Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс №5

1311

Жай мезгилинде териге кам көрүү

Адамдын денесинин эң аялуу жана көрүнүктүү жери — бул тери. Ага туура кам көрүү өтө зарыл.
Жайдын аптабында терини кантип коргоо керек? Кандай ыкмаларды колдонууга боло тургандыгын бизге Республикалык тери венерологиялык борборунун жогорку даражадагы дарыгери, «Саламаттык Сактоонун отличниги» Гулькайыр Рысалиева айтып берди.

Гулькайыр эже, алгач дерматолог кашары кесибиңизге токтоло кетсеңиз. Кандай ооруларды дары лайсыз?

— 25 жылдан бери дерматолог болуп иштеп келе жатам. Менин адисти-гимдин багыты — тери жана жыныс жолдору аркылуу жугуучу жугуштуу ооруларды дарылоо. Тери ооруларынын түрү көп. Алардын арасында: жугуштуу тери оорулары (котур, чакалай (микоздор); пиодермия, безетки, нейродермит, псориаз, пузырчатка, май кычыткы (себорея), аллергиялык дерматиттер, бөрү жатыш жана башкалар. Ошондой эле венерикалык: сифилис. гонорея, хламидия, трихомониаз, папиллома, герпес ооруларын дарылайм.

Биздин өлкөдө жана климатка жараша кайсы ооруларга көбүрөөк туш болушат?

— Бизде пиодермия, микоздор, безетки, котур ж.б. тери оорулары көбүрөөк кездешет. Кыскача токтоло кетсем: пиодермия-теринин ириңдүү оорусу. Ал оорулуунун кийими, үй-тиричилик буюмдары аркылуу жугат. Түрлөрү: фолликулит, импетиго, безетки, сыздоок, чыйкан, сикоз. Ал өздүк гигиена эрежелерин сактабагандыктан, терчилдиктен, тери жаракатынан (кесилип, тытылса, курт-кумурска чакса) пайда болот.
Безетки — тери бездери сезгенип, майлар сыртка чыгалбай коюуланып, бездер шишип, кызарып, дөмпөйүп чыгат. Эндокриндик системанын бузулушу себорея, безеткини пайда кылат. Аялдарда кызыл безетки болот, тери кызарып, кычышат. Бул боор, өт көйгөйү аркылуу жаралат, майлуу, куурулган тамак жегенде пайда болот. Өспүрүмдөрдө гормоналдык тең салмаксыздыктан улам пайда болот. Кээде өзү өтуп кетет. Эгер тукум куучулук болсо дарылаш керек. Витаминдин жетишсиздигинен улам жаш балдар-да кургак чакалай көп кездешет.
Боор, өт, ичеги оорулары беттеги тактарды, безетки ооруларын пайда кылат. Ошондуктан ушул система-ларды дарылаш керек. Биологиялык факторлор: мите козу карындар микоз ооруларын, бактериялар теринин ириңдүүжараларын, мите жана вирустар котур, сөөлдү пайда кылат. Организмде инфекциялык очок болсо, аллергия, бөрү жатыш, экземаны пайда кылат.

-Венерикалык ооруларга чалдыккан бейтаптарды дагы дарылайсызбы?

— Венерикалык. оорулар жыныстык жол аркылуу жуккан оорулар. Бизде анонимдүү бөлмө бар. Көйгөйү бар адам келип, дарыланып кетсе болот. Бирок, аталган ооруларды дарылоодо күйөөсү жана аялы бирдей дарыла-нуусу зарыл. Себеби, эч кимге айтпастан бири келип дарыланып кеткени менен аялы же күйөөсүнөн кайра жугуп, рецидив чыга берет. Кээде аял киши билбей калып, боюнда болуп калса, пайда болгон өнөкөт оору балага өтүп кетип, оор диагноздор менен төрөлүшү мүмкүн.

Учурда косметологияда түркүн тейлөө кызматтары ачылды. Кыска мөөнөгптүү окуудан кийин сертификат апып, иигтеп жаткан адистерге көз карашыңыз кандай?

— Ачылган косметологиялык тейлөөлөрдү кубаттайм. Биз косметолог дарыгерлер менен тыгыз байланышта иштейбиз, көп учурда биргеликте консилиум кылып, алардын кеңештерине да муктаж болуп калган учурлар болот. Биз дерматологдор, мисалы бейтаптардын безетки оорусун дарылап, анан териде калган тактар, шрам. шишиктерди кетирүүүчүн дермато-косметологдорго жиберебиз. Ал жакта терини гигиеналык тазалоо, териге кам көрүү, косметикалык каражаттарды тандап берүү жана аппараттык косметология кызматтарын сунуштайт.

Бир эки ай курста окуп, иштеп жаткан адистер да бар. Аларды эстетик деп коет. Негизи косметолог дарыгер алгач, медициналык билим алып, дерматовенеролог деген адистикти алат. Андан кийин, алты айлык же эки жылдык косметология курсун окуп,
дермато-косметолог болушат.

Айымдар гана эмес, эркектер дагы териге кам көрүш керекпи?

Учурда айымдар гана эмес мырзалар дагы косметологиялык тейлөө кызматтарын колдонуп калышкан. Алар муктаждыктарына жараша безеткн, алопеция (чач түшүү), гигиеналык тазалоо кызматтарын алышат. Эл алдына чыккан мырзалар, мада-ният жылдыздары эрте картайбаш үчүн ботокс, витамин жасатышат.

— Териге кам көрүүдө үй шаргпын-дагы жөнөкөй кеңештер кандай?

Үй шартында териге кам көрүү. Териге туура кам көрүүнү үй-бүлө мүчөлөрүнө, айрыкча жаш балдарга үйрөтүү керек. Денени таза жууп, өздүк гигиена эрежелерин сактаганды, өздүк төшөк, сүлгү, болуш керек, кийим, бөлмө, ашкана буюмдарын таза кармоо керек.
Жаш балдарды таза абада, күн, суу процедураларын алдырып, көнүгүү жасатуу керек. Жыл мезгилдерине жараша териге керектүү витаминдерди ичип, чөптөрдөн, жашылча-жемиштен маска жасап туруу керек. Кечинде терини таза жууп, кремдерди сүйкөп туруу керек.
Айта кетүүчү нерсе, өзүн-өзү караган, өзүнө кам көргөн бейтаптар эрте келип, убагында дарыланып кетишет. Тилекке каршы, эл арасында көп маани бербестен, дарыканадан өз алдынча дарыланып, өнөкөткө айлантып алган да бейтаптар болот. Тери — бул адамдын көрүнүктүү жери болгондук-тан, убагында кам көрүү зарыл.

— Сиздердин борборго кайрылуу процессин айтыпөтсөңүз…

Биздин борборго Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгеринен ата-йын кайрылуу баракчасы (направление) менен келет. Кээде бейтаптар түз эле келсе дагы болот. Биздин каттоо жерине келип (регистратура) карта ачтырып, дарыланып кетишсе болот. Дарылануу оорунун түрүнө жараша болот, 1-2 жума карашыбыз мүмкүн. Стационарыбыз бар, ал жерге жатып да дарыланышат. Өнөкөт оорулары барлар өздөрү билип эле жыл сайын келип, дарыланып турушат.

— Медициналык адистерди келе жаткан майрамы менен куттуктайбыз. Кесиптештериңизге дагы каалоо-тилектериңиз.

Кыргызстандык жалпы дарыгерлерди, анын ичинен биздин борбордо чогуу эмгектенген кесиптештеримди кесиптик майрамыбыз менен куттуктайм!
Ар бирине бекем ден соолук, күчтүү нерв, чыдамкайлык, иштерине ийгилик, ыраазы бейтаптарды жана жан дүйнө тынчтыгын каалайм. Асманыбыз ачык болуп, жашоодо кыйынчылыктар жана жагымсыз кырдаалдар жаралбасын. Талыкпай жасаган ишибиз ырахат алып келсин!

Маектешкен
Алия НАЗЫМОВА

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18

2 replies »

  1. Баракелде, Темирлан Ажыбекович! патриот сезимдериңиз менен акыл оюңуздун дал келген күчтүү демиңизге дем кошулсун, ден соолукта болуңуз! Элибиздеги ар бир жүрөктү түйшөлтүп келген негизги маселени бир чаппып … Калемиңиз курчуй берсин!

  2. Ааламды багындыра алган вирусту
    Ааламга жете берген ой сезимиң менен
    Дүйнө элинин ички дүйнөсүндөгү
    ой сезимин таба билген ,
    Курч калемин менен болсо да
    Дүйнөнү багындырган вирусту
    Багынта алдың.
    Биз сени менен сыймыктанабыз
    Акылманым.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.