Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс №5

1311

Кыргыз медицинасынын өнүгүү тарыхы

Кыргызстан адамзат цивилизациясынын байыркы очокторунун бири. Ал жер шарындагы адамзаттын калыптануусу жана түптөлүүсү жүргөн аймактардын катарына кирет.

Анын жашоосунун биринчи баскычындагы медициналык жардамды элдик медицинанын жардамы катары кароо керек. Ал молдо, табып, бакшы, кожо, эшен, сопулардын кызматтары болгон.
Табыпчылыктын узак жылдагы тажрыйбасы — тамырчы-табып, сыныкчы-табып, эмчи кемпир деп бөлүнчү. Табыптар диагнозду тамырдын кагышы боюнча коюп, дары өсүмдүктөрүн дайындашчу, кан алышчу, бул үчүн мандай жана чыканак көк тамырлары тандалчу. Табыптар жугуштуу ооруларды дагы дарылашкан, алар тууралуу өздөрүнүн белгилүү бир түшүнүктөрү болгон. Изилдөөчүлөр белгилегендей. чечек оорусу пайда болгон учурда оорулууну боз үйгө калтырышып, дени сактары башка жерлерге көчүп кетишкен. Бейтапты кароо үчүн мүмкүнчүлүккө жараша чечек менен ооруп айыккан улгайган аялды бөлүп коюшчу. Тамак-аш берүү аралыктан узун таяктын жардамы менен жасалчу. Бул Кыргызстандагы элдик медицина башка элдердегидей эле илимий медицинанын көптөгөн рацоналдуу данын камтый тургандыгын билдирет.

АЛГАЧКЫ ООРУКАНАЛАР

Совет мезгилиндеги жаңы тарыхка чейин Кыргызстанда 4 шаардык оорукана (Пишкек ш„ Токмок ш„ Прежевальск ш.. Ош ш.), иштеген. анда 70 койка жана 30 койкалуу айылдык 5 оорукана болгон. Бир ооруканага орто эсеп менен 140 мин, адам, бир дарыгерге 57,6 миң адам туура келген. Медициналык жардам алуу үчүн орто эсеп менен калктын 10%га жакыны кайрылып турган.
Холера, темгилдүүкелте, балдар инфекциялары, кургакучук, сифилис эпидемиялары жыл сайын миндеген өмүрлөрдү алып турган. Кыргызстандын калкынын саны 1903-жылдан 1913-жылга чейин 7%га төмөндөгөн.
Орус дарыгерлери калкка медициналык жардам көрсөтүү үчүн учак мененжүрүүчүдарыгерлер отряддарын түзүшкөн. Отряд 2-4 адамдан туруп, бейтаптар болсо көп болгон. Дарыгер Е.И. Чуковский: «1909-жылы Пишкек шаарында иштеген бир айдын ичинде 724 оорулууга жардам көрсөтүлүп жана 242 операция жасадым» деп эскерген.

АКЫН ТОГОЛОК МОЛДО ДАГЫ ЧЕЧЕК ЭМДӨӨГӨ КАТЫШКАН

1898-жылдан тарта чечекти эмдөө башталган. Чечек эмдөөчү болуп акын Тоголок Молдо, мугалим Молдагазы Берикбаев иштеген.
Совет бийлиги Кыргызстандын элинин тагдырын тарыхый жактан анык-таган. Саламаттык сактоонун элдик комиссариаттары тузүлөт. Саламаттык сактоонун элдик комиссариаттары областтык комиссариаттарга баш ийишкен. 1918-жылдын аягында Саламаттык сактоонун Пишпек уезддик бөлүмүнүн карамагына Пишпек жергиликтүү лазарети, кийинчерээк — башка уезддердин лазареттери өткөн.
1925-жылдан тарта Кыргызстанда атайы медициналык жардамдын түрлөрү өнүгөт. 1925-жылы биринчи жолу Фрунзе ш„ 20 койкалуу төрөт үйү жана балдар консультациясы ачылат. Токмок ооруканасына караштуу балдар консультациясы ачылат, ар бир шаардык амбулаторияда — тиш дарылоочу кабинеттери ишке кирет. 1925-жылы Фрунзе ш„ венерикалык амбулатория ал эми Ош ш„ венерологиялык диспансер ачылган.

УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШ ЖЫЛДАРЫНДА

Улуу Ата Мекендик согуштун аягында Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагы жакшы жабдуулар, ошондой
эле дарыгер кадрлары жана орто медициналык кызматкерлер менен камсыз болгон. Бирок республиканын саламаттык сактоо тармагынын кызуу өнүгүүсү фашисттик Германиянын кол салуусу менен бузулган болчу. Өлкөдө республикалык, областтык. шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдагы эпидемияга каршы комиссиялар (ӨЭК) түзүлүп, алдын алуучу ишмердүүлүгүндө ден соолукту чыңдоо иш-чараларын ишке ашырышты.

КЫРГЫЗСГАНДАГЫ МЕДИЦИНАЛ ЫК ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ТҮПТӨЛҮШҮ

• 1921-жылы Фрунзе шаарында алгачкы медициналык орто окуужайы ачылып, медайымдарды, фельдшерлерди даярдап чыгара баштаган.
• 1926-жылы Фрунзе шаарында акушерлерди даярдоо үчүн акушердик курстар ачылып, 1928-жылы бул окуу жайын 29 акушер окуп бүгкөн
• 1936-жылдын январь айында Каракол шаарында КССРдин Элдик комиссариатынын саламатгык сактоосунда 2 жылдык медайымдар мектеби түптөлгөн.
• 1939-жылдын сентябрь айында Кыргыз мамлекеттик медициналык институгу ачылган.
• Кара-Балта Медициналык колледжи 1961-жылы 29-июлда ачылып, фельдшердик бөлүмгө 30, жалпы профилдеги медайым бөлүмүнө 60 студент кабыл алынган
• 1999-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Майыптарды колдоо Улуггук программасын бекитүү жөнүндөгү» токтому менен «Медайым иши» — укалоочу адистиги боюнча бөлүм ачылып, аңда «Азиздер жана дүлөйлөр коомунун» мүчөлөрүнүн ичинен 16 адам «Укалоочу» адистигин бүгүрүп чыгышкан.
• Ош медициналык колледжи Ош мамлекеттик университетинин Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен 2005-жылдын 29-декабрында түптөлгөн.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18

2 replies »

  1. Баракелде, Темирлан Ажыбекович! патриот сезимдериңиз менен акыл оюңуздун дал келген күчтүү демиңизге дем кошулсун, ден соолукта болуңуз! Элибиздеги ар бир жүрөктү түйшөлтүп келген негизги маселени бир чаппып … Калемиңиз курчуй берсин!

  2. Ааламды багындыра алган вирусту
    Ааламга жете берген ой сезимиң менен
    Дүйнө элинин ички дүйнөсүндөгү
    ой сезимин таба билген ,
    Курч калемин менен болсо да
    Дүйнөнү багындырган вирусту
    Багынта алдың.
    Биз сени менен сыймыктанабыз
    Акылманым.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.