Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс октябрь 2021 №6

1285

АДИСТИН КЕҢЕШИ

Териге туура кам көрүү

Республикалык тери венерологиялык борборунун жогорку категориядагы дарыгери Гулькайыр Рысалиева

КАНТИП ООРУНУН АЛДЫН АЛСА БОЛОТ?

Теринин жугуштуу ооруларын (котур, пиодермия, микозду) жуктурбоо үчүн өздүк гигиена эрежелерин туура сактоо, башкалардын кийимин, тиричилик буюмдарын колдонбоо керек. Теринин жабыркаган жерин тазалоо зарыл.

Күндүн ысыганда тери нымдуулугун жоготуп, кургай баштайт. Андыктан териге жаккан нымдоочу майларды колдонуу керек. Күндүн ультра кызгылт (УФ) нурларынын астында узак убакыт болуу териге терс таасирин тийгизет. Сепкил, кара тактар, бырыштар түшөт. Күндүн А типтеги нурлары теринин рак оорусуна алып келет. Ошондуктан, сыртка чыгарда күндөн коргоочу бет майларды (SPF) сүйкөп чыгып, шляпа, күңүрт көз айнек татынуу зарыл.

Күн ачуу тийген мезгилдерде дененин ачык жерлеринде (моюн, бет, колдордо) фотоконтакттуу дерматит оорусу пайда болот. Абанын температурасы көтөрүлгөндө теринин май бездеринин иштеши жогорулайт да тери майланышып калат. Майдан арылтабыз деп спирттелген салфеткаларды, лосьонду колдонууга болбойт, себеби алар бездерге агрессивдүү таасир тийгизип, сезгендирип коёт да тери кызарып, безетки пайда болот.

ТЕРИГЕ КАМ КӨРҮҮНҮ ЭРТЕ БАШТОО КЕРЕК:

-Териге керектуү витаминдерди (А, С, РР) ичүү
-Жайында сууну көп өлчөмдө ичүү
-Контрасттык душ (кан тамырларды бекемдейт)
-Терини таза кармоо (жуунуп-тазалануу, жараланган жерлерди дарылоо зарыл (инфекция кирбеши үчүн).
-Теринин кургап калышына жол бербөө (эки маал нымдоочу кремдерди колдонуу). Мына ошондо тери бекем, жумшак жана назик болот.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.