Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс №5

1311

КҮН ЖАНА ЖЫЛУУЛУК СОККУСУ: алдын алуу жана алгачкы жардам

Ошентип аптаптуу июль айы кирип келди. Жай айынын ушул мезгилиндеги ысык аба ырайы бардык курактагы адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, өзгөчө жүрөк-кан тамыр системасынын өнөкөт ооруларынан жабыркаган адамдар, улгайгандар жана балдар жапа чегишет.

ЖЫЛУУЛУК ЖАНА КҮН СОККУСУНУН АЛДЫН АЛУУ:
• түз тийген күн нурларынын алдында азыраак жүрүүгө аракеттенүү
• ачык түстүү, аба өткөрө түрган (пахта, кендир кездеме болсо жакшы) кийим жана баш кийим кийип жүрүү
• суу ичүү режимин аткаруу (суткасына 2,5-5 литрден кем эмес суу ичүү)
• ашыкча тоюп албоо, кычкыл сүт азыктарына артыкчылык берүү
• саат 12.00дөн 16.00гө чейинки күн ачуу тийген убакта, дененин бардык бөлүктөрүн, жабык кийим жана күндөн коргоочу кремдерди сыйпоо, күндөн калкалоочу чатыр пайдалануу менен күн нурларынан коргонуу керек.
• алкоголь ичимдиктерин ичпөө — бул организмдин жалпы начарлашына алып келет
• декоративдик косметиканы колдонууну азайтуу: биздин терибиздин дем алуусу ысыкта күчөйт жана тердейт, ошону менен денебиздин температурасын төмөндөтөт. Теринин көзөнөктөрүнүн бүтөлуп калышы организмдин ашыкча ысып кетишине алып келет.
• мүмкүнчүлүккө жараша — күнүнө бир канча жолу салкын сууга чайкануу
• 25°Сдан жогорку температурада активдүү спорт менен машыгууга болбойт

АЛГАЧКЫ ЖАРДАМ:
• жабыркаган адамды кычкылтек жетиштүү жана нымдуулук деңгээли нормалдуу болгон көлөкө же салкын бөлмөгө алып кируү;
• жапа чеккен адамды сөзсүз жаткыруу;
• моюнунун жана согончогунун астына бир нерсе коюп, башын жана буттарын бир аз көтөрүп коюу;
• сырткы кийимдерин чечүү;
• бейтапка көп өлчөмдө муздак суу ичирүү зарыл, минералдык суу болгону жакшы, чай кашыктын учу менен кант жана туз кошуп койсо болот;
• жабырлануучунун бетин муздак суу менен сүртуп, чекесине жана мойнуна муздак нымдуу кездемени койгула;
• кандай гана кездеме болбосун муздак сууга чылап, аны менен көкүрөккө чапкылоо керек, бүт денесин 20°Сга чейинки жылуулуктагы суу куюп же суу болгон шейшепке орогула;
• башынын, желкесинин астына жана чекесине муздак компресс, муз же муздак бөтөлкө койгула;
• эгерде куса баштаса, сөзсүз бейтаптын дем алуу жолдорун кусундудан тазалап, кырынан жаткыруу керек;
• акыл-эсин жоготуп, дем алуусу бузулган учурда бейтапка нашатырь спиртин жыттатуу зарыл;
• шашылыш учурларда, эстен танганда, тамыры сокпой калганда — дарыгерлерди күтпөгүлө! Дем алуу кыймылдары жана жүрөк ишмердүүлүгү пайда болмоюнча жапа чеккен адамды жасалма дем алдырып жана жүрөгүнө укалоо жасагыла.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

ЭМНЕ ҮЧҮН КАНДЫ КӨБҮНЧӨ АТЫ ЖОК МАНЖАДАН АЛЫШАТ?

• Кандын көбүнчө аты жок манжадан алынышынын себеби, ал сөөмөй жана ортонго караганда азыраак иштейт экен. Анын териси дагы жукараак тартып жана сайганда анчалык катуу оорубайт. Ал эми чыпалактын колдонулбаган себеби, ал баш бармак сыяктуу эле беш манжанын кыртыштарына түздөн-түз байланышкан. Эгерде ал аркыпуу инфекция киргизип ала турган болсо, ал бутүндөй колго тез эле жайылып кетиши мумкүн.

АНТИБИОТИКТЕР КАНДАЙЧА АЧЫЛГАН?

• Антибиотиктер капыстан эле ачылып калган. Александр Флеминг стафилакокк бактериялары бар пробирканы бир канча күнгө калтырып койгон. Анын лабораториясы үчүн көнүмүш болгон башаламандыктан улам пробиркада көк дат грибокторунун колониясы өсүп чыгып жана бактерияларды буза баштаган. Ошентип Флеминг активдүү зат — пенициллинди бөлүп алган.

ЭҢ ЭЛЕ ЖУКА ЖАНА ЭҢ ЭЛЕ КАЛЫҢ ТЕРИ КАЙДА ЖАЙГАШКАН?

• Сиз качандыр бир кезде адамдын денесиндеги эң эле жука жана эң эле калың тери кайда жайгашкандыгы тууралуу ойлонуп көрдүңуз беле? Келиңиз, сиздин жоопторуңуздун тууралыгын текшерип көрөлү:
• Адамдын денесиндеги эң эле жука тери кабакта жайгашкан. Бул жердеги теринин калыңдыгы 0,2мм жакын.
• Ал эми эң калың тери таманыңызда жайгашкан — бул аймактагы теринин калыңдыгы 0,4мм жакын.

ТЕРДИН ЖЫТЫ

• Көрсө тер жыттанбайт экен. Тердин жыты — бул териде жашаган
бактериялар чыгарып жаткан жыт.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18

2 replies »

  1. Баракелде, Темирлан Ажыбекович! патриот сезимдериңиз менен акыл оюңуздун дал келген күчтүү демиңизге дем кошулсун, ден соолукта болуңуз! Элибиздеги ар бир жүрөктү түйшөлтүп келген негизги маселени бир чаппып … Калемиңиз курчуй берсин!

  2. Ааламды багындыра алган вирусту
    Ааламга жете берген ой сезимиң менен
    Дүйнө элинин ички дүйнөсүндөгү
    ой сезимин таба билген ,
    Курч калемин менен болсо да
    Дүйнөнү багындырган вирусту
    Багынта алдың.
    Биз сени менен сыймыктанабыз
    Акылманым.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.