Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс октябрь 2021 №6

1293

Г Е Р П Е С

Эринге чыккан «учук» бардыгына эле белгилүү. Суук тийип сезгенгенде же катуу кыжырланганда, ошол замат жагымсыз жарчы пайда болот — эриндин кайсы бир жери сайгылаша баштайт.

Жөнөкөй герпестин вирусу адамдардын 95%да бар. Алардын ичинен айрымдары гана ага туруштук берет, анын себеби ушул кезге чейин белгисиз.

Вирус адамдын организмине кичине бала чагында: эне тарабынан ымыркайга өткөн герпестин вирусуна каршы антителолор азайып бугкөндө, 3-4 жашында кирет. Көбүнчө вирус инфекцияны алып жүруүчүлөр баланы өпкөн учурда жугат. Өпкөндөн тышкары вирус организмге шилекей аркылуу кириши мүмкүн. Ал былжыр челге кирип, нервдин үчтарына чейин жетет да, ал жерде үч катар ганглия деп аталган нервдердин чатышына «жашынат» жана кайтадан активдешкенге чейин «уктап» турат.

К Е Ң Е Ш Т Е Р

♦ Жеке гигиена эрежелерин так аткаргыла! Герпес жугуштуу болгондуктан колду самындап жууп, өзүнчө идиш-аяк жана сүлгү колдонгула.

♦ Колуңар менен көзүңөрдү карма-лабагыла! Ошондой эле линзаны шилекейлебегиле! Герпес көздүн былжыр челин жабыркатышы мүмкүн.

♦ Вирустан улам пайда болгон бүдүрчөлөрдү кармалоо, өбүшүү сунушталбайт. Вирус бир ооз боёгучту чогуу колдонууда же бир тамекини чогуу тартканда жугушу ыктымал.

♦ Эгерде жаранын үстүндөгү ыйлаакчаны же картты сыйрууга аракеттене турган болсо, вирус дененин башка жерлерине жайылышы мүмкүн.

♦ Жабыркаган эриндеги вирус жубайында гениталдык герпестин пайда болушуна себепчи болушу мүмкүн.

♦ Жаш энелер дагы баланы герпестин жугуп калышынан коргоо үчүн белгилүү бир сактык чараларын аткарууга тийиш. Эгерде сизде герпес бүдүрчөлөрү бар болсо, балага кам көрүүнүн алдында дайыма колду самындап жууш керек. Ошондой эле баланын терисине жабыркаган жерди тийгизбегиле.

#Герпес

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.