Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс октябрь 2021 №6

1285

БИР КОМПЬЮТЕР, БИР ОТУРГУЧ МЕНЕН АЧЫЛГАН БОРБОР

Сиздер колуңуздарда кармап, окуп жаткан журнал Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун демилгеси менен чыгарылган. Аталган борбор 2001-жылы май айында ачылып, 20 жылдан бери өсүп-өнүгүп келе жатат.

Мен журналист катары бул борборго 2017-жылы келип, алгачкы эмгек жолум башталган. Ал учурда Республикалык ден соолукту чындоо борборунун директору Айтмурзаева Гульмира Ташмурзаевна эле. Гульмира Ташмурзаевна борбордогу биринчи иш күнү тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

Гульмира Айтмурзаева: «Алгачкы иш күнүмдү эстесем. май айлары болуш керек эле. Бул имарат абдан эски болчу, эшик-терезелер эски, бозоргон дубалдар эле. Бир гана директордун кабинетинде стол. отургуч жана бир компъютер бар эле. Аны иштеткенди Надя (ред.- Надежда Новосолева — кадрлар бөлүмүнүн инспектору) гана билчү. Эсимде, жумушка жаңы кадрларды алганда, ошол бир компьютер менен бир отургучту тегеректеп турушчу».
Андан бери борборубуз өнүгүп, Ош облусунда филиалы, ар бир облустарда ден соолукту чындоо адистери келип, кабинеттери ачылды. Бул жылдар аралыгында 200дөн ашуун адис иштеп кеткенин кадрлар бөлүмүнүн инспектору Надежда Новосёлова айтып берди.

Надежда Новосёлова: «Борбор алты адис менен ачылып, азыр 60 тан ашуун адис бар. Бизде иштеп кеткен кадрлардын арасында чоң борборлорго директор болгондор, эл аралык фонддорго, мамлекеттик эмес уюмдарга которулуп кеткендер болгон. Алар үчүн борбор — эң жакшы мектеп болду деп эсептейм».

ДАРЫГЕРЛЕР ЖАНА АДИСТЕР

ТЕХНИКАЛЫК ПЕРСОНАЛ

Республикалык ден соолукту чыўдоо борборуна 2019-жылы массалык коммуникация деген аталышы кошулуп, масштабдуу иштерди алып бара баштады. Борборду башкарууга директор Алтымышева Нурила Алмазбековна келсе, анын орун басары Шейшеева Нуржамал Асанбековна жакшы жаңылыктарды киргизүүгө жетишкен.

Нуржамал Шейшеева: «Алгач катардагы адис-санитардык дарыгер болуп ишке кирип, кийин директордун орун басары болдум. Ачыгын айтканда, бул борбордон көп нерсе үйрөнүүгө болот. Эң кызыгы биз медициналык кызматкерлер менен калктын ортосунда «көпүрө» болуп калдык. Медициналык кызматкерлерге эл менен баарлашуу тууралуу сабак өтсөк, жөнөкөй калкка ооруну алдын алууну окутабыз».
Борбор 20 жыл ичинде — аздыр-көптүр аты чыгып, жакшы ийгиликтерге жетишип, мыкты адистерди тарбиялай алды.
Баяндаган Алия НАЗЫМОВА

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.