Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс октябрь 2021 №6

1285

БООР

Печень – это фильтр и фабрика нашего тела. Если он заболевает, заражаются и другие органы. Чтобы этого не произошло, нужно хорошо питаться и регулярно чистить печень. Основной функцией печени является переработка желчи и фильтрация крови. Он очищает кровь 400 раз в день. Нейтрализует все вредные вещества (токсины, бактерии, вирусы, нитраты и др.) в крови.

БООРДУ ТАЗАЛОО ЖОЛДОРУ

КЕЙРАН И МЕД

Эртең менен ачкарын 200 грамм айранга 1 аш кашык бал кошуп ичүү кажет. Ошону менен саат 11ге чейин тамак ичпөө зарыл. Муну 10 күн кайталап, анан 10 күн эс алып, кайра баштай берсе болот.

СУЛУНУН КАЙНАТМАСЫ

Кечинде 1 стакан сулуну сырдалган идишке салып. 1 литр кайнаган сууга чылап коёбуз. Эртең менен ал идишти ысык суу куюлган башка идишти мискейге салып 1 саат кайнатабыз. Анан мүздатып, сүзүп алабыз. Сүзгөндө сүлүнүн кайнатмасы 1 литрден азаят. Андыктан түндурма 1 литр болгүдай кылып үстүнө кайнаган суу кошобуз. Анан 5 маал 150 граммдан ичилет. Рецепт 16 жаштан жогоркуларга сунушталат.

ШИРЕ ЖАНА СОРБИТ

Боорго зыяндуу заттар толо баштаганда көпчүлүк адамдардын териси, айрыкча кол-буту кычышып баштайт, тери кургайт. Демек, боорду тазалоо кажет. Бул ыкма ичине 3 баскычты камтып, боор менен кошо өт жолдорун да тазалайт. 1 жылда 2 ирет колдонсо жакшы.

1- баскыч. 3 күнгө созулат жана диета кармоо менен жашылча-жемиш ширелери ичилет. Бир күндө 1-1,5 литр.

Диетада тамак 4 маал аз-аздан ичилет. Жалаң кайнатма тамактар сунушталат. Коёндун, музоонун, канаттуулардын этин сууга бышырып жесе болот. Перловка, гречка боткосун жесе, организмден уулардын чыгышын шарттайт. Жашылча-жемиштерди, өзгөчө капуста, кызылча, ашкабакты тамакка көп колдонсо, ичегилер да тазалана берет. Ун азыктарын чектеп, таттуу, ышталган, куурулган, туздалган азыктарды жебеш керек.

2- баскыч. Шире ичүү токтойт, бирок диета кармоо дагы 7 күнгө созулат.

3- баскыч. 7 күндөн кийин бизге сорбит (жасалма кант, кант диабети менен ооругандар колдонот) же магний сульфаты керектелет. Магний сульфаты өт айдоочу жана ичти өткөрүүчү каражат. Эртең менен эрте ачкарын экөөнүн биринен 1 аш кашык алып. аны 100 грамм жылуу сууга кошуп ичүү кажет. Анан жылуу төшөккө жатып, боордун тушуна 2 сааттай жылуу грелка басуу кажет. Анткени жылуүдан өт жолдору кеңейет да, жакшы тазаланат. Анын үстүнө эгер магний сульфатын ичсеңиз, ал чыйрыктырат, грелка ушул үчүн да керек.

Эгерде грелка жок болсо, анда желим бөтөлкөгө жылуу суу куюп колдонсо болот.

Бул ыкма 1 гана жолу колдонулат.
Кааласаңыз үч баскыч бүткөндөн кийин боорду жашартуучу дарылардын бирин иче баштасаңыз болот. Аны дарыгер менен кеңешүү абзел.

ЭСКЕРТҮҮ:

Боорунда, өтүндө, бөйрөгүндө жана табарсыгында ташы барларга бул ыкма болбойт. Колдонулган каражаттардын таасиринен улам кокус таш жылып кетип, өт жолдорун тосуп калса, карышуу, түйүлүү келип чыгат. Өмүргө коркунуч келиши дагы мүмкүн.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.