Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс №5

1311


Кенже курактагы балдарды тарбиялоо

Баланын төрөлүшү ата-эне үчүн чоң кубаныч эле болбостон, анын тарбиясы үчүн дагы чоң жоопкерчилик.

Ата-энеси жана жакындары тарабынан болгон мээрим, түшүнүү өмүрдүн биринчи жылдарында баланын өсүшү жана өнүгүүсү үчүн чоң мааниге ээ.
Кичинекей бала өзүнө абдан көп көңүл буруунү талап кылат, ошондой эле ата-эне дагы буга бардык күчүн жумшоого түура келет.
Баланын толук баалуу өнүгүүсү үчүн төрөлгөндөн баштап эле жакшы тарбиялоо ыкмаларын билүү жана колдонуу керек.
Бала ыйлап, чыргоолонуп жаткан учурда аны уктатуу же тамак жегенге мажбурлоо кыйын, ата-энеге өздөрүн көзөмөлдөө да оор болот. Алар тынчсызданып, кыжырланып же ачуулана баштайт.
Ата-эне кичинекей бала өзүнүн сезимдерин жана эмоцияларын башкача билдирип, өзүнүн керектөөлөрү жөнүндө айта албагандыктан ыйлап, чыргоолонуп жана кыжырлана тургандыгын дайыма эле түшүнө беришпейт.
Мындай жүрүм-турум ушул курак үчүн дээрлик нормалдуу деп эсептеле тургандыгын билүүсү маанилүү.

МЭЭРИМ ТӨККҮЛӨ
Балага жылмаюу, сылоо, кучактоо, өбүү, сезимдерди кубануу менен бил дирүү аркылуу сүйүүңөрдү билдиргиле. Мындай мээримди ал гана эмес ымыркайлар дагы сезишет.

МАМИЛЕ ТҮЗГҮЛӨ

Бала менен дайыма тыгыз мамиледе болуу, аны угуу, анын эмоцияларын тушүнүү зарыл. Ата-эне менен болгон ишенимдүү мамиле — бул балага баарынан дагы көбүрөөк керек. Мындай жол менен ал дүйнөнү тааныйт, башка адамдар менен өз ара аракеттенишүүнү үйрөнөт жана өзүн тааныйт.

КУРЧАП ТУРГАН ДҮЙНӨНҮ ТААНЫГАНГА ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ

Бала жашоосунун биринчи жылдарында курчап турган чөйрөнү активдүү тааный баштайт. Бул мезгилде ата-эне аны менен көбүрөөк мамиле кылууга, буюмдардын аталышын атоого жана эмнеге арналгандыгын айтып берүүгө, баланын көбүрөөк сүйлөшүнө түрткү берүү менен суроолорду берүүгө тийиш.

УБАКЫТ БӨЛГҮЛӨ

Бала менен сүйлөшкүлө, ойногула жана китеп окугула. Туура тандалган оюнчуктар, биргелешкен таанып-билүүчү оюндар жана китеп окуу куракка жараша баланы тарбиялоодо эн, сонун каражат болот.

КУРЧАП ТУРГАН ДҮЙНӨНҮ ТААНЫГАНГА ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ

Бала жашоосунун биринчи жылдарында курчап турган чөйрөнү активдүү тааный баштайт. Бул мезгилде ата-эне аны менен көбүрөөк мамиле кылууга, буюмдардын аталышын атоого жана эмнеге арналгандыгын айтып берүүгө, баланын көбүрөөк сүйлөшүнө түрткү берүү менен суроолор-ду берүүгө тийиш.

УБАКЫТ БӨЛГҮЛӨ

Бала менен сүйлөшкүлө, ойногула жана китеп окугула. Туура тандалган оюнчуктар, биргелешкен таанып-билүүчү оюндар жана китеп окуу куракка жараша баланы тарбиялоодо эн, сонун каражат болот.

МАКТАГЫЛА

Бала аны баалап жана өз алдынча адам катары кабыл алыша тургандыгын сезиши керек. Бөбөктү ата-энесн кандай гана аракеттери болбосун колдоп жана жасагандары жакшы болгондугун мактап турса, анын өзү-нө болгон ишеними жогорулайт.

ТУУРА ЧЕЧИМ ТАБУУГА ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ

Ата-энелер баланы угууга, кошо кайгыруусун билдирүүгө, анын эмоцияларын түшүнүүгө, жүрүм-турумду багыттоого жана туура чечим табууга жардам берүүгө тийиш.

КООПСУЗ ШАРТТАРДЫ ТҮЗГҮЛӨ

Бала дүйнөнү таанып жатканда дайыма кыймыл-аракетте болот. Үй шарттарында ал жаракат албашы үчүн балага коопсуз шарттарды түзүү абдан маанилүү.

ЧЕК АРАЛАРДЫ ОРНОТКУЛА

Балага эмнени жасаганга боло тургандыгын, ал эми кайсыларга таптакыр тыюу салынарын жеткиликтүү түрдө түшүндүрүү зарыл. Ушул жүрүм-турумду дайыма кармангыла. Бала менен ал аткарууга тийиш болгон жүрүм-турум эрежелери тууралуу макулдашкыла.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18

2 replies »

  1. Баракелде, Темирлан Ажыбекович! патриот сезимдериңиз менен акыл оюңуздун дал келген күчтүү демиңизге дем кошулсун, ден соолукта болуңуз! Элибиздеги ар бир жүрөктү түйшөлтүп келген негизги маселени бир чаппып … Калемиңиз курчуй берсин!

  2. Ааламды багындыра алган вирусту
    Ааламга жете берген ой сезимиң менен
    Дүйнө элинин ички дүйнөсүндөгү
    ой сезимин таба билген ,
    Курч калемин менен болсо да
    Дүйнөнү багындырган вирусту
    Багынта алдың.
    Биз сени менен сыймыктанабыз
    Акылманым.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.