Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс №5

1311

Курч ичеги-карын оорулары

Ичеги ооруларынын козгогучтары жана мите оорулары — бактерия, вирустарды алып жүрүүчү адамдан, таза жуулбаган азыктардан, идиштерге, ашкана буюмдарына түшкөн козгогучтардан жана кир колдор менен тамак-аш жегенде жугат. Курч ичеги-карын ооруларына адамдар жай-күз мезгилинде көп чалдыгышат.

Негизги клиникалык белгилери: чарчоо, жалпы алсыроо, табиттин жоктугу, жүрөк айлануу, куску келиши ыктымал, суткасына 6 жолудан жана андан көп болуучу суюк заңдоо, ич оору пайда болуп, айрым учурда дене табы жогорулап, чыйрыгышы мүмкүн.

Ичеги ооруларынын козгогучтары топуракта, сууда, ар кандай нерселерде: кашык, табак, эшиктин туткалары, эмеректерде, оюнчуктарда көп убакытка чейин жашашы мүмкүн. Микробдор сууктан коркушпайт, бирок жылуу жана нымдуу жерлерде, өзгөчө эт, сүт азыктарында, кисель жана сууда тез көбөйөт.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢЦОО БОРБОРУ ТАМАК-АШТАН УУЛАНУУНУ ЖАНА АЙРЫМ ИЧЕГИ-КАРЫН ИНФЕКЦИЯЛАРЫН АЛДЫН АЛУУ ҮЧҮН ЖҮРҮМ-ТУРУ М ЭРЕЖЕЛЕРИН СУНУШ КЫЛАТ:

• Тамак-ашты даярдоо жана тез бузулуучу азык-түлуктөрду сактоо шарты менен болгон жерлерден, ошондой эле тамак-ашы сертификацияланган, жеке медициналык китепчесинде медициналык кароодон өткөндүгу көрсөтүлгөн адамдардан сатып алыңыз.

• Тез бузулуучу продукцияны сатып алууда даярдалуу жана сакталуу мөөнөтунө көңүл буруңуз.

• Өздүк гигиенаны сактаңыз: колуңузду тамактанаар алдында. тамак даярдоонун алдында, дааратканадан же коомдук жайлардан кайтып келгенде, автоунаалардан түшкөндөн кийин жууңуз.

• Ысытуу менен залалсыздандыруу режимин (азыктын катмарын 70°С чейин 5-6 мүнөт жылытуу) жана даяр тамак-ашты сактоо эрежесин сактаңыз.

• Колдонор алдында жылытуу менен залалсыздандыруудан (үстүнө коюу сорпо куюлуп килкилдеткен тамактар. килкилдектер, салаттар, винегреттер) өтпөгөн, даяр тамак-ашты узак мөөнөткө сактабаңыз.

• Бышырылган жана кайнатылган азыктарга өзүнчө тактайларды колдонуңуз.

• Жашылча-жемиштерди тамакка колдонор алдында шорголоп аккан иче турган суу менен жакшылап жууңуз.

• Тамакты өзгөчө үй-бүлөнүн улгайган адамдары жана балдары үчүн бир эле жолу ичүүгө даярдаңыз.

• Сүт ашканасынан азыктарды сатып алганда, быштак менен сүттү сөзсүз ысытып залалсыздандыруудан өткөрүңүз.

• Бакча өсүмдүктөрүнүн (дарбыз, коон) кесилбеген, бүгүндөрүн сатып алып, жууңуз, анткени жемиштин сырты менен микробдор оңой ташылып келет, алар анын ширелүү жумшак жеринде көбөйүшөт.

• Таза сууну колдонуңуз. Таза суу ичүү үчүн болгондой эле, тамак-аш даярдоо үчүнда маанилүү. Эгерде Сиз суунун сапатынан күмөн санап жатсаңыз, анда сууну тамак-аш азыктарына кошордон мурда кайнатып алыңыз.
Көбүнчө бул оорулар өтө татаалдашпастан эле өтүп кетет жана аларды дарылоо жоготкон суулар менен туздарды толуктоого келип такалат. Эгерде Сизде жогоруда көрсөтүлгөн белгилер пайда болсо, тез аранын ичинде медициналык жардамга кайрылуу зарыл.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18

2 replies »

  1. Баракелде, Темирлан Ажыбекович! патриот сезимдериңиз менен акыл оюңуздун дал келген күчтүү демиңизге дем кошулсун, ден соолукта болуңуз! Элибиздеги ар бир жүрөктү түйшөлтүп келген негизги маселени бир чаппып … Калемиңиз курчуй берсин!

  2. Ааламды багындыра алган вирусту
    Ааламга жете берген ой сезимиң менен
    Дүйнө элинин ички дүйнөсүндөгү
    ой сезимин таба билген ,
    Курч калемин менен болсо да
    Дүйнөнү багындырган вирусту
    Багынта алдың.
    Биз сени менен сыймыктанабыз
    Акылманым.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.