Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс октябрь 2021 №6

1292

Эркек саламаттыгын сактоо дайыма актуалдуу, ал эркек жана аялдын ортосундагы мамилелер, дени сак балдардын төрөлүшү, бекем никенин негизи болуп саналат. Көпчүлүк эркектер өз ден соолугуна көз салуу керектиги тууралуу жыныс системасынын ооруларынын симптомдору пайда болгонго чейин ойлонушпайт.

ЭРКЕК САЛАМАТТЫГЫ

Простатит — эркектин жыныс безинин сезгениши. Ар кандай маалыматтарга караганда 25 жаштан жогорку курактаты эркектердин 20дан 80%га чейинкилери простатиттен жапа чегишет. Акыркы мезгилдерде ушул оорунун көбөйүшү байкалууда.

Простатиттин келип чыгуу себептери заара жыныс системасындаты ооруп айыккан оорулар, инфекциянын кан аркылуу киришинин жыйынтыгында бактериялар, вирустар, микоплазмозалар ж.6. сыяктуу микроорганизмдер тарабынан пайда болгон организмдин сезгенген оорулары.

ЗААРА-ТУКУМ СИСТЕМАСЫНЫН ООРУЛАРЫНЫН ӨӨРЧҮҮ ТОБОКЕЛЧИЛИГИ ТӨМӨНДӨГҮЛӨРДҮН ЭСЕБИНЕН КӨБӨЙӨТ:

• үшүп калуу;
• жыныс мүчөсүнүн жаракаты:
• зааранын таш оорулары: таш же кум заара чыгаруу жолдору аркылуу өтүп бара жаткаида анын капталдарын жаралантат;
• жыныс өнөктөштөрүнүн көп болушу;
•диетадагы катачылыктар: ачуу, кычкыл, туздуу, маринаддалган тамак-аш жб. көп өлчөмдө пайдалануу;
• ичимдикти ашыкча ичүү;
• сууну жетишсиз колдонуу;
• заара ушатуу режиминин үзгүлтүккө учурашы. Эгерде тыныгуу бир канча саатты түзсө, анда оорунун өнүгүү тобокелчилиги жогорулайт;
• өнөкөт сезгенген оорулар;
• аз кыймылдоо же көбүнчө отуруп иштөө

ООРУКАНДАЙЧА ПАЙДА БОЛОТ?

Көбүнчө оору симптомдорсуз же клиникалык көрүнушу жок өтөт.
• Алгач ооруткан, кыйынчылык менен чыккан заара ушатуу байкалат, табарсыкты бошотууга улам-улам каалоо айрыкча түнкүсүн келип чыгат. Андан кийин алаада, чаткаякта, арткы тешик тарапта, заңдоо учурунда оорутуу пайда болот. Ооругуу куймулчакка, жыныс мүчөсүнө, жумурткалыктарга өтүшү мүмкүн. Сексуалдык функция бузулат, уруктуктун түшүүсүндө көйгөйлөр келип чыгат (консистенциясы жана саны өзгөрөт).

• Адатта эркектер өздөрүнүн көйгөйлөрү тууралуу айтуудан уялышат жана дарыгерге күчөп кеткен баскычтарында гана кайрылышат. Эгерде дарылоо жүргүзүлбөсө же эркек өз алдынча дарылоо менен алектенсе, анда абал начарлайт.

• Убакыттын өтүшүменен аягына чейин дарыланбаган же күчөп кеткен простатит бүгүндөй бир катар татаалдашууларды пайда кылышы мүмкүн, алардын айрымдары абдан олуттуу.

• Простатиттердин көп кездешкен татаалдашуулары урук ыйлаакчала-рынын, жумурткалыктардын жана алардын коштондуларынын сезгенүүсү, урук чыктагыч бездин склерозу болуп саналат, алар тукумсуздукка алып келиши ыктымал.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.