Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс октябрь 2021 №6

1293

КҮЗГҮ АЗЫКТАРДАН ПАЙДАЛУУ МАСКАЛАР

Алмурут маскасы

Бул маска терини серпилгич, жылмакай кылат. Рецеби жөнөкөй: бышкан алмурутту жакшылап эзип туруп бетиңизге коюп 20 мүнөт жатасыз.
Андан кийин жылуу суу менен жууп саласыз. Безеткиден жапа чеккендер да ушул масканы колдонсо болот. Күн алыс 10 жолу койгондон кийин бетиңизде бир да безетки калбайт.

Банан маскасы

Банандын курамында терини картайтпай турган витаминдердин, микроэлементтердин топтому бар. Мындан маска жасоо үчүн жарым бананды эзип, ага 2 чоң кашык каймак кошосуз. Каймактын ордуна айран кошсоңуз да болот. Аралашманы бетиңизге коюп 15 мүнөт жатасыз. Андан кийин жууп саласыз.

Сабиз маскасы

Сабиздеги витаминдер беттин жагымдуу түсүн калыбына келтирип, терини жашартат. Сабизди кыргычтан өткөрүп, калың кылып бетиңизге жабасыз. 15 мүнөттөн кийин жүүп саласыз.

Ашкабак маскасы

Ашкабак маскасы бет терисин витаминдер менен камсыз кылат, азыктандырат жана тазалайт. Мындай масканы тазалоо үчүн ашкабак-тын кабыгын аарчып, кыргычтан өткөрөсүз. Ага 1 чай кашык бал менен 1 жумүртканын сарысын кошуп аралаштырасыз. Пайда болгон аралашманы бетиңизге коюп, 10-15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп саласыз.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.