз! Элибиздеги ар бир жүрөктү түйшөлтүп келген негизги маселени бир чаппып … Калемиңиз курчуй берсин!

  2. Ааламды багындыра алган вирусту
    Ааламга жете берген ой сезимиң менен
    Дүйнө элинин ички дүйнөсүндөгү
    ой сезимин таба билген ,
    Курч калемин менен болсо да
    Дүйнөнү багындырган вирусту
    Багынта алдың.
    Биз сени менен сыймыктанабыз
    Акылманым.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.