Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс №5

1311
Улук-Бек Бектурганов:

«Дарыгерлер дагы кайгырат, кубанат, алардын да жүрөгү бар»

Саламаттык сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформага ылайык, саламаттык сактоо министрлигинин курамына беш министрлик камтылып, структуралык түзүлүшү өзгөртүлүп, элге кызмат көрсөтүү жөнөкөйлөштүрүлүп жатат. Мына ушул маселелер, пандемия боюнча кырдаал тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов менен маек курдук.

─ Улук-Бек Бектурсунович, айтыңызчы, Саламаттык сактоо министрлигинде кандай структуралык өзгөрүүлөр жүрдү?

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга ылайык учурда беш министрлик бир министрликке топтолду. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана КР Социалдык фонду дагы кошулду. Азыр бардыгы электрондук саламаттык сактоого бириктирилди. Жарандар пенсияга чыгабы, майыптыкка чыгабы, ооруканага жатуу, окуган жер боюнча маалымкат алуу, башка жөлөк пул алуу боюнча процедуралар ушул бир эле жерде ишке ашырылат. Ошондой эле лицензия берүү да үшул эле жерде жүргүзүлөт. Буюрса бул июль айынын аягына чейин системага кирип калат. Башкача айтканда, бюрократияны жоюп, бардыгын жөнөкөйлөштүрүүгө аракет жасалууда.

─ COVID-19 пандемиясы боюнча жалпы кырдаал тууралуу айта кетсеңиз.

─ Былтыркы биринчи толкунда оору өтө катуу болгон, бул вирус жаңы болгондуктан элдин үрөйү учуп дүрбөлөңгө түшкөн. Анын үстүнө ооруканаларда орун, дары-дармек жетишсиз болуп кыйын күндөр өттү. Азыр болсо бардык ооруканаларда орундар, дары-дармек, коргоочу костюмдар, каражаттар 100% жетиштүү жана 2,5 айлык запас бар, дары-дармек бардыгы акысыз. Күнүнө 500-600 адамга орун камсыздалып, ошол эле учурда күнүнө 250гө жакын айыккан адамдар ооруканадан чыгарылып турат.

Бизде пандемияга байланыштуу жарандарыбыздын чет мамлекетке баруулары үчүн полимераздык чынжырлуу реакцияга (ПЧР) тест тапшыруу көп көйгөй жаратууда. Биздин жарандар үчүн андай кыйынчылыктарды жоюу максатында Азербайжан, Россия Федерациясы, Белоруссия, Кыргызстан, Казакстан биригип бирдиктүү система түзүү тууралуу келишимге кол коюлду, ал жака эмдөө алган жарандар ПЧР-тести жок эле бара алышат. Алар РФга өткөндөн кмйин, андан ары 36 мамлекетке да өтө алышат. Анткени РФ 36 мамлекет менен меморандум түзгөн. Ошентип бардыгы болуп 41 мамлекетке бара алышат. Ал эми сырттан келген жарандар дагы эгерде эки жолу вакцина алса биз үчүн коопсүз деп эсептелип, өлкөгө кирги-зиле берет.

— Деги эле эл арасында пандемия менен күрөштө дарыгерлерди
алкагандар дагы, ошол эле учурда күнөөлөгөндөр да жок эмес. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

— Дарыгерлер абдан жооптуу кесип-ти аркалап жаткан адамдар. Азыр эл арасында жалаң дарыгерлерди эле күнөөлөгөндөрдү көп жолуктуруп жатабыз. Биринчиден, дарыгер деле карапайым эл сыяктуу эле адам, алар деле ушул пандемияда жакындарынан ажырашты, ар кандай оор кырдаалдарга дуушар болушту, өздөрү дагы ажал менен арбашты, айрымдары жарык дүйнө менен кош айтышты. Алардын дагы жүрөгү бар, сезимдери бар, алар дагы кубанышат, кайгырышат. Ошондуктан бул апаатта күнөөлүүнү издебестен, биргелешип ынтымакта күрөшө турган болсок ооруну жеңебиз деп айтып кетким келет.

— Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата сый-лыктар каралдыбы?

Албетте, жылдагыдай эле дарыгерлердин кесиптик майрамына ка-рата эмгеги сиңген медицина кызматкерлерин сыйлоо каралууда. Ошондой эле кызыл зонада иштеп жаткан кызматкерлерге атайын сыйлыктар берилмекчи. Региондордо иштегендер боюнча сыйлыктарды тапшыруу иши акимдерге тапшырылды. Кызыл зонада иштеп жүрүп оору жуктуруп алган дарыгерлерге кенемте төлөп берүү маселеси дайыма күн тартипте каралып келе жатат. 2021-жылдын 11-январга чейинки кенемтелер боюнча 215 кишиге кесиптик майрамга чейин тапшыруу пландалууда. Ал эми 2021-жылдын 11-январынан кийинки кенемтелерди төлөөнү жергиликтүү санэпидстанциялар комиссия түзүп карашат. Жалпы кесиптештериме кесиптик майрамы менен куттуктап, чың ден соолук, бакубат өмүр, ардактуу иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайм. Дайыма өмүр сакчысы деген ардактуу наамды татыктуу алып жүрүүлөрүнө тилектешмин!

Маектешкен
Аймира МЕНДЕЕВА

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18

2 replies »

  1. Баракелде, Темирлан Ажыбекович! патриот сезимдериңиз менен акыл оюңуздун дал келген күчтүү демиңизге дем кошулсун, ден соолукта болуңуз! Элибиздеги ар бир жүрөктү түйшөлтүп келген негизги маселени бир чаппып … Калемиңиз курчуй берсин!

  2. Ааламды багындыра алган вирусту
    Ааламга жете берген ой сезимиң менен
    Дүйнө элинин ички дүйнөсүндөгү
    ой сезимин таба билген ,
    Курч калемин менен болсо да
    Дүйнөнү багындырган вирусту
    Багынта алдың.
    Биз сени менен сыймыктанабыз
    Акылманым.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.