Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс октябрь 2021 №6

1285

Областка координатор болуу — чоң жоопкерчилик

Журналыбыздын ар бир санында областтардагы координаторлор менен аек куруп келебиз. Бул
саныбызда кезекти Саламаттык сактоо
министрлигинин Талас областындагы координатору Айжамал Шамбетовага берип, аймактагы абал жөнүндө маалымат алдык.

— Алгач, иишңиз гпууралуу сөз кылалы. Областка координатор болуу канчалык жоопкерчалактүү?

— Областка координатор болуу өтө чоң жоопкерчилик. Координатор бул жергиликтүү бийликтин, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, дарыгерлер, саламаттык сактоо мекемелеринин ортосунда «көпүрө» болуп жүрөт.

Үстүбүздөгү жыл дагы аяктап баратат. Ушул жылга карата коюлган пландар ишке аштыбы? Кандай жетишкендиктер бар?

2021-жылга карата пландарыбыз көп. Мисалы, Талас районунун Көк-Ой айылындагы капиталдык ремонттон өткөн корпустун жабдуулары толугу менен бөлүнүп, бүткөрүлгөн эмес. Акыркы кварталда чечилип калса жакшы болот эле. Ошондой эле СОУЮ-19 пандемиясына байланыштуу медициналык кеңешмелер мурдагыдай тез-тез өткөрүлбөй калды. Мунун баары саламаттык сактоо системасындагы көрсөткүчтөргө терс таасирин тийгизип жатат. Отурумдарды кайра жандандыруу максатыбыз бар.

-Коронавируска каршы эмдөө боюнча Талас обласгпында абал кандай?


-Талас областында эпидемиологиялык абал бүгүнкү күндө туруктуу: коронавирус башталгандан бери 3855 адам ооруду, алардын ичинен 1782 адам пневмония, 2073 адам СОУЮ-19 менен ооругандар. Эмдөөнүн деңгээли 42,2 %га жетти (маалымат 20-сентябрга карата алынган). Негизи пандемия учурунда инфекциялык көзөмөл абдан маанилүү экенин толугу менен түшүндүк. Талас областы боюнча саламаттык сактоо кызматкерлери пандемия учүрунда эң аз оорушту.

-Мекемедеги жаш кадрлар жөнүндө ашпа кешсеңиз.

-Мекемелерибизде кадр жетишсиздиги өтө көйгөйлүү маселе. Жаш кадрлардын көпчүлүгү Бишкекте иштеп калышат. Эгерде бизге келген жаш кадрлар болсо, аларды алып калганга аракет кылабыз. Жаштарды жетекчинин орун басары кылып, «бышырып» жатабыз.

Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Алдыда чоң пландар бар. Эгерде пандемия токтосо, Талас облусундагы мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо. Көп мекемелерге оңдоо иштери жүргүзүлүшү керек. Лабораториялык жабдууларды алуу керек. Андан кийин кадрларды тартуу, медициналык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу үчүн иш алып баруу керек.

— Өзүңүз тууралуу айтыпберсеңиз.

— Мен өзүм Талас облусундаты Бакай-Ата районунун кызы болом, бир кыз, эки уулдун энесимин. Мен тилек кылып күткөнүм менен балдарымдын бирөөсү дагы менин кесибимди тандаган жок.

Биздин менталитетте аял киишни үй кожойкесинин ролунда көрүшөт. Ийгиликке жетүү үчүн эмне кылуу керек жана кимдин колдоосу керек?

-Албетте, аял кишиге колдоо сөзсүз керек. Алгач өзүнүн ата-энеси, бир туугандары убагында көңүл бөлүп, колдоп, окуп, билим алуусуна жардам бериши керек деп ойлойм. Анан турмушка чыккандан кийин, жолдошунун колдоосу керек. Өзүм тууралуу айта турган болсом, мага ата-энемдин жана өмүрлүк жолдошумдун колдоосу күч-кубат берди. Мындан улам мен үч дипломго ээ болдум, учурдагы бийиктикке жетиштим деп эсептейм.

— Журналдын окурмандарына каалоо-тилектериңиз

Окурмандарга эң биринчи — бекем ден соолук каалайм. Ушул оорудан аман-эсен чыгып алалы. «Сактансаң сактайм» демекчи, алгач эмдөө боюнча кампанияны колдоп, эмдөөдөн өтүп, ден соолугубузга жоопкерчилик менен мамиле жасоого чакырам.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.